Садыр Жапаров: "БИЗДИН ИШИБИЗДИ КУДАЙ ӨЗҮ ТҮЗДӨДҮ"

– Саламатсызбы? Садыр Нуркожоевич, сиз кайсы мыйзамдардын негизинде «Центерра» Кыргызстанга 3 жарым миллиард доллар төлөсүн» деп эл аралык сотко бердиңиз?
– Саламатчылык! Буга биздин Баш мыйзам уруксат берет, экинчиден, адам укуктары боюнча эл аралык нормалар бар. Ага Бириккен Улуттар Уюмуна мүчө мамлекеттердин баары кол коюшкан. Анын ичинде Кыргызстан да барбыз. Ошол келишимдердин баарында так жана даана жазылган, кайсы мамлекеттин жараны болбосун, эгер анын укугу бузулса же кандайдыр бир адилетсиз зыянга учураса, анда ал эл аралык сотторго кайрылууга укуктуу. Бул жерде биздин элибиздин укугу бузулуп, ден соолугуна зыян келип жатат. «Центерра» «Кумтөрдү» иштетүүдө эл аралык стандарттарды так сактабай, элибиз цианид аралашкан суу ичип, Нарын менен Ысык-Көлдө оорулуу балдар төрөлүп жатат. Мындан сырткары жалпы элибиздин байлыгын талап-тоноп кетип жатышат. Жаратылышыбызды талкалашты. Экономикалык да, экологиялык да эбегейсиз зор зыян алып келишти. Биздин бийлик жетиштүү көңүл бурбаган соң айла жок эл аралык сотко кайрылуу боюнча иш алып бардык. Баарын тактап көрүп, утуп аларыбызга көзүбүз жетти да, эл аралык соттордо катышып жүргөн компания менен келишим түздүк. Азырынча арыз тапшыра элекпиз, элден кол топтоп баштадык. Качан гана жетиштүү кол топтолгондо барып тапшырабыз.

– Билишиме караганда, биринчи биздин жергиликтүү соттор карап, болбой калса анан эл аралык сотторго кайрылыш керек эле. Сиз кандайча түз эле эл аралык сотторго кайрылам деп жатасыз?
– Эң туура суроо бердиңиз. Бул жерден биздин ишибизди Кудай өзү түздөдү. «Центерра» менен акыркы келишим түзүлгөндө экологиялык талаш-тартыштар болсо, Кыргызстандын сотторуна, ал эми экономикалык же юридикалык жактан талаш-тартыштар болсо, анда түздөн-түз эл аралык сотто чечилет деп жазылыптыр. Ошол себептен түздөн-түз эл аралык сотко кайрылууга болот. Алгач юридикалык компания менен биргеликте баарын тактадык, изилдеп чыктык, жеңип чыгарыбызга көзүбүз жеткенде мына эми иш баштап жатабыз.

– Эмнеге буга чейин кыргыз тарап эл аралык сотторго кайрылбай келген? Өкмөттө бардык мүмкүнчүлүктөр бар да?
– Мурда «Кумтөрдүн» мындай былыктарын билген эмеспиз. Мурда текшерүүгө киргизишчү эмес. 5 жыл мурда баарын текшерип көрүп, болгон чындыктын баарын ачып чыктык. 5 жылдан бери баары ачык көрүнүп турса да, тигилерди жактап келе жатышкан биздин аткаминерлерди өзүңөр көрүп эле келе жатпайсыңарбы. Эл аралык сотко бермек түгүл, тигилерди төшүн тосуп коргоп келе жатышат. Анткени көпчүлүк аткаминерлерибиздин алар менен экономикалык кызыкчылыктары, бизнестери бир. 5 жылдан бери «Кумтөрдү» алабыз, 50/50 пайызга сүйлөшүү жүргүзүп жатабыз, макул болушпаса эртең-бүрсүгүнү эле алып коёбуз» деп калп эле элдин башын айлантып алаксытып келе жатышпайбы. Бул убакыттан бери эмне деген алтындарды чыгарып кетишти?! Биздин бийликтин алар менен тили бир болуп жатса, анан кантип сотко беришмек эле?! Эгер кокус эле бийликтегилердин ниеттери оңолуп, макул, биз берели десе, сотко берүү келишимди өкмөткө өткөрүп беребиз. Кудай жалгасын.

– Эл аралык соттон 3 жарым миллиард долларды утуп алдыңыздар дейли, бул акча өлкө казынасына түшөбү?
– Кудай буюруп утуп ала турган болсок, биздин бийлик башындагылар ишенимдүү болсо, анда республикалык казынага түшүрсөк болот эле. Бирок биздин бийлик башындагылар ишенимдүү болбой жатпайбы. Баарын көрүп жатпайбызбы, чет мамлекеттерден миллиарддарды карыздап алып, жол салып жатабыз деген шылтоо менен жарымын жеп коюп жатышат. Бул акчаны дагы тез эле жеп коюшат. Ошол себептен утуп алсак, "Үмүт булагы" коомдук фондунун эсебине түшүрүп, 7 облустан көзөмөлгө алып туруучу аксакалдар кеңешин шайлап, жалаң гана улуттук долбоорлорду каржылайбыз. Баары ачык, элге түшүнүктүү болот. Эгер күздө бийлик башына ишенимдүү адамдар келип калса, анда түз эле республикалык казынага түшүрүп, улуттук чоң долбоорлорду каржылоого жумшасак болот.

– Сиз тууралуу "ушунун баарын эмнеге мурда көтөргөн эмес? Өзү да мурда депутат болгон, мүмкүнчүлүгү бар болчу" деп айтып жүрүшөт...
– Мен 2005-жылы депутат болуп келдим. Ал кезде саясатта тажрыйбам аз болсо да, келерим менен ушул маселени көтөргөм. Комиссия түзүлүп, Кубанычбек Исабеков башчылык кылып, 2010-жылга чейин текшерди. Мен ал комиссияга кирген жок элем, ар бир облустан бирден депутат киришкен. 2007-жылы бизди таратып жиберип, ошол бойдон менде маалымат жок болчу. Кудайдын буйругу менен 2010-жылы кайра депутат болуп келип калдым. Депутаттык комиссия түзүп, өзүм башында туруп, бардык былыктарын ачып, жалпы элге жарыяладым. Жыйынтыгын көрүп жатасыздар.
Мындан 7-8 жыл мурда "Каркыраны Садыр Жапаров саткан" деп менин тырмакчадагы досторум ушак таратып койсо, бүткүл көлдүк туугандарым ишенип алыптыр. Тетирисинче, Каркыра кетип калбасын деп 80ге чыккан атам, 10-15 айыл аксакалдары, 47 депутат болуп 3 күн бою Каркырада чек араны өлчөп, "625 гектар жерибиз өтүп кетип жатыптыр, картаны кайра карап чыккыла" деп 2007-жылдын аягына чейин сессияга койдурбай келгем. 2007-жылы күздө бизди таратып жиберип, 2008-жылы жазда ратификациядан өткөрүп жиберишти. Мен ал кезде эч ким эмес элем. Эгерде жалганчылар айткандай "Ак жол" партиясында депутат болуп отурган болсом, өлсөм да Каркыраны ратификациядан өткөртпөйт элем. Күчүм да, акылым да жетет эле. Ошондуктан ким болбосун суроо берерде анализдеп, тарыхты тактап, ойлонуп туруп бериш керек.

– "Жапаров өзү "Кумтөргө" "доляга" кирбей калып, чукуп жүрөт" деген сөздөргө кандай жооп бересиз?
– Кимде ким ушул сөздү таратып жүргөн болсо, 2 дүйнөдө жакшылык көрбөйт. Кудай көрүп, билип турат. 100 миллион долларын көтөрүп алып менин артымдан 2 ай бою чуркап жүрүшкөн "былыгыбызды ача көрбө, мына ушуну алып кой" дешип. Алардын арасында бийликте отургандар да болгон. Муну көпчүлүк депутаттар билет. Айрымдары азыр да парламентте отурушат. Цианид жутуп отурган элдин убалынан корком. Бул эле эмес, 2012-жылы парламентте карап жатканда, менин жердеш депутаттарым башка ушак да таратышкан. «Садыр Жапаров кытайларга 7 миллион доллар карыз болуп калып, «Кумтөрдү» алып берген жатыптыр. Ошол үчүн өкмөткө өтсүн дегенге каршы добуш берген жатабыз» дешип. Себеби Нарын, Жети-Өгүз, Балыкчы шаарларынын жергиликтүү депутаттары келип, Жогорку Кеңештин депутаттарын макул деп добуш бергиле деп кысымга алып отурушкан. Жогорку Кеңештин депутаттарынын көпчүлүгү сатылып кетип, анан өздөрүн актоо үчүн ушундай ушак таратышкан. Нарын, Ысык-Көлдөн келгендер чын экен деп алданып калышкан. Мунун баары кийин кеч болуп калганда ачыкка чыкты.

– Акыркы суроом. Сиздин бир тууган агаңыз Сабыр Жапаровду Жыргалаң шахтасын иштете албай банкрот кылды дешет. Сиздин комментарийиңиз?
– Жыргалаң шахтасын 2007-жылы өкмөт иштете албай калып, аукционго коюп саткан. Ага чейин шахтага республикалык казынадан жылына 30 миллион сом жумшап, 10 миллион сомдук да көмүр казышчу эмес экен. Ошол жылы казактар жана башка бир топ кыргызстандык фирмалар аукционго катышып, менин агам утуп алган. Өкмөт 25 миллион сом карызы бар деп алдап сатып жиберген экен. Бухгалтериясын өткөрүп алганда 65 миллион сом карызы чыккан. Эптеп-септеп, бар байлыгын сатып, 2009-жылга чейин карызын толук жаап, өкмөт иштете албай калган шахтаны инвестор таап келип иштетип баштаган. Жумушчулардын эмгек акыларын 1500 сомдон 30 миң сомго чейин көтөргөн.
2012-жылы мен "Кумтөрдүн" былыгын ачып баштаганда, бийликтегилер агама келишкен. "Иниңдин оозун жап, болбосо шахтаңды иштетпейбиз" дешип. Агам мага келип жагдайды түшүндүрдү. Ошондо ага "Кумтөр" маселеси шахтага алмаштыра турган маселе эмес. Бул маселе 5 миллион элдин, Кыргыз мамлекетинин кызыкчылыгы. Жалпы элдин кызыкчылыгын, жалгыз сиздин кызыкчылыгыңызга алмаштырбайлы. Ошондуктан сиздер таза иштеңиздер, салыкты өз убагында төлөп туруңуздар, эң негизгиси мыйзамдарды так сактап турсаңыздар, эч ким тие албайт" дедим. Тилекке каршы, андай болбоду. 90 жолу текшерүү барды. Шахтанын 7 миң тонна көмүрүн өкмөт ТЭЦтерге ташып кетип, бир тыйын акчасын бербей жатып алышты. Ал убакта мени СИЗОго камап коюшкан эле. Акчабызды бергиле деп барышса, мамлекеттик ишканадан ачык эле айтышыптыр, «Ак үйдөн бербегиле деп буйрук келген, бере албайбыз» деп. «Эмнеге?» дешсе, «Жапаровдордун колуна акча тийсе, революция жасап жиберет» дептир.
Андан кийин инвесторлорду коркутуп, кубалап тынышты. Мына бүгүн эми шахта соцфондго 500 миң сом карыз болуп калды деп банкрот кылып, шахтаны өкмөт кайра алып койду. Убагында шахтадан ташып кеткен көмүр үчүн өкмөт 5 миллион сомго чейин карыз болуп жүргөн. Ал үчүн эч ким жооп берген жок. Бийликтин бул кылыгы туура эмес. Мени оппозиция деп, Ысык-Көлдүн жалгыз көмүр шахтасын жаап, талкалап жок кылышты.
Ушундай себептерден улам биздин өлкөбүз өнүкпөй жатат. Ал эми телевидениеден, гезиттерден элге жаман көрсөтүш үчүн Жыргалаң айылынын анча-мынча шахтага нааразы болгон адамдарын сүйлөтүп, "Жапаровдун агасы бир шахтаны иштете албай жатып, "Кумтөргө" асылып эмне кылат?" деп жатышат. Биздин телевидениебиз, гезитибиз жок, элге так маалыматтарды жеткире албай жатабыз. "Чындык эшикке чыкканча, калп дүйнөнү кыдырып келет" дейт. Буюрса, убакыт келет, чындыкты элге жеткиребиз. Андыктан бийликтин телевидениесине, гезиттерине ишене бербегиле.

"САДЫР ЖАПАРОВДУ КОЛДОШУБУЗ КЕРЕК"

Чолпон Жакупова,
укук коргоочу:
– Садыр Жапаров эң туура кадам жасаган. Ар бир жаран эл аралык сотко кайрылганга укугу бар. Анан да биздин Адилет министрлигинен каттоодон өткөн юридикалык фонддун атынан бериптир. Эл аралык келишимдер, нормалар жана биздин Баш мыйзам эл аралык сотторго кайрылганга жол берет. Баш мыйзамдын 41-беренесинде "ар ким бузулган укуктары менен эркиндиктерин коргоо үчүн эл аралык келишимдерге ылайык адам укуктары боюнча эл аралык органдарга кайрылууга укуктуу" деп так жазылган. Бул жерде биздин жарандарыбыздын укуктары бузулууда. Нарын суусунда цианид бар экен, аны элибиз ичип жатат. Элибиздин ден соолугуна зыян келип жатат. Мамлекетибизге эбегейсиз зор экологиялык зыян келтиришүүдө. Миң жылдык мөңгүлөрүбүздү талкалап жатышат. Ошондуктан эң туура кадам болгон. Баарыбыз колдошубуз керек.

Базарбай Мамбетов, коомдук ишмер:
– Бүткүл кыргызстандыктар Садыр Жапаровдун канадалык компанияны эл аралык сотко берген демилгесин колдошубуз керек. Бул идеяны жалпы элдик кыймыл аркылуу ишке ашыруубуз абзел.

Ибрагим Жусуев

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (15)
bishkek90
2017-02-08 09:30:34
Садыр Жапаров озу эле суйлойт
-6
Eldiarkrasavchik
2017-02-08 10:49:01
Молоцы,колдойбуз!
+13
BekAmir
2017-02-08 14:11:48
Азамат
+11
Darin
2017-02-08 15:24:32
Айканыздын баары туура Эгер иш жузуно ашса, эл деле карап отурбайт кол чогултуп беришет буйруса. Аракет кыла бериниз элдинда мээси ойгонуп кимге ишенип, кимди колдош керек экенин тушунуп калды.
+10
muslima93
2017-02-08 18:16:15
Садыр Жапаров сизди колдойбуз элибиз учун колунуздан келишинче аракет кылып женип чыгыныздар.
+9
Aiba89
2017-02-08 23:09:10
Президенттике татыктуу кыргызымдын чыгаан, мекенчил жигити. Сиздей адам президент болгондо эбак Швецария болмокбуз. Ишинизге ийгилик только перед.
+7
ilgis1991
2017-02-09 13:16:07
Атаганат,сиздей эр жигиттер коп болсо кана!!!
+5
zhusaliev89
2017-02-10 06:21:40
Колдойбуз
+4
Uragan07
2017-02-11 00:02:14
Садыр Жапаров менен Мелис Мырзакматов келе жаткан президенттик шайлоого биригип барыңыздар. 100% эл сиздер менен. Шайлоо таза өтө.
+2
anyshka
2017-02-11 17:16:51
Колдойбуз!!!
+2
ernis_07
2017-02-12 00:04:25
Садыр аке ишинизге ийгилик,Аллахым озу жар болсун.
+1
ali.95
2017-02-12 14:59:21
Ар бир жаман кундордун келечек жакшы кундору бар , ар бир жакшы кундордун отмушто жаман кундору болгон. Ак ийилет бирок сынбайт. Сабр тубу сары алтын ! Умут узбонуз эч качан акыркы секундка чейин .
0
joni_91
2017-02-12 22:11:09
Ушундай жигиттерди колдош керек
0
Omush94
2017-02-13 21:59:28
Мен колдойм тажрыйбаныз мн бизге да болушунуз кытайлар иштеткен фирмаларды да олкодон чыгаралы
0
Nur1k
2017-02-14 12:13:40
120 журжутаттын хоть 3-4су сиздей болгондо КР кыйлага барып калмак бирок деген жери барда. Сизди шайлаганга аракет кылабыз жапаров
0
№ 744, 03-09-февраль, 2017-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан