КЫРГЫЗСТАНДЫКЫ...
2005-жылдагы көрсөткүч боюнча, Кыргызстандын президенти Курманбек Бакиевдин бир жылдык маянасы 279 миң 548 сомду түзгөн. Бизге мамлекет башчынын басма сөз кызматынын жетекчиси Досаалы Эсеналиев билдиргендей, президенттин өткөн жылдагы бир айлык маянасынын өлчөмү жана жыл ичиндеги маянасынын жалпы суммасы канчага жеткени жакында март айында өткөрүлө турган киреше тууралуу декларациядан кийин белгилүү болот.
АКШныкы...
Салт катары дүйнө жүзү боюнча аткаруу бийлигинин эң жогорку маяна алган өкүлү болуп АКШнын президенти саналат. 2001-жылдын 1-январынан бери Жорж Буштун бир жылдык айлыгын кошкондо 400 миң долларды түзгөн. Мында түрдүү бонустар: транспорт жана башка чыгымдар (жалпысынан 150 миң), өкүлчүлүк чыгымдар (19 миң), ошондой эле Ак үйдө бекер жашоо компенсациялары каралган эмес.
СИНГАПУРДУКУ...
Эң жогорку маяна Сингапурдун президенти менен премьер-министрине таандык. Премьер Ли Сянь Лун жылына 1 миллионго жакын доллар алат. Мында да, мамлекет тарабынан төлөнгөн 2 миллионго жакын түрдүү бонустар эсепке алынган эмес. Ыйгарым укуктары премьердикинен азыраак болгон президент Селлапан Рама Натан андан жарым миллион акча аз алат жана анын да бонустар пакети чоң. Ошону менен катар эле Сингапур Республикасынын мыйзамына ылайык, өлкөнүн жогорку кызматтагы адамдары пенсия жашына келгенде (55 жаш) айлык маянасынан бир аз гана төмөн пенсия алышат.
ИРЛАНДИЯНЫКЫ...
"Евросоюзга кирген мамлекеттердин жетекчилеринин кимиси баарынан көп алат?" деп Европа Биримдиги териштире келгенде, рекорд Ирландия президенти Мэри Макализге таандык экендиги аныкталган. "Бул айымдын ыйгарым укуктары Британ ханышасыныкынан азыраак, анткени, ал эл башкармак турсун ханышалык да кылбайт. Бирок, менимче, иштин баары биздин мүнөздө жатат. Биз мамлекет башчыбыз башкалардан аз алып калбаса экен деп намыстанабыз" дейт дублиндик социолог Майкл Маккена. Мындай намыстануу Ирландия мамлекетине айына 22 миң 834 евро (жылына 350 миңдей доллар) турат.
Ал эми Ирландиянын премьер-министри Берти Ахерн айына 20 миң 558 евро алат.
ТҮРКМӨНСТАНДЫКЫ...
Көптөгөн демократиялык өлкөлөрдөн айырмаланып, авторитардык мамлекеттерде өлкө башчысынын айлык маянасы тууралуу суроо жок. Алардын айлыгы же таптакыр эле жок, же ал өтө эле төмөнкү өлчөмдө.
Эң эле аз айлык алган президенттердин бири деп көзү өтүп кеткен түркмөн лидери Сапармурад Ниязовду айтса болот эле. Түркмөнстандын расмий өкүлдөрүнүн эч кимиси түркмөнбашы канча акча алаарын айта алган эмес. Журналисттердин маалыматы боюнча, анын расмий маянасы айына болгону 900 долларды түзгөн. Бирок, өзүнүн реалдуу кирешелерин ал дээрлик жашырган эмес. Мисалы, анын мамлекеттик-коммерциялык Президентбанкты түзүү тууралуу жарлыгында айтылгандай, банктын уставдык капиталы ($60 миллион) президенттин каражаты болуп саналат. Жөнөкөй эле эсептесек, 900 доллар айлык маяна менен банк ачууга каражат топтоо үчүн түркмөнбашы дээрлик 5600 жыл иштеши керек эле.
БЕЛОРУСИЯНЫКЫ...
Белорус президенти Александр Лукашенконун айлыгы 300 долларга жакын. Бул маалыматтар да так эмес. Президенттин айтымында, ал канча айлык маяна алаарын билбейт. Анткени, алган акчасын кайрымдуулуктан башка эч нерсеге коротпойт. Британиялык изилдөө уюмдарынын биринин маалыматында, Лукашенко айына 2,3 миң доллар алат. Бул жагдай аны КМШ өлкөлөрүнүн эң аз айлык алган президенттеринин катарына кошот.
УКРАИНАНЫКЫ...
Британ изилдөөчүлөрүнүн версиясы боюнча, эң көп маянаны Украина президенти Виктор Ющенко алат. Анын бир айлык акчасы 6,5 миң доллар. Ал эми башка өлкөлөрдүн басма сөз каражаттарынын маалыматына караганда, айлыгы 4-5 миң доллардын тегерегинде.
ОРУСИЯНЫКЫ...
Владимир Путиндин 2006-жылдагы маянасы 6,2 миң долларды түзгөн. Бирок, расмий түрдө жарыяланган маалыматка ылайык, 2004-жылы Путин президент администрациясынан 2 миллион 545 миң 86 рубль 77 тыйын, башкача айтканда, айына 7,5 миң доллар алып турган.
КУБАНЫКЫ...
Аз айлык алгандардын тизмесинде Кубанын лидери Фидель Кастро да бар. Көптөгөн демократиялык жана жарым демократиялык мамлекеттердин башчыларынан айырмаланып, Фидель Кастронун маянасы жана байлыгы тууралуу расмий маалымат жок. Ошондой болсо да, "ФОРБС" журналынын версиясы боюнча, ал дүйнөдөгү эң бай башкаруучулардын арасында. Басылманын эксперттери анын байлыгын 900 миллион долларга чейин эсептеген. Алардын айтымында, көптөгөн мамлекеттик компания жана уюмдардын, анын ичинде "Cimex" валюталык дүкөндөр түйүнү менен бүткүл дүйнөгө таанымал дары-дармек менен вакциналарды чыгарган "Medicuba" компаниясынын тапкан каражаттарын Кастро өзү алат. Америка бийлигинин маалыматы боюнча, Куба лидеринин дагы бир киреше булагы болуп баңгизат менен соода кылуу эсептелет.
ГРУЗИЯНЫКЫ...
Эң аз маяна алган президенттердин бири – грузин лидери. "Розалар революциясынан" көп өтпөй Бириккен Улуттар Уюму жана филантроп Жордж Соростун көмөгү менен "Грузия өнүктүрүү жана реформалар фонду" түзүлгөн. Анын милдеттеринин катарында грузин чиновниктерине айлык акы төлөө иши да бар болчу. Фонддун өкүлдөрү: "Буга чейин президенттик маяна болжолдуу түрдө 200 долларды түзүп келген" деп билдиришкен. Фонддун жардамы менен Грузия президентинин маянасы жогорулатылган. Жергиликтүү журналисттердин маалыматында, учурда президент Михаил Саакашвили 3 миң доллар айлык алат.
ЯПОНИЯ МЕНЕН БРИТАНИЯНЫН ПРЕМЬЕР-МИНИСТРЛЕРИ...
Эң жогорку айлык алчу мамлекет башчылардын катарына Япония менен Британиянын премьер-министрлерин да кошуу керек. Япон премьеринин бир айлыгы 400 миң доллардын тегерегинде.
Британиянын премьер-министри айына 350 миң доллардан алат.
ИТАЛИЯНЫН ПРЕМЬЕР-МИНИСТРИ
Өткөн жылдын октябрь айында Италиянын премьер-министри Романо Проди сенсация жаратты. Ал өзүнүн айлык маянасын 30 пайызга кыскартты.
Романо Проди өзү жөнөкөй киши. Италия бюджетин кылдаттык менен окуп чыккан гезитчилер болбогондо, Италия премьери кандай курмандыкка барганын эч ким деле билбей калмак. Салыктын жаңы системасына ылайык, италиялык премьер-министр аз акча алып калат экен. 2006-жылы Продинин айлыктарынын жалпы суммасы 158 миң АКШ долларын түзгөн болсо, быйыл андан 47 миңге аз алат. Министр жана анын орун басарлары үчүн да айлык маяна 25 пайызга кыскарат. Башка чиновниктерге мындай кыскартуу залакасы тийбегени менен ушундай эле чаранын артынан Италия бюджетине 2,18 миллион доллар акча түшөт.
Бетти даярдаган Медер Тентимиш уулу