"КУМТӨР" – ИДЕЯ ФИКС

Кыргызстандын саясий элитасы дайыма таң калтырып келет. Өздөрүнүн кызыкчылыгы эле болбосо, ушул кезге чейин пайдалуу иш жасаганын көргөн жокпуз. Жадакалса ишкерлер завод, фабрикаларды жашыруун салып, эч кимге көрсөтпөгөнгө аракет кылышат экен. Муну жабдууларды орнотуу боюнча адис таанышым айтып берди. Алар качандыр бир мезгили келип, ачык иштегенге мүмкүндүк түзүлөр бекен дешет. Бирок азырынча бардыгы көмүскөдө.

Көмүскөдө болбогон ишканалардын тагдыры өтө татаал. Мисалы, "Кумтөр" алтын өндүрүүчү ишканасы. Албетте, анын пайда болушу, ишке кириши абдан чоң чыр-чатак, жаңжал менен коштолгон жана учурда бул талаштар токтой элек, балким, алтынды казып бүткүчөктү аяктабайт. Себеби – алтын кенди колго алууга аракет кылгандардын саны өтө эле арбын.
Бир убактан бери "Кумтөр" алтын кенине карата кыргыз элитасында "идея фикс" пайда болду – "Кумтөр" биздики болуш керек деген! Бул байыркы римдик сенатор Катондун "Карфаген талкаланышы керек!" деген учкул сөзүнө уйкашат. Канча жылдан бери "Кумтөрдүн" айланасындагы талаш аягына чыкпай, 20 жыл иш алып баргандан кийин комбинаттын иши такыр эле токтоп калуу алдында турат. Июндун аягына чейин Айлана-чөйрөнү коргоо жана токой чарба агенттиги уруксат бербесе, алтын чыгаруучу ишканага жумушун токтотууга туура келет. Андан улам Катондой сенатор болбосом да, Кыргызстандын жараны, өлкөгө күйгөн киши катары айтар элем: "Кумтөр иштеши керек!"
Бул жердеги кызык нерсе – мамлекеттик органдардын адистери экологиялык бузуулар, миллиард сом менен эсептелүүчү зыян тууралуу айтып жатышса, кендин өзүнө барсаң "Кумтөрдүн" экологдору колундагы так өлчөөчү аспаптар менен бардык экологиялык эрежелер сакталып жатканын көрсөтө алышат. Мындан 8 жыл мурун биринчи жолу "Кумтөрдө" болгонубузда кенди башынан аягына чейин изилдеп чыгып, экологиялык көзөмөл жана коопсуздук эң жогорку деңгээлде экенин көргөнбүз. Жадакалса бир нече чыпкадан өткөн суунун "Кумтөр" дарыясына куюлуп жаткан жеринен экологдор менен мелдеше кетип, алар ошол сууну ичишкен болчу. Кыргызстандын жараны катары бул фактыга кубандык – демек, цианиддер, башка зыяндуу заттар тууралуу айтылып жаткан нерселер чындыкка коошпойт. Антпесе көргөн нерсеге ишенбей коюш керек болот.
Эми "Кумтөрдүн" айланасында дагы бир ызы-чуу чыгып, экологияны бузду деп сот ишкананы 7 миллиард сомдук доого жыкканда кендин ишин дагы бир жолу изилдеп чыгууга туура келди. "Жаткан экенсиң, жаныбарым" дегендей, бардыгы мурдагыдай эле. Бардык талаптар ошол эле бойдон жана алардын аткарылышында эч кемчилик жок. Албетте, тоо-кен ишканасынын иши жергиликтүү экологияга таасирин тийгизбей койбойт. Муну ишкананын экологу Бен Феррис деле танган жок. Бирок бүткүл дүйнөдө экологиялык стандарттар колдонулуп, зыян келтирилет деген ченем жана анын өйдөңкү жана төмөнкү чеги бар. Кеп ошол стандарттарды аткарууда. Өтө татаал жана коркунучтуу – мисалы, бош топуракты жана калдыктарды мөңгүнүн жанына жайгаштыруу сыяктуу маселелер сөзсүз өкмөттүк органдар менен макулдашылат, эч кандай ээн баштык болушу мүмкүн эмес. Муну тоо-кен тармагынын кадырлуу аксакалдарынын бири, Кыргызстандын Тоо-кенчилери жана геологдору ассоциациясынын төрагасы Орозбек Дүйшеев да тастыктайт. Ал массалык маалымдоо каражаттарына мөңгүлөрдүн айланасындагы иштерди "Кумтөр" ишканасы өкмөт менен макулдашып жасаганын айтты.
Дагы бир жагы, Кыргызстандын соту учурда "Кумтөр" тарабына тартпайт десе болот. Мисалы, өкмөт жалдап, кендин айланасынын абалын текшерген АМЕК уюмунун берген 24 сунушунан, "Кумтөрдүн" адистеринин айтымында, 20сы аткарылган. Ошондо да сууда, жерде, абада зыяндуу заттардын коркунучтуу топтому табылган эмес дейт ишкананын экологдору. АМЕКтин отчёту деле жашыруун эмес. Бирок сотто бул жагдай эске алынбай, кайрадан АМЕК көп бузууларды тапкандыгы айтылат. Жакшылап карап көрсө иштин чоо-жайы башкача. Экологияга келгенде "Кумтөрдө" эки өлкөнүн – Кыргызстан жана Канаданын мыйзамдары алынып, алардын талабы күчтүүсү колдонулат. Дүйнөнүн эң бай өлкөлөрүнүн бири Канадада экологиялык талаптар Кыргызстандыкынан төмөн деп айтуу кыйын.
20 жылдан бери "Кумтөр" кенинин ишмердиги Кыргызстанга 3 миллиард долларга жакын киреше алып келди. Бул айлык, салык жана социалдык төлөмдөр катары. 500дөн ашык өнөктөш компаниялар "Кумтөрдүн" эсебинен оокат кылышат. Ички дүң продукциянын 5-7 пайызын бул ишкана камсыз кылып жатканы кеңири белгилүү. Ошондой эле "Кумтөр" төккөн төлөмдөр Талас облусунун пенсионерлерин бир жылдык пенсиясы же болбосо өлкөнүн бардык бюджеттик кызматкерлеринин үч айлык маянасы.
Балким, өкмөт кандайдыр бир жол менен "Центерраны" Кыргызстандан кууп чыгып, "Кумтөрдү" тартып алат. Эгер "Центерра" ишкананы жаап, жабдуулардын баарын алып чыгып кетсе, кенди иштетиш үчүн өкмөттүн, мисалы, бир эле дөңгөлөгү жаңы Лексустун пулу турган Катерпиллер самосвалын сатып алууга чамасы жетеби? Чет элдик компаниялар жерип жаткан өлкөгө кандайдыр бир башка компания келеби, келсе ал экологияны бузбайм деп кандай кепилдик бере алат? Же алтынды казуунун башка ыкмасын ойлоп табышканбы? Аны менен бирге "Кумтөр" башынан эле айтылгандай, көз боёмочулук болсо, эмне үчүн 20 жылдан бери келишимдерди түзгөн, Кыргызстандын кызыкчылыгын четке каккан бир да жооптуу кызматчы жаза алган жок? Чет элдик "алдамчыларга" шилтеп коюп, ишке катышкандын бардыгы жакшы киши болуп коюп жүрүшүүдө.
Дагы бир маселе, өлкөнүн борборун түн ичинде жарык менен камсыз кылууга дараметтүү болбогон саясий элита миллиард долларлык долбоорлорду кантип ишке ашыра алат? Жакынкы арада Кыргызстанга бир да ири инвестордун кирбегенине көз ачык болбой деле койсо болот. "Айткандын оозу жаман" – дечү беле?..

Рахатбек Болотбеков

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (1)
eraly
2016-06-20 12:26:48
Кыргыздар "Иштетебиз", "Иштетпейбиз" ... деп талашып бүткүчө Кумтердө алтын казыла берет. Талаш чечилип бүткөндө алтын да түгөнөт. Куудулдар айткандай "Туулгун жердин топурагы алтын, бизге алтыны эмес топурагы калсо болот" деп отуруп калабыз.
0
№ 711, 17-июнь-23-июнь, 2016-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан