Касиет Каримова: "АШКАНА СЫРЛАРЫ ТУУРАЛУУ МАКАЛАЛАРДЫ КЫЗЫГЫП ОКУЙМ"
– Саламатсызбы? Сиз утуш-сынактын жеңүүчүсү болдуңуз! Өзүңүз тууралуу айта кетсеңиз...
– Рахмат! Мен 54 жаштамын. Кадамжай шаарынан болом. Ушул эле шаардагы балдар борборунда англис тилинен мугалим болуп иштейм.
– Утуш-сынакка кантип катышып калдыңыз?
– "Супер-Инфо" гезитин дайыма алып окуйбуз. Гезит ар тараптуу чыгат эмеспи, керектүү бардык нерсени тапса болот. Мен ашкана сырлары, ырчылар тууралуу макалаларды кызыгып окуйм. Биздин облустун тургундары үчүн ойнотулган утушта 8-класста окуган балам экөөбүз суроолордун жообун таап, кат аркылуу жөнөткөн элек. Жеңүүчү болгонума кубанычтамын.