"БАЛ-БАЛАКАЙ" СЫНАГЫНЫН ЖЕҢҮҮЧҮЛӨРҮ УЧУРДА МЕКТЕП ОКУУЧУЛАРЫ

"Супер-Инфо" гезити өзүнүн тарыхында элге маалымат жеткирүү менен гана чектелбестен, окурмандарына түрдүү сынактарды жарыялап, белек тартуулап ар биринин эсинде калып келет. Биздин кичинекей аудиториябыздын окурмандары "Бал-балакай" рубрикасына кызыктуу сүрөттөрүн жиберишип, эмгек жамаатыбыздын атынан белектерге ээ болушкан. Дал ошол мотурайган бал тилдүү балдарыбыздын айрымдары бүгүн бизде конокто.

2010-жылы чыккан №407-сандагы "Бал-балакайдын" жеңүүчүсү Рамазан Дүрбөлөңов, 10 жашта: "БАЛДАРГА АРНАЛГАН БЕТТИН ЧЫГЫШЫН КҮТӨМ"

– Мен Бишкек шаарындагы Көк-Жар жаңы конушундагы К.Бобулов атындагы №88 орто мектептин 4-классын аяктап жатам. Окуудагы жетишкендиктерим – "4", "5" деген бааларым. Кыргыз адабияты, математика жана дене тарбия сабактары аябай жагат. Окуудан тышкары өзүм курактуу балдар менен футбол ойнойм. Үйдөн бокс менен машыгам, атам – машыктыруучум. Мындан тышкары эркин күрөш менен машыкчумун, үй тапшырмасы көп болгондуктан азыр барбай калдым. Жайкы эс алууда кайрадан машыгып баштайм. Мага жомок китептерди окуган абдан жагат. Мурун гезиттеги жомокторду чоң апама "окуп бер" дечүмүн. Окуганды үйрөнгөндөн кийин өзүм эле окуп калгам. Балдарга арналган беттин чыгышын күтөм.

Гүланда Исабекова, Рамазандын чоң апасы: "РАМАЗАНДЫН ФОРМАСЫН 1 АЙ ДЕГЕНДЕ ТАПКАМ"

– Ал күн бүгүнкүдөй эсимде. Гезиттин ар бир санын калтырбай сатып алып окучумун. Бир жолу балдардын сүрөтүнө сынак жарыяланып жатканын көрүп неберемди чыгарайын деп чечтим. Анда Рамазан 4 жашта болчу. "Аскерге барып, кызмат өтөйм. Аскер адамы болуп баарын коргогум келет" дечү. Оюма ошол нерсе келип балама аскер кийимин издеп баштадым. Форманы таппай бир ай убара болуп жүрдүм. Баш кийимин дүкөндөн алсам, шымын базардан алып дегендей. Ошентип атайын сүрөткө тартып, сынакка жибергем. Жеңүүчү деп табылганда баламдын кубанганын көр. Үйдө "Супер-Инфону" Рамазан экөөбүз окуйбуз.

2013-жылы чыккан №545-сандагы "Бал-балакайдын" жеңүүчүсү Осмон Азамат уулу, 7 жашта: "ЧОҢОЙСОМ МАШИНА АЙДАБАЙ ЭЛЕ АТ МИНИП ЖҮРӨ БЕРЕМ"

– Мен 1-класста окуйм. Мектепте 2 досум бар. Мага китеп окуган жаккан жок. Ойногонду жакшы көрөм, мисалы, жашынмак, анан кубалашмак ойнойм. Футболду да жакшы көрөм, бирок тобум жок. Телевизордон мультфильмдерди көп көрөм. "Сулайман" деген кино жагат, анткени ал жакта көп аттар бар. Мен кийин машина айдабай эле ат минип жүрө берем. Атамдай болуп комуз чертиш үчүн көп нерсе жатташ керек да, ошондуктан комуз чертким келбейт. Ырчылар жакпайт. Алар дайыма окшош эле ырдай беришет. Чоңойсом футболчу же милиция кызматкери болом.

Жайнагүл Жекшенбекова, Осмондун апасы: "СҮРӨТТӨГҮ КҮЧҮКТӨР КОШУНАБЫЗДЫКЫ БОЛЧУ"

– Осмон фотосынакка катышканда 1 жарым жашта болчу. Тай-тай басып жүргөн кези эле. Күчүктөр тамак жеп жатканда жанына барып, алардын кебетесин көрүп кете албай отуруп калган экен. Ошондо сүрөткө тартып алып, атасына сүрөттү жибергем. Бир жолу жолдошум "фотосынакка сүрөт жиберели" деп ошол сүрөттү жөнөтүптүр. Жеңүүчү болгондо, албетте, кубанганбыз. Ошондо оюнчук коён утуп, дагы бир ирет гезитке чыкканын билем. Кызыгы, ал күчүктөр кошунабыздыкы болчу. Биз жакка келип калганда тамак берип койчубуз. Осмон атасына окшоп чыгармачыл эмес. Техникага кызыгуусу артып турат.

Бактыгүл Момбекова
star@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 758, 12-18-май, 2017-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан