«ЖОЛДОШУМА КАНТИП АЛИМЕНТ ТӨЛӨТӨМ?»

Күнүмдүк тиричиликке байланышкан же болбосо чечүү кыйынга турган үй-бүлө маселелери адамды туӊгуюкка такап, чайналган учурлар болот. Көбүнчөсү мыйзам чегиндеги чечимди талап кылгандыктан, окурмандардын суроолоруна Бишкектеги «НАСА» юридикалык корпорациясынын башкы директору Нурбек Абдалиев жооп берет.

– Жолдошум экөөбүз үй­лөнгөн соӊ нике күбө­лү­­гүн алып, каттоого тура электе эле ажырашып кет­кенбиз. Ортобузда 1,5 жаштагы балабыз бар. Балага күбөлүк алайын десем ортодо нике туу­ралуу күбөлүгүбүз жок. Колумда баламдын төрөлгөндүгү тууралуу маалымдамасы бар. Алимент тө­лөтүүгө менин укугум барбы?

Кадича, Баткен облусу

– Сиз биринчиден, бала­ӊыз­дын төрөлгөндүгү тууралуу маалымдамасын алып сотко кайрылышыӊыз керек. Баланын атасын сот тартибинде аныктоо керек. Бул учурда сот сиздин жолдошуӊуздун баланын чыныгы атасы экендигин тастыктаган далилдерге таянып чечим чыгарат. Соттун чечими чыккан соӊ никеге турбагандыктан, балаӊыз
3 жашка чыкканга чейин алимент өндүрүүгө укуктуусуз.

 

Гүлжан Асанкожоева
kenesh@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (1)
talantbek-491
2017-02-26 17:25:54
Саламтсызбы! Мен аялым менен ажырашканмын али сотко бере элек ортодо бир бала бар ,загс алганбыз сот боло элек сотко мен кат турундо жазсам ,алар сотко бере алабы .Анан сот мага баланы беруу чечимин бере алабы плам десем бала азыр 8 -айга толуп калды .Сотто эмнелер талап кылынат жана эмнени суроосу мумкун менден.Мен эч жерде иштебейм Менин атымда бир жербар жообунузду кутом
0
№ 657, 5-июнь-11-июнь, 2015-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан