БЕЙКҮНӨӨ НАРИСТЕ, ЖАЗАЛАНГАН ЭНЕ

Казакстандан Кыргызстандын чегарасына кире берген жерде, поезддин жолун­да кызыл эт наристенин табылышы жүрөктү үшүткөн окуя болду. Чакыруу менен келген милиция кызматкерлери көргөн көздөрүнө ишенбей, кээси тике карай албай «түү» деп баш буруп кетип жатышты. Мыкаачы эне сөрөйгө наалат айтып, жинденген адамдар андан көп. Жаңы төрөлгөн наристени түндө поездден ыргытып жиберген экен эне сөрөй. Жер катуулугунан гана мындай мыкаачылыкты, таш боордукту көтөрүп тургандай.

ЭНЕ-БАЛА
Күңүрт тамда байпак жамап отурган Сайрагүл кызы кирип келгенде ордунан тура калды. Шалдайып өңү бозоруп кирип келген кызын жактырбай карады.
– Эмне кеч?- деди адатынча түсүн үйрүп.
– Кеч эмес. Баарыбыз эле ушундай кеч тарадык,- басмырт үн менен токтоо үн каткан Бермет көтө­рүп келген баштыктарын бурчка коюп жатып жооп узатты. Кызынын ар бир кадамын тиктеген эне эртең менен бүтпөй калган сөздү кайра улады. Кийинки күндөрү бүтпөгөн тема болуп калган сөздөрдөн тажаган кыз адатынча үн дебеди.
– Ким менен жолугушуп жүрө­сүң сен? Уялсаң болбойбу... Айылда бардыгы сени сөз кылып жатышат. Сен үчүн көчөдө баса албай калдык...
Дагы-дагы далай сөздөр айтылды. Апасынын уу тилине ушунчалык көнүп бүткөнбү, Бермет үн каткан жок. Кийинки күндөрү ага бул дүйнөнүн көйгөйү баары бир бо­­луп, дүйнөгө жаралганы үчүн гана көптүн катарында өлбөстүн суусун ичип жүргөндөй эле. Азыр дагы энесинин калган сөздөрүн укпай, өз бөлмөсүнө жөнөдү.
Бермет өзүн кичинекейинен эле негедир бул жашоого адашып келип калгандай сезчү. Сумсайыңкы жүзүн ар дайым кайгы басып, элден корунгандай ичтен сызып, адамдардын бардыгына ишенкиребей караар эле. Жападан жалгыз жакын адамы таенеси болчу. Ал дагы мындан эки жыл мурун каза болуп калган.
– Айт, алдагы боюңдагы жаналгыч кимден, ыя?- артынан эшик шарт ачылып, демите кирип келген энесин жактырбай бир карап койду да, тоготпогондой тура берди. Энеси ого бетер тажаалдана жулкулдатып жиберди.
– Көзүмө көрүнбөй жогол! Азыр баланын атасы ким экенин айтасың же жоголосуң!
Мелтиреген кыз дале үн катпай тура берди. Канчалык энесинин көкүрөгүнө жыгылып өзүн кыйнаган нерсени айткысы келсе да айта алган жок. Эрдин кесе тиштеди. Билбесин, билбей эле койсун. Тигинисинин акмакчылыгын билип турса деле баары бир ишенбейт. Андан көрө...
Ооба, Сайракүл кызынын ичин­де бугуп жаткан нерсени билген жок. Аны азыр Берметтин тагдыры эмес, жаш күйөөсүнүн эл алдындагы уяты көбүрөөк тынчсыздандырып турган. Күйөөсү ар күнү кечинде келип «Сенин кызыңдын айынан жер баспай калдым, элдин бетин карай албай калдым. Алдырт, же жогот!» дей берчү. Аялынын кулагына бул сөздөрдү кумдай куя берүүсүнүн себеби, өзүнүн «терисин» сактап калуунун амалы болчу. Муну Бермет да сезди. Кетүү керек экенини сезди. Өзүнө карап турган апасына бир дагы сөз айтпай туруп кийимдерин жыйнады да, илкий басып чыга жөнөдү.
– Кайда?
– Кет дебедиңби?
Коштошкон да жок. Сайрагүл кызынын артынан умтулуп бир нерсе айткысы келип барып кайра токтоп калды.

ТАГДЫР БУРУЛУШУ
Кайда бараарын билбей кете бер­­ди. Кулагына жаңырган үндөр угулуп, көз алдына элестер тартылды.
– Тийбеңиз мага! Апама айтам. Апа...
– Көрбөйт, бүгүн келбейт. Айтчу болсоң өлтүрүп салам,- деп чымчыктай кызды баса жыгылган өгөй атасы.
Берметти ушинтип эрмектеп жүрдү. Оо, бул башынан эле, тээ секелек кезинде апасы менен жаңы гана жашай баштаганда эле башталган. Эрки жаш кезинде майтарылып, апасынан жаналгычтай корккон кыз жан сырын кимге айтмак. Эч кимге айтпай чыдап келген. Азыр да апасына айта албады. Тек гана алды жакты көздөй каякка барарын билбей кете берди.

ххх

Поезд кызматкерлеринин көп­чү­лүгү Берметти кыя карап өтүп жатышты. Жүзү керсары тартып, көздөрү бир жерди карап, мелтирейт да турат. Купеге киргени кимдир бирөөгө карап, ооз ачып сүй­лөп да койгон жок.
– Эмне болду, карындашым? Бир жериң оорудубу?- өзүнө эңкейе калып жылуу сүйлөгөн кишини карап турду.
– Жок байке, мен жөн эле...
– Эс алып алсаңчы,- башына жаздык коюп, үстүн жаап койду да, чекеге көчүк баскан киши өзүн тааныштыра кетти.
– Менин атым Кубат. Өзүм ушу поездде иштегениме көп болду.
Коңур үнгө жаралуу жүрөгү жибип, арбалып баратты. Өмүрүндө биринчи жолу Берметти киши ордуна санап, сүйлөшкөн адам ушу. Ага жалжылдаган, ыраазы болгон көздөрү менен карай берди. Эмнегедир бир нерсени сезгендей ичиндеги төрт айлык түйүлдүк кыбырап койду.
Бермет Кубаттын жардамы менен ошол поездде ишке орношуп калды. Барар жеринин жоктугун, үйдөн качып чыкканын баяндап берген кыз бир гана нерсени жашырып койду. Ал боюнда бар экенин айткан жок. Кубат дагы кыздын азыраак борсоюп турган ичин таназарына алган жок. Күндөн күн– гө Кубат экөөнүн мамилеси жакшырып баратты. А түгүл, Кубат ушу сапардан келе жатканда, үйүнө барып той берерин, Берметке үйлө­нөрүн айтты.
– Чынбы?
– Чын, Бермет. Эки жолу үйлө­нүп, жолум болбоду. Кудай экөө­бүз­дү бекер жолуктурган жок. Туурабы?- эркелете мурдунан чымчып коюп кете берген Кубат эч нерседен бейкапар эле. Эрдин тиштегилеп, ичинен сызган Бермет ал чыгып кетери менен ичин кучактай калып, бүк түшө жыгылды.
«Эгерде боюмда бар экенин билсе эмне дейт? Таштап кетет го?.. Жок, жок... Кубаттан ажырагыча өлгөнүм жакшы. Бирок, баланы кантем?» Поезддин тыкылдаган дөңгөлөктөрүнө кошулуп, анын ойлору да чимирилип баратты.

КУПЕДЕГИ КАРГАШАЛУУ ТҮН
Оңдой берди болуп Берметтин боюнда бар экенин, болгондо да учурда жети айлык экенин чогуу иштегендери да, Кубат дагы байкабады. Өзүнүн дагы бою узундугунанбы, же баладай баёо мүнөзү, ишен­чээк кылык-жоругу үчүнбү, эч ким күмөн санаган жок. Ошол поездде Кубаттын жардамчысы болуп иштеп жүрө берди.
Бир күнү кадимкидей эле элпек кыймылдап, сылык сүйлөгөн Бермет кеч курун эле «ичим» деп жыгылды. Жанына келип алын сурагандарды, ал тургай жаны менен бирге Кубатты да жанына жолотпой койду. Ай-асмандап түйүлгөн Берметти жайына коюшту. Купени ичинен бекиткен Бермет соолуп жыгылды. Толгоо! Жанын көзүнө көрсөтүп, жүз түйүлгөн кыз көкжалдана бир да жолу үн чыгарып кой­бой, бир да онтоп койбой, тар купеде жаралуу жырткычтай бирде дубалга башын койгулап, бирде жата калып, ага да болбой жаны көзүнө көрүнүп баратканда шейшепти мыкчый буулуга шыбырап жатты. «Оо, Кудай, бул эмне деген кыйноо эле. Кыйналдым го?!»
Бир кыйкырык менен кийинки тагдырын ойрон кылып аларын сезип, кыңк эткен үн чыгара албай купенин ичинде жандалбастап жатты шордуу пенде...

ТАШТАНДЫ НАРИСТЕ
Ымыркай төрөлдү! Кан-сөлү менен шейшепке будамайлап орой салган жаш эне эшикке акырын кулак түрдү. Тыптынч. Жаңылыштык менен болсо да, жарыкчылыкка келген наристе тирүүлүктүн белгисин берип, анда-санда кыймылдап коёт. Кыйналып төрөлгөн­гөбү бала үн чыгарып ыйлаган жок. Бермет наристесин карабады. Башаламан түшкөн ойлору менен алышып, кантип наристеден кутулуштун жолун издеп жатты. Таң атарга аз калганда акыркы чечимин кабыл алды. Өмүрүндө бир бүлбүл көрүнгөн бактысынан тигил өгөй ата сөрөйдөн бүткөн бала үчүн кече албасын ойлоду. Баладан кутулам деп чечти.
Калчылдаган боюн араң токтотуп, ордунан турду. Жанында оролуп жаткан кыбыраган тирүү жандыкты колуна алды. Али да көзүн ача элек эле. Көз ирмемге, бир гана көз ирмемге энелик тамыры «зырп» эте тартып алды. Мындан башка жол жок. Тез-тез орой салып, купенин терезесин ачты да, күч менен колундагы баланы ыргытып жиберди. Поезддин карылдап-шарылдаганы эненин үнсүз ыйлаганы менен наристенин кыңылдаган үнүн басып кетти.
Тыптынч! Эмелеки адам оюна келбеген аза боюңду дүркүрөткөн жосунду көрбөгөндөй түн да бир калыпта сүрдүү.

ӨМҮР МЕНЕН КОШТОШУУ
Эртең менен кадимкисиндей тыкан кийинип, элди тейлеп жүргөн Берметти көргөндөр эч нерседен шек санашкан жок. Кубатка жолукканы тирилип калган көздө­рүнүн нуру өчүп, мурункусундай бир чекитти үңүлө тиктеп кайдыгер карайт.
– Сага эмне болду?
– Бери мени карачы...
Үстүнө үйрүлүп түшкөн Кубаттын, кадимки өзүнүн Кубатынын мээримдүү үнү дагы жүзүн жумшарта албады. Катып калган эле жүрө­гү. Мындан ары минтип жашай албасын сезип, ошол чечимге түз карап турган эле кыз. Өмүрдө сүйүү­дөн да, башкадан да кымбат нерсе бар экенин, ал энелик мээрим, энелик сүйүү экенин түшүндү. Бирок, кеч эле. Өтө кеч болуп калган. Кантсе да абийир сотунан кутула албасын сезди.
Ошол күнү поезд жолунда жаш кыздын өлүгү табылды. Келе жаткан поезддин алдына өзүн таштап жиберген экен. Ачылып калган көздөрү гана көгөргөн көктү тиктеп, «кечиргиле мени» деп тургансыйт. Ал эми терезеден ыргытылган наристеси жаракатка кабылса да аман калып, балдар үйүнө өткөрүл­гөнүн билбеген эле.

Нуржамал Жийдебаева

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 220, 19-25-январь, 2007-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан