БААҢ КАНЧА, «КӨПӨЛӨК КЫЗ?»

Сойкулук менен акча табуу бүтүндөй дүйнө жүзүндө эң кирешелүү бизнес экенин буга чейин эле уккандырсыз. Ооба, ошондой. Соңку он беш жылда бул бизнес биздин өлкөбүздө да катуу өнүктү. Расмий эмес маалыматтарга караганда, республикабыз боюнча 10 миңден ашык сойку бар. Алар тууралуу маалымат каражаттарында айтылып да, жазылып да келатат. Ошентсе да биз дагы бир ирет өз көзүбүз менен күбө болуп, журналисттик иликтөө жүргүзүш үчүн Бишкек шаарын кыдырып чыктык. Максатыбыз баалары, сутенёрлору, жатаканалары жана «түнкү көпөлөктөрдүн» тагдырлары тууралуу билүү эле...

ЖИГИТТЕР, СИЛЕРГЕ КЫЗ КЕРЕКПИ?...

Фотокабарчы шеригим экөө­бүз кечки саат бештерде жолуктук да, сойкулардын мекени болгон Ю. Абдрахманов (Правда) көчөсүнө түштүк.
Негедир топтолгон кыздар эч жерден көрүнбөдү.
– Иштеген кыздар көрүнбөйт, биз эрте чыгып алганбыз го?- дедим эски аянттын тушуна келгенде.
– Жигиттер, силерге кыз керекпи? Биз иштейбиз,- деп ары жакта турган эки кыз бизди көздөй басты.
Алар биздин сүйлөшкөнүбүздү угуп калышкан экен. Чынында, көчө жээгинде турган кыздардын кимиси сойку экенин ажыратуу кыйын эле. Мен тиги кыздар менен соодалашканга өттүм:
– Силерден башка да кыздар барбы?
– Толтура. Бирок, азыр милициялар «рейд» жүргүзүшүп, көбү качып кирип кетти. Эми караңгы киргенден кийин чыга башташат.
– Кыздар, саатына канча?
– Жатакана өзүңөрдөн болсо 250 сом, бизден болсо 300.
– Бир түнгөчү?
1200 сом. Бирок, азыр убакыт эрте болгондуктан, көпкө түшүп каласыңар. Саат ондон кийин келсеңер арзаныраак болот.
– Бир жолкусучу?
10 мүнөт болобу, 20 мүнөт болобу, бир «палкасы» 200 сом.
– Түнгө 500-600 деп уктук эле го?
– Былтыр ошондой болчу, быйыл баа кымбаттады.
Ушул учурда биздин тушубузга иномарка келип токтоду. Экөө бизге кол шилтеп коюп, машинаны көздөй чуркашты. Машинада жашы элүүлөрдөгү курсактуу киши отурган экен...

СОЙКУЛАРДЫ ТЫЙГАН МЫЙЗАМ ЖОК...

Биз иликтөөбүздү андан ары уланттык. Караңгы кирген сайын топтолушкан кыздар көчө жээгинде көбөйө баштады.
Көпчүлүгү 18ден 30 жашка чейинкидей көрүнөт.
– Биз «одиночкаларбыз»,- дешти Фрунзе-Абдрахманов көчөлөрүнүн кесилишинде турган эки кыз.
Көрсө, «одиночка» дегени эч кимге баш ийбей, жеке иштегендер экен. Ал эми топ болуп тургандардын дээрлик бардыгында сутенёрлор (ортомчу жеңелер) болот.
Биз Абдрахманов көчөсү менен жогору көпүрөнүн үстүнө (Толстой көчөсү) чыкканыбызда топтолуп турган он бештен ашык кызга туш келдик. Дээрлик бардыгы 18-20 жаштын тегерегиндеги жаш кыздар экен. Аңгыча укук коргоо органдарынын түнкү күзөт машинасы келип токтогондо, топтолгон кыздар туш тарапка дыркырап качып беришти.
– Биз тынбай «рейдке» чыгып, колдон келишинче көчөнү «көпөлөктөр­дөн» тазалаганга аракет кылып жатабыз. Бизди көргөндө көз ачып-жумгуча таптырбай калышат. Бирок, сойкуларды тыйган мыйзам жок болгондуктан, аларды жоюу кыйын экен. Бир жерден кубаласаң, экинчи жерге барып турушат. Көчөлөрдө кыздар көп. Кимиси сойку, кимиси жөн турганын да айырмалаш кыйын болуп калды,- деди Биринчи май райондук ички иштер бөлү­мү­нүн старшинасы.

КҮЙӨӨМ МЕНИН СОЙКУ ЭКЕНИМДИ БИЛБЕЙТ...

Ошентип, андан аркы багытыбызды Ош базарын көздөй уладык. Фрунзе-Кулуев көчө­лөрүнүн кесилишиндеги сойкулар жашаган жатак үйлөрдүн бирине кайрылдым. Баарлашыш үчүн кыздардын бирин сатып алууга туура келди.
Ал жерден өзүн Наргиза деп тааныштырган кызды бир саатка 150 сом төлөп сатып алып бөлмөгө кирдим.
– Чечинип тур, мен душка түшүп чыга калайын. Жаңы эле бир клиент менен болуп чыктым эле,- деп сырт­ка кетип, арадан 6-7 мүнөт өт­пөй кайра кирди.
– Ой, бли-ин, дагы эле чечине элексиңби?
– Кичине сүй­лө­шүп отурбайлыбы?
– Башты оорут­пачы, сени менен сүй­лөш­көнгө убактым жок. Бол тез-тез ишиңди бү­түр. Сенден башка да клиент­тер толтура,- деп халатын ыргытты.
– Наргиза, халатыңды кийип ал. Мага өз тагдырыңды айтып берсең жетиштүү,- дедим.
Алгач сөгүнүп-сагынып каршы болду. Экөөбүз көпкө тартышып, акыры дагы 50 сом кошуп бергенимде кыскача мындай деди:
– Мен өзүм Нарындан келгем. Онунчу класста окуп жүргөнүмдө апам каза болду. Көп өтпөй атам жаңы аял алды. Мен өгөй энеме баш бербей, ээн-эркин болуп кеттим. Ошонун кесепетинен жигитимден боюмда болуп калып, ага шашылыш турмушка чыктым. Келин болуп, көшөгөгө кирген күн­дөн баштап эле кайненем экөөбүздүн ыркыбыз келишпеди. Башында ата-энемдин колунда жок экенине асылса, кийин эрте төрөп койгонум шылтоо болду. Акыры чыдабадым. Бир күнү кайненем менен ит-мышыктай катуу урушуп кеттим да, алты айлык баламды таштап Бишкекке баса бердим. Бул жакта жакын тууганым жок болгондуктан, алысыраак эжемдикине келдим. Көрсө, ал сутенёр экен. Башында мен үчүн эң күйүмдүү адамдай мамиле кылып жүрүп, акыры ушул жолго түрттү.
Быйыл иштегениме эки жыл болот. Башында ата-энемди, күйөөмдү, өзгөчө уулумду сагынып, күчүм­дүн баарын шолоктогон ыйдан чыгарчумун. Бирок, азыр акчадан башка эч нерсе кызыктырбай калды. Чынымды айтсам, күйөөм мени аябай сүйчү. Кийин мени издеп Бишкекке көп жолу келиптир деп уктум. Кел­гени менен экөөбүз кайра бирикпей калдык го...Сойкуга айланбаганымда ойлонуп көрмөк белем, ким билет...

СОЙКУНУН АРМАНЫН КАТКАН КҮНДӨЛҮК

Ал күнү кеч болуп кеткен соң үйгө кетип, эртеси иликтөөм­дү улантууга кайра чыктым. Бул жолу орточо баадагы түзүк кыздардын бири менен баарлашууну максат кылдым.
Үсөнбаев-Фрунзе көчөлөрүнүн кесилишине келгенимде 5-6 кыз турган экен. Таксини көрүп, баары бери жүгүрдү. Арасынан бир кыз гана умтулбастан ордунда кабагы суз кала берди.
– Мага тээтиги кыз керек,- дедим беркилерге. Алар: «Зуля, сени чакырып жатат» деп тигиге мыскылдуу карашты. Анчейин көңүлдөнбөгөн тиги кыз: “Биздин жатаканага барсаңыз гана иштейм” деп бери бурулду. Мен макул болуп 300 сом төлөп, жатаканасына бардым.
Менин жөн гана сырдашып отургум келгенин укканда сүйү­нүп кетти. Аты Зуля экен. Экөөбүз көпкө сүй­лөш­түк. Оштун алыскы районунан келип иштей баштаганына алты айдан эми өтүптүр. “Баарынан тажап кыйналып кеттим. Анан кээде бугумду чыгарып алыш үчүн күндө­лүк жазам” деп анын айрым жерлерин окутууга макул болду.

КҮНДӨЛҮКТӨН
«10. 09. 2006.
... Ушул эркектерди кудай неге мынча мыкаачы кылып жаратты экен?! Колумдан келсе баарын кескилеп салгым келет. Акыркы күндөрү каяктагы аферисттерге, кыз көрбөгөн таш боорлорго туш болчу болдум. Кечээ шыпылдаган Айбек деген жигит «үйдө досум эле бар» деп алдап алып кеткен. Барсам үчөө экен. «Кетем, акчаңарды кайра алгыла» дегениме карабай уруп-согуп, таң аткыча азабымды беришти. Келип «мамочкама» айтсам укмаксан болуп койду. Ага баары бир эмеспи. Денемдин баары ооруп, бутумду шилтөөгө дарманым келбей жатат. Болду, бү­гүн­ ишке чыкпайм...
17. 11. 2006.
... Кечээ классташым Нурбекке колго түш­түм. Анын бул жакка келээрин кайдан билейин. Жүгү­рүп бара калсам эле таанып калса болобу?! Уялганымдан өлбөгөн төрт шыйрагым калды. Акыры аны эч кимге айтпа деп алдап, таң аткыча бекер жатып бердим. Каалаган күнү келип тур дедим... Мен жө­нүндө кандай ойдо кетти экен? Акча жоктон ушинтип жүргөнүмө ишенбесе деле керек. Жашообуз жакшыраак болгондо бул жолго түшпөйт элем деп ыйлайм көбүнчө. Атама менин өлүү-тирүүмдүн зарылдыгы жок. Ага арак болсо болду. Болгону апамдан корком... Байкуш апам, мени кафеде иштейт деп ишенип жүрөт... Сойку болуп кеткенимди укса тирүүлөй өлүп алат го. О, кудай, ылайым апам укпаса экен...»

АРЗАНСЫҢБЫ? КЫМБАТСЫҢБЫ? КАЙДАСЫҢ?

Ошентип, эки күндүк кыдыруумдун жана ага чейинки жеке илик­төө­­лөрүм­дүн негизинде Бишкек шаарындагы сой­кулар тууралуу төмөнкүдөй жыйынтык чыгардым.

АРЗАНДАР
Сойкулардын эң эле арзандары Ош базарынын тегерегинде жана Бишкектин түндүгүндөгү трассада (объезд) табылат экен.

Ош базарына жакын Кулуев, Фрунзе, Бейшеналиева сыяктуу көчө­лөрдө сойкулар да, суткага берилүүчү кейпи кеткен жатак үйлөр да эң эле көп. Ал эми Ош базарынын жанындагы көп кабаттуу үйдүн подъездинен башка квартиралардан бөлүп турган темир торду көрүүгө болот. Мындай темир торду сутенёрлор күтүүсүз келген милициялардан жана алдап качып кеткен кардарлардан коргонуш үчүн жасашкан.
Кардарларды тей­лөө негизинен үчкө бөлүнөт:

  • Бир жолкусу же «палкасы» – 50дөн 150 сомго чейин.
  • Саатына – 100-200 сом.
  • Бир түнгө – 300-500 сом.
  • Жатаканага – 50-100 сом.

Аталган райондордо бир бөтөлкө аракка, же бир порция тамакка макул болгон селсаяк кыздар да көп учурайт. Ошол үчүн бул райондогу кыздарды жалпылап «дешёвкалар» деп коюшат экен. Мындагылардын 90 пайызын алыскы райондордон келген кыргыз кыздар түзөт.

ТҮЗҮК КЫЗДАР
Шаардагы сойкулардын баасына карап дагы бир бөлүгүн ушинтип койсок болчудай. Буларга Абдрахманов, Алматы, Совет көчө­лө­рүндөгү, Цирктин жана ЦУМдун тегерегиндеги кыздарды кошсок болот. Алардын 60-65 пайызы кыргыз кыздар, 30-35 пайызы орус кыздар жана 5-10 пайызы башка улуттардан.
Мындагылардын «палкасына» макул болгону сейрек кездешип, көбүнчө саатка жана бир түнгө чыгышат.

  • Палкасы – 200-300 сом.
  • Саатына – 250-400 сом.
  • Бир түнгө – 800-1200 сом.

Албетте, жогорудагы баалар болжолдуу түрдө алынды. Анткени, көбүнчө соо­далашканга жараша чечилет. Кээ бир кыздарга кардар жагып калса кыйла эле арзандатат. Кээде бир кызды үч-төрт кардар сатып алган учурлар да кездешет.

ЭЛИТНЫЙЛАР
Шаардагы эң эле кымбат сойкуларды ушундай аташат. Алар көбүнчө сауналарда, түнкү клубдарда жана белгилүү мейманканалардын тегерегинде иштешет жана чакыруу боюнча барышат. Кээ бир гезит бетин карасаңыз, «көңүлдүү эс алуу» деген сыяктуу жарыялар бар. Мына ошол кулактандыруулардын ээлерин көбүнчө кардарлар телефон аркылуу чакырышат.
Баалары бир түнгө 2000-4000 сом болот. Ошондуктан, мындайларга көбүнчө акчалуулар, чоң кызматта иштегендер жана чет элден келгендер барышат. Алардын басымдуу бөлүгүн орус тилдүү шаардык кыздар түзөт.

СУТЕНЁРЛОР

Бишкектеги сойкулардын дээрлик 80 пайызы «сутенёрлорго» баш ийет. Алар кыздарды жатакана, кийим-кече, тамак-аш менен камсыз кылышып, рекеттерден жана милициялардан арачы болушат. Айрым сутенёрлор бул кесипти тээ 90-жылдарда башташып, бүгүнкү күндө чоң бизнесменге айланышкан. Алардын эң байыгандары Араб Эмираттары, Корея, Европа сыяктуу чөт өлкөлөргө кыздарды сатып иштешет. Ошондой эле башында өздөрү да сойку болуп иштеген сутенёрлор бар. Алар сойкулуктун жолун өздөштүрүшүп, ушул жолго өтүшкөн.
Сутенёрлордун колунан «кыздыгы бар» жаш секелектер да табылат. Алардын баасы 150-200 доллардан жогору бааланат экен. Негизинен, бардык сутенёрлордун ишенген «крышалары» бар.

СӨЗ СОҢУ

Кыскасы, ушундай, окурман. Сойкулар жөнүндө жаза берсек түгөнчүдөй эмес. Албетте, бул жерде сойкуларды бир жактуу күнөөлөш да туура эмес. Алардын көбү жетишпестиктен, жумушсуздуктан, акчанын айынан ушундай ыплас жолго барып жатат.
Бирок, эң эле өкүнүчтүүсү, «өзүбүз үч миллиондон ашпаган улут болсок, анын ичинен он миңдей келин-кыздарыбыз сойку болсо эртеңкибиз эмне болот? Улутка таандык адеп-салт бизге улам чоо­чун болуп баратабы?» дегиң келет.

Мурас Айти

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (1)
lubov
2012-03-14 21:18:20
мен орусияда бир кыргыз кызын кордум ото коп акча таап келет каерде иштейсин?-деп суроо берсем офисте дейт кийин уктум сойку деп кунуно 10000 20000 рубль таап келет эле
+2
№ 222, 2-8-февраль, 2007-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан