КАСИЕТТҮҮ РАМАЗАН ТУУРАЛУУ

Касиеттүү Рамазан айында орозо кармоо – исламдын беш түркүгүнүн негизгилеринин бири. Анан да ислам каадаларынын туу чокусу. Касиеттүү Рамазан айындагы орозонун Алла Тааланын тарбиялоочулугуна, адамдын коомдук жашоосуна, жеке турмушуна, напсисин тарбиялоого, берилген ырыскыларга шүгүр кылууга караган көптөгөн акылмандуулуктары бар. Ошонун тогуз акылмандуулугун баяндаган тогуз мааниси. Рамазан айы ушундай бир ай, бул айда адамдарга туура жолду көрсөтүүчү, ачык-айкын аяттар көрүнүшүндө ак менен караны айырмалаган Куран түшүрүлдү (Куран 2/185).

БИРИНЧИ МААНИ:

Касиеттүү Рамазан айында орозо кармоо – исламдын беш түркүгүнүн негизгилеринин бири. Анан да ислам каадаларынын туу чокусу.
Ошентип касиеттүү Рамазан айындагы орозонун Аллах Тааланын тарбиялоочулугуна, адамдын коомдук жашоосуна, жеке турмушуна, напсисин тарбиялоого, берилген ырыскыларга шүгүр кылууга карата көптөгөн акылмандуулуктары бар.
Орозонун Алла Тааланын тарбиялоочулугуна тиешелүү өңүттөн караган көптөгөн акылмандуулуктарынын бири төмөнкүдөй: Алла Таала жер бетин дүйүм ырыскыларга толо жайыл дасторкон түрүндө жаратып, үстүндө ырыскыларынын бардык түрлөрүн ыкмасы менен дасторконго жайып, ошол абал менен өзүнүн тарбиялоочулугун, мээримдүүлүгүн жана акылмандуулугун түшүндүрүп келет. Ал эми адамдарга кайдыгерлик пардасы жана себептер чөйрөсү бөгөт болгондуктан, алар ошол абалдын түшүндүрүп берген акыйкатын толук көрө алышпай, айрым учурда караманча унутуп калып жатышат.
Ал эми касиеттүү Рамазан айында болсо, ыймандуулар көз ачып жумганча тартиптүү аскерлердин кейпин кийишет. Күн батаарга жакын Султаны Эзелкинин зыяпатына чакырылган таризде «Кана эмесе, өтүңүз!» деген буйрукту гана күтүп турган сыяктуу кулчулук абалын көрсөтүшөт. Ошол ырайымдуу, айбаттуу жана жан бүткөндүн баарысын жалпы камтыган мээримдүүлүккө карата өздөрүнүн кең, улуу жана тартиптүү кулчулугу менен жооп кайтарып жатышат.
Ушундай улуу кулчулукка, ошондой шаан-шөкөттүү урмат-сыйга кошулбаган адамдар деги адам деген атка татыктуубу?

ЭКИНЧИ МААНИ:

Куттуу Рамазан айынын орозосунун Алла Тааланын берген ырыскыларына шүгүр кылуу өңүтүнөн караган көптөгөн акылмандуулуктарынын бири мындайча:
Биринчи Сөздө айтылгандай падышанын ашканасынан бир ортомчу аркылуу алынып келинген тамактар бир акы төлөөнү талап кылат. Ортомчуга чайлык пулун төлөп берип, бирок өтө баалуу болгон ошол сыйлыктарды барктабай, ал ырыскыларды берген Затты унутуп эске албоо чектен ашкан бир акмактык болот.
Ушул сыяктуу Алла Таала ырыскылардын чексиз түрлөрүн инсандар үчүн жер бетине жайып койгон. Ошол белектеринин акысы катары адамдардан шүгүр кылууну талап кылат.
Адамдарга берилген ырыскылардын сырткы себепчиси же ээси ортомчу кызматында болот. Ал ортомчуларга акысын берип, жан алы калбай жалпактап ыраазычылык билдирип жатабыз. Атүгүл алар татыктуу болбосо да, көптөгөн урмат-сыйларды аларга көрсөтүүдөбүз. Ал эми чындыгында Муними Хакики (Чыныгы Ырыскы Ээси) өзүнүн ырыскылары аркылуу сырткы себептерге караганда чексиз деңгээлде шүгүр айтууга ылайыктуу.
Ал Затка шүгүр кылуу деген ошол сыйлыктарды түздөн-түз Андан деп билип, ошол сыйлыктардын баалуулугун барктап, аларга өзүнүн муктаждыгын сезүү менен гана болот.
Ошентип, Рамазан айындагы орозо чыныгы, калыс, улуу жана жалпы шүгүрчүлүктүн ачкычына айланат. Себеби орозо айынан башка учурларда адамдардын көпчүлүгү чыныгы ачкачылыкты башынан өткөрүшпөгөндүктөн, аларга берилип жаткан көптөгөн ырыскылардын баалуулугун толугу менен айырмалай алышпайт. Бир сындырым катыган нандагы ырыскынын кадыры курсагы ток адамга (айрыкча бай болсо) анча деле билине бербейт.
А бирок ифтарда (ооз ачарда) ошол катып калган нан ыймандуу адамдын көз алдында Аллахтын өтө баалуу ырыскысы экендигине даам татуу органы (куввеи заика) күбөлүк берет. Ыйык Рамазан айында ар ким падышадан тартып эң жакыр адамга чейин ошол ырыскылардын баалуулугун түшүнүшөт да, руханий шүгүрчүлүккө жетишишет.
Ал эми күндүзгү убакта тамактан тыюу салган жагын айтсак:
«Бул ырыскылар менин мүлкүм эмес. Аларды эркин пайдалана албайм. Демек, башкасынын мүлкү жана сыйлыгы. Анын гана буйругун күтүп жатам»- деп нээматты чыныгы сыйлык деп билет. Руханий шүгүрчүлүк кылат.
Мына орозо бул жагынан көптөгөн тарабы менен инсандын чыныгы милдети болгон шүгүрчүлүктүн ачкычына айланат.

ҮЧҮНЧҮ МААНИ:

Орозонун адамдардын коомдук турмушуна караган көптөгөн акылмандуулуктарынын бир акылмандуулугу төмөнкүдөй: адамдар турмуш-тиричилик жагынан бири-бирине окшошпогон абалда жаратылган. Алла Таала да ошол карама-каршылыкка байланыштуу бай адамдарды кембагалдарга жардам берүүгө чакырат. Ал эми чындыгында байлар кедейлердин боор ачый турган ачка абалын "ач кадырын ток билбейт" дегендей орозодогу ачкачылык менен гана толук сезе алышат.
Эгерде орозо болбогондо напсинин туткуну болгон көптөгөн байлар ачкачылык, жакырчылык канчалык кайгылуу жана кедейлер да канчалык мээримге муктаж болгонун билбей калышмак. Мына ошондуктан адамдардын табиятындагы жогорку сапаттардан болгон ырайымдуулук жана мээримдүүлүк чыныгы шүгүрчүлүккө негиз болот. Кандай гана адам болбосун өзүнөн да жакыр адамды таба алат, андыктан аларга мээримдүү болууга милдетүү.
Эгер напсисин мажбурлап ачка калтырбаган болсо, анда башкаларга жардам берүү, жакшылык кылуу деген адамдык милдетин толук аткара албайт. Аткарса да толук болбой калат. Анткени ошол ачкачылык абалды өзү жон териси жана жан дили менен сезген эмес.

ТӨРТҮНЧҮ МААНИ:

Касиеттүү Рамазан айында напсини тарбиялоо жагына караган орозо тутуунун көптөгөн акылмандуулуктардын ичинен бир акылмандуулугу бул: напси өзүн эркин жана көз карандысызмын деп билет. Ошондой деп кабыл кылат.
Атүгүл кыялдуу, негизсиз башкаруучулукту, өз алдынча аракет кылууну жаратылышынан арзуу кылып келет. Сансыз ырыскылар менен камсыздалып жатканын ойлогусу да келбейт. Айрыкча бай жана күчтүү болсо, ага кайдыгерлиги да кошулса, бардык нерсени зордук менен басып алып, айбан сыяктуу Аллахтын сый-белектерин (нээматтарын) жеп-жутуп мойсой баштайт.
Ошентип Рамазан айында ар кимдин напсиси эң бай адамдан тартып, эң кедей адамга чейин өзүнө-өзү кожоюн эмес, кызматчы, эркин эмес, кул экенин түшүнүп калат. Аллахтын буйругу болбосо эң жөнөкөй, жеңил нерсени да жасай албай, жада калса колун сууга да узата албай турганын түшүнөт, кыялындагы куруп алган салтанаттуу бийлиги бырын-чырыны чыгып талкаланат. Кулчулук кылууга бел байлап анын чыныгы милдети болгон шүгүрчүлүккө өтөт.

БЕШИНЧИ МААНИ:

Рамазан айындагы орозонун напсини адеп-ахлактуу кылып оңдоп-түзөөгө, моюн сунбаган аракеттеринен кайтарууга караган көптөгөн акылмандуулуктарынын бирөөсү төмөнкүдөй: адамдын напсиси кайдыгерликтин айынан өзүн карандай эле унутуп коёт. Жаратылышындагы чексиз алсыздыгын, кембагалдыгын жана толгон-токой кемчиликтерин көрө албайт, көрүүнү да каалабайт.
Мындан сырткары ал канчалык күчсүз, жок болууга дуушар, балээ-кырсыктарга бута, ошондой эле тез бузулуп, ажырап кете турган эт менен сөөктөн куралганын ойлобойт.
Кудум болоттон куралган бир денеси бар сымал, өзүн өлбөчүдөй элестетип, дүйнөгө умсунуп талпынат. Катуу бир ач көздүк жана күчтүү бир ашыктык менен дүнүйөгө жипсиз байланат. Өз кызыкчылыгына керектүү болгон жыргалдуу нерселерге байланып калат.
Аны жогорку мээримдүүлүк менен тарбиялап жаткан Жаратуучусун унутуп коёт. Өмүрүнүн жыйынтыгы кандай болооруна көңүл бурбай, түбөлүктүү жашоо жөнүндө түк ойлобойт. Зыяндуу жана булганыч күнөөлөрдүн кучагына култ этип кирип кетет.
Ошентип Рамазан айында эң кайдыгер, өтө өжөр адамдар да орозо аркылуу өзүнүн күчсүз, алсыз жана кедей экендигин сезе башташат. Ачка калуунун натыйжасында алар кара курсагы жөнүндө ойлонуп, ашказандын муктаждыктарын түшүнүшөт.
Алсыраган денеси канчалык бышык эмес, сапатсыз экенин эстеп, алар Аллахтын ырайымдуулугуна канчалык муктаж болгонун билип калышат. Адам напсисинин фараондугун (текебердигин) таштап, Аллах Тааланын даргөйүндө жалбарууга алсыздык жана жакырдык аркылуу бир арзуу сезими ойгонот. Руханий шүгүрчүлүктү баштоо менен Аллахтын мээримдүүлүгүнүн каалгасын, эгерде кайдыгерлик жүрөгүн буга чейин бузбаган болсо, такылдатууга даярдана баштайт.

АЛТЫНЧЫ МААНИ:

Ыйык Куран түшүрүлгөн Рамазан айынын көптөгөн акылмандуулуктарынын эң маанилүү дагы бир акылмандуулугу төмөнкүдөй: ырас, даанышман Куран Рамазан айында түшүрүлгөн.
Анын ошол түшкөн учурун эске салып, бул кайрылууну жакшы тосуп алуу үчүн жаман каалоолордон тыйылып, керексиз иштерден арылып, жеп-ичүүнү токтотуп, периште абалына жакындашуу керек. Курандагы Аллахтын буйруктарын эми гана түшүп жаткандай кунт коюп угуп окуу керек. Бул кайрылууну Пайгамбарыбыз (с.а.в)дын өз оозунан уккан сыяктуу тыңшоо, балким Жабраил (а.с) периштеден, балким, Эзелки Сүйлөөчүнүн (Мутакаллим-и Азалиянын) өзүнөн угуп жаткандай бир ыйык абалга татыктуу болуу керек. Мындан сырткары, өзү дагы Куранга котормочу болуп, башкаларды да аны укканга үгүттөп, адамдарга Курандын түшүрүлүшүнүн акылмандуулугун бир даража көрсөтүү абзел.
Ооба, Ислам дүйнөсү касиеттүү Рамазан айында кудум бир мечит сыяктуу бир абалга өтөт. Ал ушундай бир мечит дейсиз! Миллиондогон хафыздар (карылар) ошол чоң мечиттин ар бир бурчунда асмандан келген кайрылууну жердин жашоочуларына жарыялап уктурушат. Рамазан айы «Рамазан айында Куран түшүрүлгөн (Куран 2/185)» аятын нурдуу, жаркыраган бир абалда көрсөтүп жатат. Рамазан Курандын айы экенин айныксыз далилдеп турат. Ошол абдан чоң жамааттын башка өкүлдөрү да хафыздарды кичи пейилдүүлүк менен угушат. Ал эми айрымдары өз-өзүнчө Куран окушат.
Ушундай бир абалдагы ыйык мечитте напсинин жаман каалоолоруна туткун болуп, жеп-ичүү аркылуу ошол нурдуу жамааттан узак туруу жеткен адепсиздикке жатат. Анан да ошол мечиттеги жамааттын руханий жийиркенүүсүнө да дуушар болот. Ошондой эле куттуу Рамазанда орозо туткандарга артын салуу менен жалпы Ислам дүйнөсүнүн руханий иренжүүсүнө жана акааратына да кабылышат.

ЖЕТИНЧИ МААНИ:

Рамазан айындагы орозонун бул дүйнөгө акырет үчүн эгин эгип, соода кылууга келген адамзаттын тапкан сооп пайдасына караган көптөгөн акылмандуулуктарынын дагы бир акылмандуулугу төмөндөгүдөй:
касиеттүү Рамазан айында сооптуу амалдар бирге миң болуп жазылат. Ыйык хадистин түшүндүрмөлөрү боюнча акылмандуу болгон Курандын ар бир тамгасынын он сообу бар, ага он жакшылык жазылып, бейиштин он мөмөсүн камсыздап берет.
Касиеттүү Рамазан айында Курандын ар бир тамгасына он эмес, миңдеген сооп жазылат. Ал эми Аятуль Курси сыяктуу аяттардын ар бир тамгасына миңдеген сооптор жазылат. Берекелүү Рамазан айынын жума күндөрүндө сооптор дагы да артат. Кадыр түндө болсо анын эсеби отуз миңге чыгат.
Ооба, ар бир тамгасы отуз миң түбөлүктүү жемиштерди утуп берген даанышман Куран касиеттүү Рамазан айында бейиштин Туба деген нурдуу дарагы сымал ыймандууларга миллиондогон түбөлүктүү үрөндү чогултуп берет.
Мына, кел эми! Ушул касиеттүү, түбөлүктүү жана пайдалуу соодага карап көрүп ойлонуп көр. Ушул тамгалардын баалуулугун барктай албагандар канчалык чексиз зыянда болгондугун түшүн.
Мына, Рамазан айы – адатта акырет соодасы үчүн өтө пайдалуу бир көргөзмө, кан базар. Түбөлүктүүлүктүн мол түшүмдүүлүгүн арттырган жер. Жакшы амалдардын өсүп-өнүгүшүнө өбөлгө болгон жазгы жаан сымал. Аллах Тааланын тарбиялоочулугуна, башкаруучулугуна карата адамзаттын кулчулугунун расмий түрдө өтүшүнө эң жаркыраган ыйык майрам болуп берет. Ошондуктан жеп-ичүү сыяктуу напсинин кайдыгерлик менен жасаган айбандык муктаждыктарына, кумар сезимдеринин кызыгууларына кирип кетпөө үчүн орозо кармоого милдеттендирилген.
Айбандык каалоолордон убактылуу алыстап, кудум периште сымал абалга өтүп акыреттик соодага кирген адам дүйнөлүк муктаждыктарын таштап, денеден сыйрылып бир рух абалына кирип орозо тутуу аркылуу кандайдыр бир түрдө Самадиятка күзгү болот.
Ооба, касиеттүү Рамазан айы бул өтүп кетүүчү, убактылуу жана кыска өмүрдө түбөлүктүү жашоону, узун бир өмүрдү камсыздап утуп берет.
Ооба, Рамазан айы жеке өзү сексен жылдык өмүр байлыгын утуп бере алат. Кадыр Түн болсо Курандын түшүндүрмөсү боюнча миң айдан да артыгыраак болгондугу бул сырга өтө күчтүү далил.
Ооба, бир падыша өз бийлигин жүргүзүп жаткан учурунда айталык жыл сайын кээ бир күндөрүн же такка отуруу же башка шаан-шөкөттүү учурларды кандайдыр майрам күндөрү деп жарыялайт. Ошол күнү ал падыша жогорку деңгээлдеги бийлик жүргүзүүсү аркылуу өзүнүн карамагындагы элдерди, жалпы мыйзамдар чөйрөсүндө эмес, балким, жекече сыйлап, эч бир тоскоолсуз алдына кирүүлөрүнө, жеке сый-урматына, түздөн-түз ылайык кылат. Кол алдындагы букараларына адаттан тышкары өзгөчө көңүл бурат.
Ошондой эле Эзелкинин жана Түбөлүктүүлүктүн Султаны, он сегиз миң ааламдын Айбаттуу Падышасы ошол он сегиз миң ааламга караган, жүздөнгөн улуу буйругу болгон Акылмандуу Куранды касиеттүү Рамазан айында түшүргөн.
Албетте, ошол Рамазан айы Аллахтын өзгөчө бир майрамы, кандайдыр бир көргөзмөсү жана руханий бир чогулушу катары болуусу – акылмандуулуктун талабы. Албетте, Рамазанды майрам деп кабыл алгандан кийин, адамдарды айбан сыяктуу бейчеки убакыт өткөрүүдөн, жек көрүндү абалдан сактоо үчүн орозо кармоого буйрулган.
Ал эми орозонун эң бир мыктысы – ашказан сыяктуу башка бардык мүчөлөрдү, көз, кулак, жүрөк, кыял, пикир сыяктуу курал-жабдыктарды да орозо кармоого үндөө. Башкача айтканда, аларды арам жана пайдасыз нерселерден четтетип, ар бирин өзүнө тиешелүү кулчулукка багыттоо.
Мисалы тилге орозо туттуруу жалгандан, гыйбаттан, одоно-орой сөздөрдү айтуудан алыстатуу аркылуу болот. Ошол тилди Куран окуу, зикир, тасбих, салават жана истигфар айтуу менен алектендирүү керек.
Мисалы, көздү наамахрамды (харамды) кароодон тыйып, кулакты ушак угуудан тосуп, көздү үлгүлүү көрүнүштөргө каратып, кулакты чындык сөздү жана Куранды тыңшоого колдонгон сыяктуу эле, башка сезим-органдарды да орозо карматуу керек.
Негизинде ашказан эң чоң фабрика болгондуктан, орозонун жардамы менен аны эс алдырса, анда башка кичинекей ишканаларды да ага оңой баш ийдирүүгө мүмкүн болот. Эми сегизинчи маанини сөз кылбай тогузунчу мааниге өтөлү.

ТОГУЗУНЧУ МААНИ:

Касиеттүү Рамазандын орозосу түздөн-түз напсинин курулай башкаруучулугун жокко чыгаруу, анын алсыздыгын көрсөтүү аркылуу кул экендигин билдирүү жагындагы көп акылмандуулуктарынын дагы бир акылмандуулугу ушундайча: напси кожоюнун тааныгысы келбейт, фараон сыяктуу өзү кожоюн болууну каалайт. Ага кандай гана азаптарды берсе да, мурдагы таз кейпинде кала берет. Бирок ачкачылыкка туш болуу менен ошол ит адаты ойрон болот.
Ошентип Касиеттүү Рамазан айындагы орозо түздөн-түз напсинин фараондук жагына эңгиреткен сокку уруп, таш-талканын чыгарып талкалайт. Алсыздыгын, күчсүздүгүн жана муктаждыгын көрсөтүп, кул экендигин билдирет.
Хадисте айтылгандай Улуу Алла Таала напсиге мындай дептир: «Мен киммин, сен кимсиң?» Анда напси: «Мен – менмин, Сен – Сенсиң!»- деп жооп бериптир. Азапка салып, тозокко да ыргытып, кайра сураптыр. Кайра эле: «Ана – ана, анта – анта»- дей бериптир. Кандай гана азапка салса да, напси өзүнүн менменсинүүсүнөн кайтпаптыр. Кийин ачкачылык менен кыйнап, тамаксыз калтырып кайрадан «Ман ана, ва ма анта?»- деп сураптыр. Ошондо напси: «Сен – менин мээримдүү Кожоюнумсуң, мен болсо Сенин алсыз кулуңмун...»- деп жооп бериптир.

Саид Нурси

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (8)
Tyty1990
2017-05-29 09:39:11
Аллах жалгыз. Мен аллахты сүйөм.
+7
sultan89
2017-05-29 13:10:20
Аллах ыраазы болсун,Ма Ша Алла.
+2
Nevestkaa
2017-05-29 23:14:36
Туткан орозоңуздар кабыл болсун момун мусулмандар!
+1
Asemys97
2017-05-30 01:29:47
Сиздерден Аллаh ыраазы болсун Супер инфо
+1
Erketaiym
2017-05-30 14:06:51
Туткан орозоңуздар кабыл болсун
+1
Rajab
2017-05-30 17:46:07
Алхамду лиллах рамазан айы насип кылганына
+1
tynchtyk93
2017-06-01 10:53:06
Орозонор кабыл болсун!
+1
Nooruzmairam
2017-06-04 11:16:12
Аллах ыраазы болсун.Ушундай пайдалуу маалыматтардан коп коп берип турунуздар
0
№ 760, 26-май - 1-июнь, 2017-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан