«КУМТӨРДҮ» ЖАПСАК, ЭКОНОМИКАНЫ ЖОГОТОБУЗ

Бул маселе көкөйгө көк талкандай тийип бүттү. Бирок биротоло чечилмейин талкуулоо абзел. Жагдайдын маӊызы өкмөт менен парламент «Кумтөр» ишканасынын андан ары алтын өндүрүүнү улантуусу үчүн Суу кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча бир бүтүмгө келе албай жатканында.

Оӊдоолорду киргизүүнүн каршылаштары «Кумтөргө» мөӊгүлөргө таасир этүүгө уруксат берүү экологиялык катастрофага алып келет» дешүүдө. Бирок ал «эксперттер» демейде экология же мөӊгүлөрдө жана андай кадамдын экономикалык кесепети тууралуу эч нерсе түшүнбөй туруп саясий ураандарды гана калчашат. Мындан улам алар Кыргызстанда эртеӊ жашабай тургандай бул чечимдин терс жактарын кабыл албагандай сезилет.
Андыктан бул жааттагы чыныгы эксперттердин пикирин тыӊшасак. Эмгек сиӊирген геолог, тармактын белгилүү инсаны Кадырбек Какитаев башка эксперттердей эле «Кумтөрдүн» мөӊгүлөргө таасири бар экенин айтат.
– Бирок, кулак төшөсөӊөр, ал таасир айрымдар сүрөттөп же элестетип жаткандай катастрофалык эмес. Кыргызстандын мөӊгүлөрү «Кумтөргө» чейин эле эрип жаткан. Жалпы дүйнөдө глобалдык жылуулануу жүрүп жатат, ал Жер шарындагы бардык мөӊгүлөргө таасир этүүдө. Анда да «Кумтөр» күнөөлүүбү? Жок, албетте, андай эмес. Андыктан бул экология же экономиканын эмес, саясаттын маселеси.
Эксперттин айтымында, эгерде «Кумтөрдү» токтотсок, андан эч ким утпайт. «Өндүрүштүн токтобой иштешин камсыздоо керек. Бардык суроолорду макулдашып чечүү эмнеге кечигип жатканы түшүнүксүз. Эгерде «Кумтөр» жабылса, экологиялык жана экономикалык терс кесепеттери болорун ачык түшүнүү шарт. Тоо-кен тармагына келейин деп турган башка инвесторлор абалды баамдап туруп Кыргызстан менен кызматташуудан баш тартышат»,- деп Какитаев маселенин кандай нукта өнүгөрүн айтты.
Андан сырткары анын пикиринде тоо-кен өндүрүшүндөгү азыр иштеп жаткан инвестициялык долбоорлор кошо жабылышы мүмкүн.
Окурмандардын эсине салсак, өкмөт менен парламент Суу кодексин 2015-жылдын соӊуна чейин карап чыгып, бир чечимге келип чекит коёрун убада кылышкан. Ал аткарылбаса, 1-январдан тарта ишкана токтоп калышы мүмкүн.
«Кумтөр» өлкөбүздөгү жалгыз, көзгө басар бюджет түптөөчү ишкана экенин эске салсак ашыкча болбос. Анын токтошу менен бүтүндөй өлкөнүн экономикасы «комага» түшүп калышы мүмкүн. Бир апта мурда ишкананын айрым кызматкерлери машина жана турак жай сатып алууга алган насыяларын төлөө үчүн айлыктарын 50 пайызга жогорулатууну талап кылып чыгышкан. Ишкана жабылып калса, алар ачкадан өлбөстүн амалы үчүн өкмөттөн эптеп бир айлык сурап калышы мүмкүн.

Абай Алыкулов

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 686, 25-декабрь-31-декабрь, 2015-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан