Сиздердин сурооңуздарга Бишкектеги «НАСА» юридикалык корпорациясынын башкы директору Нурбек Абдалиев жооп берет.
– Сот аткаруучулар үй-мүлктү төлөнбөгөн алименттин ордуна алып коюшу мүмкүнбү? Мүлктү азыркы аялым экөөбүз ортодон алган элек, аны минтип сот аткаруучулар алабыз деп жатышат. Ушул туурабы?
Ахмед Бабыров, 34 жашта, Ош
– Эгер төлөмөр адам убагында алиментти төлөбөй, анын суммасы өсүп кетсе жана аны төлөөгө чамасы жетпесе, анда сот аткаруучулар анын кайсы бир мүлкүн сатып, алиментке жумшоо боюнча сотко кайрылууга укуктуу. Бирок соттун чечимисиз өз алдынча келип, мүлктү алып кетүүгө акылары жок. Дагы бир билип алчу нерсе, алименттин суммасы абдан өсүп кетип, аны төлөй албай калган күндө да төлөмөр адамдын жашаганга башка үйү жок болсо, сот үйдү сатууга чечим чыгарып берүүгө укугу жок.