СТУДЕНТТИК КҮНДӨР...

ЖОЖдордо баа наркы канча?

"Пулуң болсо кулуңмун" дегендей, азыркы учурда дээрлик бардык окуу жайларда акчанын күчү менен окуп жаткандар көп экени баарыбызга эле маалым. Алтүгүл, бир жылда бир көрүнүп деле студент аталып жүргөндөр чачтан көп. Пара алуу, берүүлөрдүн жогорку чекке жеткени сессиялардын учуру экендиги да жашыруун эмес. Ушул максатта Бишкектеги ЖОЖдордун күндүзгү окуу бөлүмүндөгү студенттери сессия учурунда баа үчүн жең ичинен мугалимдерине узаткан ставкалары канчалык экендигин тактап көргөн элек. Жыйынтыгында, паранын өлчөмү сабактын оор же жеңилдигине жана мугалимдин статусуна карата төмөндөгүдөй болду.
Айта кетчү нерсе, бул маалыматтарды студенттерден укканыбыз боюнча жарыяладык. Ошондуктан, бул макаладагы акча суммалары 100 пайыз туура дегенден алыспыз.

Кыргыз Улуттук университети. Зачет – 100-200 сом, экзамен – 300-500 сом;
Бишкек Гуманитардык университети. Зачет – 100-300 сом, экзамен – 500-700 сом;
Кыргыз Мамлекеттик медициналык академиясы. Зачет – 200-500 сом, экзамен – 1000-2000 сом;
Кыргыз Мамлекеттик педагогикалык университети. Зачет – 50-200 сом, экзамен – 300-700 сом;
Кыргыз агрардык университети. Зачет – 150-300 сом, экзамен – 300-500 сом;
Кыргыз Мамлекеттик курулуш, транспорт жана архитектура университети. Зачет – 200-500 сом, экзамен – 500-1000 сом;
Кыргыз Техникалык университети. Зачет – 300-500 сом, экзамен – 500-1000 сом.

Аты аталбаган кээ бир университеттерде деле ушул сыяктуу "ставкалар" коюлат. Ошондой эле сырттан окугандардын "ставкасы" мындан да кымбат экенин айта кетмекчибиз.

(Макаланын толук вариантын «Супер-Инфо» гезитинен окуңуздар).

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 184, 12-18 май, 2006-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан