"КУМТӨРДӨН" МЫЙЗАМСЫЗ ЖЫЙЫМДАРДЫ ТАЛАП КЫЛЫШУУДА

«Кумтөр Голд Компани» ЖАКсы Кыргыз Республикасынын курчап турган чөйрөнү коргоо мамлекеттик органдары менен соттук териштирүүлөр Кыргыз Республикасынын айлана-чөйрөнүн булганычы үчүн кошумча төлөм жана жыйымдарды мыйзамсыз талап кылуусуна байланышканын билдирет.

Бүгүн «Кумтөр Голд Компани» ЖАКсы (КГК) Кыргыз Республикасынын курчап турган чөйрөнү коргоо боюнча мамлекеттик органдарынын доолорун Кыргыз Республикасынын «Кумтөр» долбоору боюнча кошумча жыйымдар менен төлөмдөрдү киргизүү аракети деп билдирди. «Кумтөр» долбоору ишмердүүлүгүн курчап турган чөйрөнү коргоо боюнча Кыргызстан жана эл аралык стандарттардын негизинде жүргүзөрүн көз карандысыз эл аралык эксперт-экологдор, анын ичинде экология суроолору боюнча Кыргыз Республикасынын кеңешчиси эл аралык АМЕС компаниясы да тастыктаган. Мисалы, Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциянын (ЭТКМИ) 6 698 878 290 сом суммадагы (болжол менен 98,4 миллион АКШ доллары) доо арызында КГК 2000-2011-жылдары төгүндүлөрдү жайгаштыруу үчүн төлөшкөн эмес жана бул фактыны бир да Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органы билген эмес деп айтылат. Иш жүзүндө болсо бош тектин тоо-кен төгүндүлөрүнө жайгаштыруу долбоору иштеп келет. Жыл сайын Кыргыз Республикасынын бардык профилдик мамлекеттик органдары тарабынан бекитилип санкцияланган жана ыйгарым укуктуу органдар эч качан бош текти тоо-кен төгүндүлөрүнө жайгаштыруу үчүн акы төлөөнү талап кылган эмес. ЭТКМИнин доо арызында КГК мындай заттарды жайгаштырганы үчүн, тиричилик калдыктарды жайгаштыруу тарифтери боюнча акы төлөөнү талап кылууда.

Мына ушундай эле ыкмада Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттиги (КТЧКжТЧМА) да доо арызында "Кумтөр" кайра каралган инвестициялык макулдашууда (2009-ж.) белгиленген экологиялык төлөмдөн да ашкан, кошумча экологиялык жыйымдарга карыз деп, 15 004 297 963 сом (болжол менен 220 миллион АКШ доллары) суммада экологиялык зыяндын ордун толтурууну талап койду. "Кумтөр" тарабынан экологиялык жыйымдарды төлөөдө долбоор иштеп баштаганы жылда ыйгарым укуктуу органдарынан санкция албай же бекитилбей жасалган бир да аракет болгон эмес.

Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын доо арыздары анда "Кумтөр" долбоору үчүн милдеттүү бардык салык, төлөмдөрдүн, которуулардын толук тизмеси көрсөтүлгөн кайра каралган инвестициялык макулдашуунун (2009-ж.) шарттарына карама-каршы келет. Анда атайын белгиленген ушул салык, төлөм жана которуулардан тышкары, "Кумтөр" "Кыргыз Республикасы же КРнын башка мамлекеттик, аймактык, муниципалдык, жергиликтүү же административдик органы тарабынан ар кандай мүнөздөгү бардык башка учурдагы жана болочок салыктарды, жыйымдарды, алымдарды, роялтини, кемитүүлөрдү же ар кандай мүнөздөгү башка которууларды кармап калуу боюнча милдеттенмелерди төлөөдөн бошотула тургандыгы" баса белгиленген. Демек, кайра каралган инвестициялык макулдашуунун өзүндө "Кумтөр" долбоору боюнча кандайдыр бир жаңы же кошумча салыктарды, төлөмдөрдү же жыйымдарды киргизүүгө тыюу салуу камтылган.

Бишкек шаарынын райондор аралык соту ЭТКМИнин доо арызын канааттандырды жана жакын арада КТЧКжТЧМАнын доо арызын карамакчы. "Центерра" жана КГК мамлекеттик органдардын доо арыздары боюнча Кыргыз Республикасынын сотторунда жана эл аралык арбитражда талашка түшүп, өз таламын талашууну улантмакчы.

Мирбек Аскаров

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (1)
admin_superstan
2016-06-21 13:08:46
kamyr26,сайттын же гезиттин ЖАЛПЫ ИШМЕРДҮҮЛҮГҮНӨ байланыштуу сын-пикирлер info@super.kg же admin@super.kg электрондук даректерине жазылып жөнөтүлүшү керек.
0
№ 711, 17-июнь-23-июнь, 2016-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан