БАЙЛАНЫШ ОПЕРАТОРЛОРУ САЛЫК КЫЗМАТЫ МЕНЕН ЭМНЕГЕ СОТТОШУУДА?

2015-жыл Кыргызстандагы уюлдук операторлор менен интернет-провайдерлер үчүн оӊойго турган жок. Салык кызматы тууралуу мыйзамга киргизилген өзгөртүүлөр бир нече соттук териштирүүлөргө өбөлгө болду. Капыстан салына турган салыктар миллиондогон долларларды чапчый турганы божомолдонуп, ири компаниялардын ишине жана өлкөнүн маалымат коопсуздугуна коркунуч жаралууда. Телебайланыш тармагынын өкүлдөрү эмнеге нааразы болуп жатат? Байланыш операторлору Салык кызматы менен эмнеге соттошууда? Мунун кесепети эл аралык чалуулар менен интернеттин кымбаттоосуна алып келбейби? Биз ушул суроолорду талдап көрдүк.

КОШУМЧА НАРК САЛЫГЫ ТӨЛӨНҮШҮ КЕРЕКПИ?
Роуминг, түйүндөр аралык байланыш (интерконнект), эл аралык транзит каттамындагы кызмат көрсөтүү акысына салыктын көбөйүшүнөн улам да талаштуу жагдай пайда болду.
Мыйзам боюнча 2012-жылдын октябрына чейин кызмат көрсөтүү акысы үчүн кошумча нарк салыгы салынчу эмес. Бирок 2012-жылдын 6-октябрында Жогорку Кеӊеш аны жокко чыгарды. Бул аракет операторлордун нааразылыгын жаратып, алар тейлөө акысынын баасы тууралуу эл аралык тажрыйбага, Электр байланыш боюнча эл аралык биримдиктин эрежелерине кайчы келерин айтып чыгышты.
Телебайланыш компаниялары Экономика жана Каржы министрлигине кайрылышып, ал жактан «Кыргызстан 1994-жылдан бери Электр байланыш боюнча эл аралык биримдикке мүчө болгондуктан анын эрежелерин аткарууга тийиш. Роуминг, түйүндөр аралык байланыш, эл аралык транзит каттамындагы кызмат көрсөтүү акысы үчүн салык алынбашы керек» деген жооп алышкан. Каржы министрлиги парламенттин экономика жана фискалдык саясат комитети да ушундай эле көз карашта экенин белгилеген болчу. Ал эми Тышкы иштер министрлиги 2013-жылдын мартында Кыргызстандын аталган эл аралык уюмга мүчө экенин тастыктап, эрежелердин сакталуусу тийиш экенин кайталаган.
Туура эки жыл мурун 2014-жылдын октябрына чейин мындай жобо баарын, анын ичинде Салык кызматын канааттандырып турса, өткөн жылдын күз айларында Улуттук коопсуздук комитетинин Коррупцияга каршы күрөшүү кызматы менен бирге мамлекеттик казынаны байланыш операторлорунун эсебинен толтурууну сунуштап, натыйжада пландан сырт текшерүүлөр жүргүзүлө баштады. Роуминг менен түйүн аралык байланыш жана эл аралык транзит трафигинен пайда түшөрү эске алынып, кошумча нарк салыгынан 2 жылда бир нече миллион доллар түшөт деп эсептелди. Бул жерден алдын ала максат кылынбаган төлөмдөр азыркы каатчылыктын шартында бизнеске катуу сокку урарын түшүнүү абзел.
Бирок өздөрүнүн демилгесин ишке ашыруу, далилдөө үчүн Салык кызматы туура эмес маалымат жарыялап, Кыргызстан Электр байланыш боюнча эл аралык биримдиктин мүчөсү болбогонун, андыктан анын эрежелери менен жашоо кажетсиз экенин билдирди. Акыйкаттык үчүн аталган мекеменин билдирүүсү негизсиз экенин айтып коюшубуз керек. Анткени тиешелүү мамлекеттик органдар да өлкө жогорудагы эл аралык уюмдун курамында экенин ырастап, мүчөлүк төлөмдү төлөп, жыйындарына делегацияларын жөнөтүп келген биримдиктен баш тартуу аша чапкандыкка жатат деген баасын беришкен. Тилекке каршы, мындай көз караш да абалды оӊ жакка өзгөртө алган жок. Талаш-тартыш соттук териштирүүлөргө чейин жетти.
Эми Экономика министрлиги кайсы тарап туура экенин билдирип коюу тууралуу байланышчылардын өтүнүчүнө жооп берүүдөн баш тартып, буга чейин түшүндүрмө берилгенин айтып кутулду.
Ошондон кийин «Sky Mobile» (Beeline), «Нур Телеком» ( О! уюлдук оператору), «ЭлКат» жана «Сайма Телеком» компаниялары Салык кызматынын үстүнөн сотко кайрылып, кошумча нарк салыгынын жогорулашын жокко чыгарууну талап кылууда.
«Альфа Телеком» (MegaCom) жабык акционердик коому жана «Кыргызтелеком» ишканасы чындыкты издебей эле Салык кызматы киргизген жаӊы эрежелер менен жашап жатат. Себеби аталган ишканалар толук болбосо да мамлекеттин карамагында экени белгилүү. Алар салык болбосо да дивиденд түрүндө миллиондогон акчаны баары бир казынага төкмөк. Булар үчүн Салык кызматынын чечиминен эч нерсе деле өзгөрбөй турганы жашыруун эмес.
Ал эми бул чечимге макул болбогон уюлдук компаниялардын биринин доо-арызы быйыл күздө сотто каралды. Анда Кыргызстан Электр байланыш боюнча эл аралык биримдиктин мүчөсү эместигин далилдөө маселеси каралып, Бишкек шаарынын район аралык соту Салык кызматынын пайдасына чечим чыгарды. Иштин оӊ жакка чечилишине кызыкдар болгон УКМКнын Коррупцияга каршы күрөшүү кызматынын өкүлдөрү да териштирүүлөргө катышкандыктан бул өкүм күтүлгөн эле болчу.
Ал эми 1994-жылдан тартып Кыргызстандагы байланыш операторлору Электр байланыш боюнча эл аралык биримдиктин жобосуна таянуу менен иштеп келгенин эске алсак, сот өкүмү нааразылык жаратпай койгон жок.
Быйыл октябрда Байланыш операторлор бирлиги президент менен өкмөткө кайрылууга аргасыз болду. Жыйынтыгында президенттин аппаратында Каржы, Экономика, Тышкы иштер, Унаа жана байланыш министрликтеринин, Салык кызматынын жана Байланыш операторлор бирлигинин өкүлдөрүнүн катышуусунда жыйын өттү. Анын соӊунда Кыргызстандын Электр байланыш боюнча эл аралык биримдиктин мүчөсү экени тастыкталып, анын уставы, конвенция жана эрежелерин аткарууга өлкө милдеттүү деген бүтүм кабыл алынды.
Алдыда дагы бир чечиле элек маселе калды. Анткени Бишкек райондор аралык соттун чечиминин үстүнөн жогорку инстанцияга кайрылуу жолдонгон. Сот эми кандай өкүм чыгара турганы азырынча белгисиз.

ОЙЛОНУЛБАГАН КАДАМ ООР ЗАЛАКАЛАРГА АЛЫП КЕЛЕТ
Байланыш операторлор бирлигинин аткаруучу директору Нурбек Абасканов Салык кызматынын мындай мамилесине тынчсызданууда. «Эл аралык келишимдерди колдонуу бирдей болушу керек. Чет элдик өнөктөштөр, анын ичинде Евразия экономикалык биримдигинин мүчөлөрү кош салыктан арылуу тууралуу эл аралык келишимдерди аткарып, эч кандай кыйыр төлөм төлөткөн жок. Премьер-министр Темир Сариев 2015-жылдын 30-октябрында Душанбе шаарында КМШнын эл аралык электр байланыш тармагындагы операторлорунун ортосундагы тейлөө эсеп-кысаптары жөнүндө макулдашууга кол коюп жатып, Кыргызстан бардык жоболорду сактайт деген позициясын билдирген. Бирок аны Салык кызматы көз жаздымда калтырууда»,- дейт Абасканов.
Электр байланыш боюнча эл аралык биримдиктин жобосунда салык салууга жеӊилдик берилбейт, болгону кош салык төлөөгө жол бербөө максатында кыйыр салык тартиби жазылганын эскерте кетели. Бул жерден маселенин маӊызына да кайрылалы.
Ички роуминг кызматын колдонгон абонент Кыргызстандан сыртка чыкса деле ошол эле номур аркылуу байланыш менен камсыздалат. Ал эми тейлөөнү абонент барган чет мамлекеттеги оператор жүргүзөт. Демек, тейлөө кызматы Кыргызстандан тышкаркы аймакта жүргүзүлүп жаткандыктан өлкө мыйзамына ылайык кошумча нарк салыгы алынбоого тийиш. Бирок роуминг кызматы үчүн кардар кыргызстандык операторго акы төлөп жаткандыктан Электр байланыш боюнча эл аралык биримдиктин эрежесинин негизинде операторлор анын эсебинен Кыргызстандын казынасына салык төгөт.
Чет элдиктер үчүн роуминг кызматында чет элдик жарандар Кыргызстанда жүрүп өз номурларын пайдалана алышат. Алар өз өлкөсүндөгү операторго акы берип, кыйыр салык төлөшөт. Интерконнект кызматында да эл аралык тиешелүү эрежелер менен иш жүргүзүлөт.
Кыргызстан Евразия экономикалык биримдигинин курамына кирип, уюмдун бардык мүчөлөрү жогорудагы жоболорго баш ийип жаткан чакта, Кыргызстандын Салык кызматынын ага көӊүл бурбай жатканы таӊ калычтуу. Ошол эле маалда мекеменин Кыргызстан Электр байланыш боюнча эл аралык биримдикке мүчө эмес деген билдирүүсүнүн кесепеттерин тереӊ ойлонбогону өкүнүчтүү болууда. Аталган уюм радиожыштыктарды бөлүштүрүү менен алектенет. Ойлонулбай ташталган кадамдан улам анын курамынан чыгуу биздин мамлекеттин маалымат коопсуздугуна да оор залакасын тийгизери турган иш.

САЛЫКТЫН ДАГЫ БИР ТҮРҮ АЧЫККА ЧЫКТЫ
Жергиликтүү провайдерлердин баары интернетти Казакстандан же ал өлкө аркылуу алат. Ал эми казак жана кыргыз интернетин туташтырган түйүн чек арага жакын жайгашкан. Ушул кезге чейин провайдерлердин бир дагы бул түйүн коӊшулар менен чек аранын кайсы жеринде орун алганын билген эмес эле. Быйыл Салык кызматы күтүүсүз ачылыш жасап, эгерде түйүндөр кыргыз тарапка өтүп, тактап айтканда, казактардын оптикалык өткөргүчү биздин аймакка кирип кетсе, интернет чет элдик компания тарабынан жеткирилип жаткан деп саналарын жарыялады. Муну менен элди дүйнөлүк желе менен камсыздаган ата мекендик провайдерлер дагы бир резиденттик эмес салыкты төлөшү керек болуп калары ачыкка чыкты.
Мамлекеттик салык кызматы буга тиешелүү кодекстин 222-беренесин жүйө катары кармап жатат. Анын негизинде салыкчылар казакстандык провайдерди чет элдик компания катары карап, кыргызстандык фирманы коӊшу мамлекеттен интернет алган «киреше булагы» деп эсептөөдө. Эгерде аталган мекеменин ою жүзөгө ашса, интернет жеткиргени үчүн казактарга төлөнгөн сумманын 5 пайызы салык катары кармалат. Мындайча айтканда, интернет үчүн Казакстанга 100 сом төлөнүп, дагы 5 сомун салыкка төгүш керек болот. Кыргызстандык байланышчылар жана эл мындан олуттуу зыян тартары шексиз.
Ошондуктан алардын ар бири көйгөйдү өз алдынча чечүүгө мажбур болот. Маселен, айрымдары коӊшулар менен түзүлгөн келишимди өзгөртүп, интернетти туташтырган түйүндү Казакстандын аймагына өткөрүү аракетинде. Кыскасын айтканда, Салык кодексине өзгөртүү киргизип жаткандар өз кызыкчылыгын көздөп, башкалардын оюн эске албастан, пайда табууну гана максат кылып жаткандай туюлууда.
Байланыш операторлор бирлигинин аткаруучу директору Нурбек Абасканов бүгүнкү күндө Салык кызматы өзүнө кош салык төлөбөө тууралуу өлкөлөр аралык келишимдер менен иштеген бардык компанияларга каалаган күнү салык салып коё ала тургандай шарт түзүп алганын айтууда. Анын баамында мындай абал учурдагы жана болочоктогу ишенимдүү инвесторлорго да терс таасирин тийгизиши толук ыктымал.

Ибрагим Жусуев

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 686, 25-декабрь-31-декабрь, 2015-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан