Сиздердин сурооңуздарга Бишкектеги «НАСА» юридикалык корпорациясынын башкы директору Нурбек Абдалиев жооп берет.
– Мен Бишкектен там сатып алгам. Көрсө, үй ээсинин электр энергиясы үчүн 3 миң сомдой карызы бар экен. Аны мен билбептирмин. Эми ал карызды мен төлөшүм керекпи же мурунку ээсиби? Электриктер келип «сен төлөйсүң» деп жатышат.
Кылыч Касымов, 34 жашта, Бишкек
– Сиз үйдүн мурунку ээсин таап, андан карызды төлөөсүн талап кылыңыз. Эгер ал макул болбосо, анда карызды үйдүн азыркы ээси катары сиз төлөп каласыз.
Маселени чечүүнүн дагы бир жолу бар. Үйдүн мурунку ээси жана электр энергиясы менен жабдуучу бирикменин (уюм, агенттик) ортосунда кагаз жүзүндө келишими бар же жогун да тактап көрүү кажет. Эгер ал жок болсо, анда карызды сизден өндүрүүгө акылары жок. Андыктан бирикменин жетекчилигине кайрылып, чырды чечип берүүнү өтүнүңүз.
Адистин кеңеши» рубрикабыз сиздер менен бирге иш алып бармакчы. Юридикалык, медициналык, психологиялык кеңешке муктаж болсоңуз, бизге кайрылыңыз.
Суроолорду (0312) 32 33 26 номери аркылуу берсеңиздер болот же kenesh@super.kg дарегине кат жазыңыз.