«ГОЛУБОЙДУН» КЕГИ ЖЕ АЛА ЖИПТИ АТТАГАНГА АЖАЛ!

«Эмнеге сен «голубой» экениңди айтпайсың? Бети жок, дагы «аялым көзүмө чөп салды» деп мени күнөөлөйсүң! Эр болуп жыргатчу белең? Же сен эркектик касиетиңди эчак эле жоготуп койгонуң жалганбы?» ...Ушинтип, аялы сот залын жаңырта кыйкырып жатты. Көздөрү караңгылап, кулактары чуулдап чыккан Тимур бир гана соттун: «Тазакеев Тимур Кыргыз Республикасынын кылмыш кодексинин 95-статьясы менен 10 жылга эркинен ажыратылсын жана жазасын эмгек-түзөтүү колониясында күчөтүлгөн режимде өтөөсү белгиленсин!»- деген өкүмүн чала-була укканга араң жарады... Мындай кырдаалга алып келген окуянын негизи тереңде эле...

ЖАҢЫ БУХГАЛТЕР

Командировкадан келгенден бери Тимур катуу өзгөрүлүп кетти. Турмуш кургандарына он беш жылдын жүзү болсо да күйөөсүнүн көп иче баштаганын Рахат жакындан бери гана байкай баштаган эле. Андан да ачуусу неге мынчалык чукул болуп калганына түшүнбөйт. Фирмада кыйынчылыктар болуп жатабы дейин десе, ал жерде өзү чогуу иштегендиктен, иш күндөн-күнгө алдыга жылып баратканын жакшы билет. Ушундан улам Рахат бара-бара “болду-болбоду ойнош таап алса керек. Же мага билгизбей экинчи аял алып алды бекен?!” деп шекший баштады. Анткени, Тимур командировкадан келгенден бери экөө бир да жолу төшөк ырахатына батыша элек. Башында күн алыс ой-боюна койбой асылып, эркелеткенден тажабаган неме эми болсо негедир жанына жакын жууткусу келбей калды. Алгач таарынтып алдым бекен деп ойлоп, Рахат өзү назданып көргөн эле. Бирок, анысынан майнап чыкпай, тескерисинче, катуу кагуу жеп тим болгон. Ошондон кийин ойнош күтүп алыптыр деген ою биротоло бекемделди.
– Эртең биздин фирмага жаңы бухгалтер келет. Сиңдиңди болсо мындан ары менеджер кылабыз,- деди бир күнү Тимур күтүүсүз.
– Эмне, менин сиңдим сенин акчаңды уурдап жатыптырбы? Анчалык эмне болду? Же сиңдимден да, менден да жакшыраак бирөөнү таап алдыңбы?
– Каяктагы болбогон сөздү сүйлө­бөчү, Рахат. Тиешелүү билими болбосо деле тууган-уруктун баарын тыга берелиби? Бизге профессионал бухгалтер керек! Ансыз да билими жоктордун баарын толтуруп алдык...
Ушуну менен сөз бүттү. «Эми кандай суйкайган профессионалын таап келер экен?»- деп Рахат катуу ызаланган. Бирок, ал күткөндөй эмес, тескерисинче, келишимдүү жигит келди...
– Шавкат,- деп тааныштырды ал өзүн. Мен бүгүндөн баштап Тимур Тазакеевичтин жана сиздин жеңилиңиздерди жерден, ооруңуздарды колдон алаарыма ишенсеңиздер болот...
Ушинтип, алгач эле табышмактуу сүйлөдү...

КӨБӨЙГӨН ЧЫР ЖАНА АЧЫЛГАН СЫР

Күйөөсүнүн кайдыгер мамилесине Рахат акыры чыдабады. Күндөн-күнгө турмуштары супсак тартып, чыр-чатак көбөйгөндөн көбөйө берди. Фирмада болсо күйөөсүнүн директор деген аты эле калып, калган иштин баарын Шавкат билип калган. Атасынын карызы барчылап же ага өзү өйдө карап сүйлөй албайт, же бирөөнү сүйлөтпөйт. Кээде ажырашып туруп басып кетейин дейт, бирок, атасыз калтырбайын деп уулу менен кызын аяйт. Ушунча бактысын, байлыгын чанып, балдарын тирүү­лөй жетим кылды деген сөздөн корунат. Анан калса, балдары да атасына аябай жакын. Өзгөчө акыркы мезгилде Тимур эртеден кечке эле балдары менен алек болуп калчу болду. Алардын каалаганын алып берип, оюндагысын кылат. Атасынын камкордугуна жетине албаган балдар үйдө уруш чыкса эле апасын күнөөлөшүп, болуша кетишет.
Ойлоп көрсө, чындап эле чырды Тимур эмес, өзү баштайт экен. Ооба, ал күйөөсүнүн такыр көңүл бурбай калганына арданат. Аял болгондон кийин ага наздангысы, эркелегиси, кучагында балкыгысы, кумарга баткысы келет. Аны балдары кайдан түшүнсүн? Алардын көзүнчө сыр бербегени менен “атаңар мага көңүл бурбай калды” деп кантип, кайсы бети менен айтат? Айтор, аябай эле бук болуп кетти.
– Мен минтип жашай албайм,- деди бир күнү агынан жарылып. – Эгер менден башка таап алганың болсо, колуңду кармабайм. Өзүңдү да, мени да, аны да кыйнабай ошонуңдукуна барып жаша!
– Рахат, он беш жылдан бери мен сага калп айтканымды уктуңбу? Эгер ойношум болсо, эмгиче билмексиң! Мен үчүн биринчи никем, алгачкы сүйүүм, башкача айтканда, сени менен балдарым мага ыйык. Ишенбесең артымдан тыңчыңды деле салып көр. Шавкат менен фирманын иштери боюнча бир жактарга барганым болбосо, аялзатын ойлогонго да чамам жок...
– Анан эмнеге мени эркелеткиң келбей калды? Эмнеге боюңду алып качасың? Айтчы чыныңды?
– ???
– Эмне унчукпайсың? Менден жашырган эмнең бар? Менин да тирүү жан экениме, күйөөнүн мээримине, лаззатына муктаж болоорума түшүнөсүңбү? Жок, ишенбейм! Сенин менден башка таап алганың бар...
Тимур чыдабады. Көпкө чейин башын жерге сала мыкчып, оор үшкүрүнө отурду да, анан уктоочу дивандын баш жагындагы тумбочкадан аракты алып чыгып бокалга толтура куюп, тартып жиберди.
– Ии, бир нерсе болсо эле күчүңдү арактан чыгарасың! Андан көрө ачык айтып, көңүлүң каалаганга барып жашабайсыңбы!- деди аялы ансайын буркулдап.
– Болду, жетишет!
Ушинтип катуу кыйкырып жибергенин, ал эмес стаканды ыргытып ийгенин да байкабай калды. Анан башын бир-эки койгулап алып, жаш баладай бышактап ыйлай баштады. – Кечир мени, Рахат! Баары сен ойлогондой эмес, мен... мен айыккыс импотент болуп калдым... Айтууга оозум барбай жүрдү эле. Кантейин, ымандай сырым ушул...

ЭКИНЧИ МАХАБАТ...

Ошол сыр ачылган түндөн кийин экөө көпкө чейин сүйлөшпөй жүрүштү. Рахат эми чындап ой-санаага жанчыла баштады. Эл көзүнө телегейи тегиздей болуп сыр бербегени менен жан дүйнөсүнүн тээ түпкүрүндө кандайдыр бир боштук пайда болду. Үстүндө үй, астында машина, акча, айтор, баары бар. Бирок, антсе да бир нерсе эле жетишпейт. Балдарына, жумушка алаксыйын дейт, ага да болбойт. Күйөөсү болсо күндөн-күнгө көзүнө негедир өгөй көрүнө баштаганын туюп келетат. Ал да өз күнөөсүн сезгендей, дегеле мунун кайда жүргөнү менен иши болбойт, же жок дегенде сурап да койбойт. «Жеке турмушуңа кийлигишпейм, болгону менин абийиримди кетирип, үйбүлөмдү бузбасаң, балдарыма уят кылбасаң болду» деп суранган бир жолу.
Айтор, ошондой күндөрдүн биринде, күтүүсүз анын иш кабинетине баягы бухгалтер Шавкат кирип келди.
– Рахат эжекеси, сизди мынча эмне ой басып калган?- деди табышмактуу жылмайып.
– Бир аз башым ооруп жатты эле...
– Сиздин эмнеге башыңыз ооруп жүргөнүн билем...
– Эмнени билесиң?- деген айым чочуп кетти.
– Баарын, эжекеси, баарын... Андан көрө жүрүңүз, тиги маңдайдагы кафеге кирип, бир аз сырдашып отуралы. Кичине “стресстен” арылып дегендей...
Өзүнүн бир кылмышы кармалып калгансыган Рахат бир аз кыйылымыш болуп макул болду. Экөө кафеге кирип баратканда, артка кылчайса күйөөсү кабинетинин терезесинен тиктеп турган экен. Муну сезе койгон Шавкат:«Кабатыр болбоңуз, шеф да баарын билет, өзү уруксат берди» деп ансайын табышмактуу сүйлөдү. Экөө аркы-беркини сүйлөп көпкө отурушту. Кантсе да, көптөн бери бук болуп кеткенгеби, негедир коньякка албыра баштаган Рахат жанатан бери көөдөнүн өйүгөн суроону кабыргасынан койду.
– Айтчы, Шавкат, жана баарын билем деп эмнени айттың?
– Сиздин жалгыздыктан зеригип, жан дүйнөңүз сыгылып жүргөнүн...
– Ал эмне дегениң?
– Калп эле сыр бермексен болбоңузчу, эжекеси, жашырып эмне кыласыз? Күйөөңүз сиз менен иши жок, туурабы?
– Аны сен кайдан билесиң?
– Ох-хоо, мен билген нерсе көп, андан көрө келиңиз, жакшы темадан сүйлөшүп, жакшылап көңүл ачалы! Бул тирүүлүктө бир төрөлөбүз, эртең кимдин өлөөрүн бир кудай билет...
Экөө көпкө отурушту. Ичимдиктин күчү менен Рахат бир топ өзүн таштап жиберди. «Чындап эле, качанкыга чейин ушинтип жүрөм?» деп ойлонгонго араң жарады Шавкаттын кучагынан суурула албай жатып.
Ошол күндөн баштап экөө тез-тез жолугуп, кадимки эрди-катындай ынак болуп кетишти. Бир жагы Шавкаттын жаштыгы, келишкен келбети тез эле Рахатты өзүнө арбап алды. Бара-бара аны башы айлана сүйүп, үйбүлөсү менен балдары экинчи планга жылып кеткен. Кээ күнү кеч келет, кээ күнү келбей калат. Экөө “баба Шура” дегендин эки бөлмөлүү квартирасына акча төлөп, жолугушуу үчүн батирге алып коюшкан. Ошол жерден сүйүүнүн лаззатына батышат. «Экинчи махабатым» деп эркелетет Шавкатты...

АЖАЛ АЛДЫНДА АЧЫЛГАН ЧЫНДЫК

Аялынын Шавкат менен жүргөнүн күйөөсү билчү. Бирок, негедир кийлигишпеди. Рахат: «Ушинтип жашагандын неси кызык. Андан көрө, кел, ажырашып кетели. Балдар мейли, сени менен эле калсын» деп бир-эки жолу айтып көрсө көнбөдү. «Рахат, менин эл караган жү­зүм­дү жер каратпа, ансыз деле тирүү­лөй өлүкмүн. Мен сага кийлигишип жаткан жерим жок го? Кааласаң аны менен да, мени менен да жашай бер» деди жалдырап.
Ошону менен бул темага чекит коюлуп токтоп калган. Анан эле бир күнү Тимур мындай деп калды:
– Рахат, бүгүндөн баштап Шавкат менен жолукканыңды токтот. Аны эртең жумуштан кетирем!
– Эмне, түшүңдөн чочудуңбу, же кайрадан эркектик касиетиң калыбына келдиби?- деди аялы какшыктай.
– Мен сага тамашалап жаткан жерим жок. Эгер токтотпосоң капа болуп каласың!
– Мен да оюнчук эмесмин! Аялды караш колуңдан келбедиби, эми өзүңдөн көр! Башыңды ташка койсоң да кеч болуп калды.
Экөө ушинтип катуу кер-мур айтышкан соң Рахат эшикти тарс жаап чыгып кетти. Түз эле баба Шураныкына келсе Шавкат да ошол жерде экен. Кабагы бүркөлүп отуруптур.
– Күйөөң менен урушуп кеттим,- деди ал көңүлсүз.
– Билем, ал мени кызганып жатат.
– Жок, сени эмес, мени кызганып жатат...
– Эмне дейсиң?
– Тамаша, сен да уруштуңбу?
– Ооба, жетишет мага! Эртең аны менен мыйзамдуу түрдө ажырашам! Фирманын документтери мага катталган. Керек болсо, өзү жумуштан кетет...
Шавкат унчукпады. Негедир бир нерсени айтчудай обдулуп барып, анан акырын кол шилтей тамекисин күйгүздү. Экөө көпкө тунжурап отурушкан соң Рахат анын мойнуна асыла эркелей кетти...
Махабат лаззатына чөмүлө башташкан. Аңгыча эшик «шырк» этип ачылып, кайдан-жайдан колуна бычак кармаган Тимур пайда болду. Шавкат жан- далбастай дивандын аркы башына секире бергенде, бычак шилтенди. Ачуу чаңырган Рахат:«Жексур, мени да өлтүр!» деп кызыл-жаян болгон Шавкаттын үстүн калкалай жыгылды. Тимур саамга шалдая турду да, артка кетенчиктеп барып сыртка жүгүрүп кетти.
– Күйөөң «голубой» болчу,- деди калчылдаган Шавкат. – Эркек менен жатмайынча тура алчу эмес. Мени студент кезимде акча менен алдап торуна илген. Мени менен жаткан соң эркектиги козголуп сага кетчү. Кийин өзүң билгендей, айыккыс импотент болуп жарабай калды. Ошон үчүн мени бухгалтер кылып, көзүмдү карачу. Сени менен көңүлдөш болууну да өзү сунуштаган. Ушул квартираны да өзү таап берген. Анан... анан мен сени чындап сүйүп калып, анын айтканын кылуудан баш тарткам... Ошого кызганды, сени эмес, мени кызганды...
Ушинтип, Шавкат үзүлүп кете берди. Аңгыча «мына, мен өлтүрдүм» деп сырттан милиция менен доктурду ээрчиткен Тимур кирди...

Мурас Айти

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (1)
yryskan
2012-02-26 03:37:09
кандай гана кыйын эркектер учун эн уйат
0
№ 221, 26-январь-1-февраль, 2007-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан