«ҮЙДҮ ТАЛАШЫП ЖАТАТ»

Суроолорго «Арстанов и Ко» компаниясынын юристи Айнура Мамашова жооп берет.

– Менин атам үйдү жаңы сатып алып, бирок каттата элек болчу. Ал үйдүн документин кызым уурдап кетип, күрөөгө коюп бир адамдан 10 миң доллар алыптыр. Аны биз кийин билдик. Кызым акчаны алгандан кийин карызынан кутула электе, 2013-жылы 31 жашында каза болуп калган. Эми тигил киши үйдү талашып жатат.

Азат, Чүй облусу, Кой-Таш айылы

– Үйдүн менчик укугу кимге тиешелүү болсо үй ошол адамга гана таандык. Үйдү эч ким өз алдынча сата, бирөөгө каттата албайт. Каза болгон кызыңыз менен акча берген адамдын ортосунда келишим, тил кат болсо да кызыңыздын каза болгондугуна байланыштуу иш токтотулат.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (2)
beka1207
2016-04-04 19:34:38
Бирок кызыныз бироодон 10мин $ алганы анык экен,ал сумманы кайтарып берсениз уйдун документин берер
0
asiana
2016-04-08 10:15:36
Каза болгон кызга жаназа намазы кылынганда карызы болсо толоп берем деп жоопкерчиликди ким алды эле ,Ошол адам эки дунойдо жоопкерчиликдуу.
+1
№ 700, 01-апрель-07-апрель, 2016-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан