Банктардан насыя алуунун жол-жоболорун билбеген жарандарыбыздын саны арбын. Буга чейин насыя алуу боюнча окурмандардын суроолоруна банк адисинен жооп алып бергенбиз. Окурмандардан дагы да көптөгөн суроолор түшүп, аларга "Бакай Банк" АККсынын насыя берүү бөлүмүнүн адиси ГҮЛШАЙЫР МАМАТОВА жооп берет.
– Балама машина алып берейин дегем. Жетиштүү акча болбой жатат. Автонасыя алыш үчүн алдын ала пайыз төлөймбү? Шарттарын айтып койсоӊуздар.
Мирлан, Чүй.