"ТАЗА ШАЙЛОО" АССОЦИАЦИЯСЫ:"ЗАГС МЕНЕН ПАСПОРТ СТОЛУНУН ТЕЙЛӨӨСҮН ЖАКШЫРТУУ ЗАРЫЛ"

Жыл сайын өлкөнүн 2 миллионго жакын жараны Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматына (МКК) кайрылат, анткени дал ушул органда жарандарга көрсөтүлүүчү көп сандаган кызмат көрсөтүүлөр топтолгон.

КЫЗМАТ КӨРСӨТҮҮ БОЮНЧА МОНИТОРИНГ ЖҮРГҮЗҮЛДҮ

Бүгүнкү күндө МККнын кызмат көрсөтүүлөрүнүн сапатына жана жарандардын канааттануу деңгээлине баа берүү зарылчылыгы келип чыкты. Ушул максатта "Кызмат көрсөтүүлөргө жарандык коом тарабынан мониторинг жүргүзүү аркылуу жарандардын кайтарым байланышына көмөк көрсөтүү" долбоорунун алкагында "Таза Шайлоо" Ассоциациясы тарабынан калкты жана жарандык абалдын актыларын каттоо жаатында Мамлекеттик каттоо кызматынын 22 кызмат көрсөтүүсүнө жарандардын канааттануусуна изилдөөлөр жүргүзүлгөн.
Изилдөөлөрдүн актуалдуулугу орун алган практика канчалык деңгээлде ченемдерден четтейт, кайсы факторлордун түрлөрү четтөөлөрдү аныктайт жана жер-жерлерде кызмат көрсөтүүлөрдүн практикасын аларды алуучулардын талаптарына жакындатуунун кандай институционалдык механизмдери киргизилиши мүмкүн экендиги жөнүндө толук түшүнүк алуу зарылчылыгы менен байланышкан. Ушунун бардыгы калкты тейлөө процессин жакшыртуу үчүн МККнын системасындагы бир катар зарыл болгон кайра түзүүлөрдү иштеп чыгууга алып келиши керек.
Долбоордун координатору Алмаз Абдыкеримовдун айтуусу боюнча, бүгүнкү күндө мамлекеттик башкаруу системиндеги актуалдуу жана социалдык жактан маанилүү маселелердин бири мамлекеттик органдар көрсөтүүчү кызмат көрсөтүүлөрдүн сапаты болуп саналат:
– Мамлекеттик органдардын иши заманбап милдеттерге жана талаптарга ылайык акырындык менен жаңы сапаттарга ээ болууда. Көптөгөн кайра түзүүлөр үстүртөдөн, формалдуу мүнөзгө ээ. Көбүнесе мамлекеттик органдарды кайра түзүү менен чектелип, көрсөтүлгөн кызматтардын сапаты менен байланышкан тереңде жаткан көйгөйлөрдү козгобойт.

СЫН-ПИКИРЛЕР КӨП АЙТЫЛГАН
Бул долбоордун алкагында, "Таза Шайлоо" Ассоциациясы тарабынан республиканын 40 районунда фокус-топтордун жана анкеттөөнүн жардамы менен изилдөөлөр өткөрүлдү. Бүткүл республика боюнча 80 фокус-топ өткөрүлдү, катышуучулардын саны 934 адамды түздү.
Изилдөөлөрдүн жүрүшүндө жарандар МККнын кызмат көрсөтүүлөрүн ЗАГС жана паспорт столдору көрсөткөн кызматтардын сапаты, убакыттын сарпталышы, кызматтарды маалыматтык жактан камсыз кылуу, кызматкерлердин кесипкөйлүгү жана МККнын бөлмө-жайларынын абалы сыяктуу параметрлер боюнча баа беришкен.
Убакыттык параметр кызмат алуучулардын кезек күтүүдө (паспорт столдорунда, ЗАГСтарда, банктарда) короткон убакытка канааттандырарлык эмес экендигинин көйгөйлөрүн аныктады. Респонденттердин пикири боюнча, кызматкерлердин компетенттүү эместиги бул процессти татаалдантат, бардык документтерди алгач топтоодо эле таасирин тийгизет. Ал тургай жеке керт башынын пайдасын ойлоп жана ар кандай себептерге шылтап кызматкерлер документтерди биринчи жолу келгенде эле алышпайт, бул майда турмуштук коррупцияга баруу зарылчылыгына алып келет.
Документтештирүү жол-жобосу жөнүндө калкка маалымат берүү жагына көп сын-пикирлер айтылган. Катышуучулардын айтуусу боюнча, жарандарга паспорт столдоруна жана ЗАГСтарга алгач барганда зарыл маалыматты алуу үчүн гана кайрылууга туура келгендигин белгилешкен.
Ал тургай Фокус-топтун катышуучулары изилденүүчү мекемелерге келгенге чейин маалыматка ээ эмес болгону аз келгенсип, мекеменин имаратына келгенден кийин да толук маалыматты ала алышпайт, анткени дубалдардагы маалымат көбүнчө толук эмес, эски же такыр эле жок болуп чыккан.
Көрсөтүлүүчү кызматтар жөнүндө жалпы маалымдуулуктун дагы бир маанилүү бөлүгү – кызмат көрсөтүүлөрдү аткаруунун жүрүшү жөнүндө маалымдуулук болуп саналат. Көпчүлүк катышуучулар документтин даяр экендиги же кызмат көрсөтүүнүн аткарылышынын жүрүшү жөнүндө маалымат алуу үчүн өздөрү келишет, бул бир нече жолу кайталанышы мүмкүн.
Фокус-топтордун катышуучуларынын басымдуу көпчүлүгү каттоо маселелери, ошондой эле документтештирүү маселелери боюнча зарыл консультацияларды алууга жана өз учурунда тейленишине жарандардын жеткиликтүүлүгүн кеңейтүү максатында МККнын Колл-борбору бар экендиги тууралуу билишпегендигин изилдөөлөр көрсөттү. Жарандар 119 кыска номерине чалууга мүмкүнчүлүктөрү бар ("Кыргыз Телеком", "Билайн", "Мегаком" жана "О!" байланышынын операторлорунун абоненттери үчүн чалуулар акысыз), мында жарандардын ыңгайлуулугу үчүн тейлөө кыргыз жана орус тилдеринде жүргүзүлөт.
Ушуга байланыштуу ассоциация МККга бүткүл кызматтын иши, анын ичинде Колл-борбордун иши жөнүндө калк арасында активдүү маалыматтык саясатты жүргүзүүнү рекомендациялайт. Ассоциациянын пикири боюнча, бул жарандардын арасында кызмат көрсөтүүлөр жөнүндө маалыматтын жетишсиздиги менен байланышкан маселелерди алып салууга мүмкүнчүлүк берет.
Мындан тышкары ассоциация тарабынан МККнын продуктуларын жакшыртуу, кызматтын ишинин натыйжалуулугун, кызматкерлердин кесипкөйлүгүн жогорулатуу, ошондой эле анын аймактык кеңселеринде кардарлар үчүн шарттарды камсыз кылуу боюнча МКК үчүн рекомендациялар даярдалган.
Ошондой эле Алмаз Абдыкеримовдун сөзү боюнча, мындай долбоорлорду ишке ашыруу мамлекеттик органдардын жарандар менен кайтарым байланышынын механизмин түзүүгө мүмкүнчүлүк берет, ал мамлекеттик мекемелердин кардарлардын күтүүлөрүнө көбүрөөк багытталышын шарттайт.

ЭЛ КЫЗМАТ КӨРСӨТҮҮЛӨРДҮН БААСЫ ТУУРАЛУУ МААЛЫМАТЫ ЖОК
"Таза Шайлоо" Ассоциациясы МКК менен бирдикте жарандарга андан ары жайылтуу үчүн маалыматтык материалдарды иштеп чыгышкан, ал так прейскурант көрсөтүлгөн зарыл документтердин тизмесин камтыйт.
Изилдөөлөрдүн жүрүшүндө көрсөтүлүүчү кызматтардын баасы жөнүндө маалыматтын жок экендигинин фактысы аныкталган. Жарандар көрсөтүлүүчү кызматтардын баасы, ЗАГС же паспорт столунун кызмат көрсөтүүлөрүн төлөө үчүн канча сумма талап кылынары жөнүндө маалыматка ээ эмес. Көрсөтүлүүчү кызматтарды алуучуларда маалыматтын жоктугу кызматкерлер тарабынан көрсөтүлүүчү кызматтардын баасын өзү каалагандай аныктоого алып келет. Ушуга байланыштуу "Таза Шайлоо" Ассоциациясы МКК менен бирдикте калкты документтештирүү багыты боюнча көрсөтүлүүчү кызматтарга баалардын прейскурантынын таблицасын иштеп чыгышкан.

ЖАРАНДАРГА МААЛЫМАТ БЕРҮҮ МАКСАТЫНДА ТӨМӨНДӨ "ТАЗА ШАЙЛОО" АССОЦИАЦИЯСЫ МЕНЕН МКК ИШТЕП ЧЫККАН МААЛЫМАТТЫК БУКЛЕТТЕН ҮЗҮНДҮЛӨРДҮ КЕЛТИРЕБИЗ:

Жогорудагы прейскурантка ылайык келбеген акча каражаттарын талап кылган учурда жарандар МККнын "Түз байланыш": 0312 62-41-40 телефон номерине чалып кайрыла алышат. Ушул эле телефон аркылуу кызматтарды алуучулар кызмат адамдары тараптан кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу, коррупциялык көрүнүштөр, документтердин даярдоо мөөнөттөрүн бузуулар жана МККнын ведомстволук жана түзүмдүк бөлүмдөрүнүн кызматкерлери тараптан жарандарга орой жана этикага жат мамилелер жөнүндө билдире алышат.
Бул басылма Америка Кошмо Штаттарынын Эл аралык өнүктүрүү боюнча агенттиги (USAID) аркылуу Америка элинин жардамы менен ишке ашырылды. Басылманын мазмуну үчүн "Таза Шайлоо" Коомдук Ассоциациясы жооптуу жана ал USAID же Америка Кошмо Штаттарынын өкмөтүнүн көз карашын сөзсүз түрдө чагылдыруусу шарт эмес.

"Таза Шайлоо" Ассоциациясы

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 704, 29-апрель-5-май, 2016-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан