«АСТАНАДАН АЛДАНЫП КЕЛДИК»

Бүгүнкү күндө Россия, Казакстан сыяктуу чет жактарга иштегени барып, бирок, маяналарын ала албай алданып келгендерди көп эле угуп жүрөбүз. Кокустан мага жолугуп калган бул жигиттер да шылуун “далдалчылардын” курмандыгына айланышыптыр. “Гезитке чыксак уят” деп куру намыстанган немелер өздөрүнүн аты-жөнүн толук айтуудан баш тартышты. Алардын ичинен алайлык Кутман деген жигит гана окуяны мындайча баяндады...

Айылдагы мен курактуу жаштардын баары акча табыш үчүн Россияга, Казакстанга тарап кетишти. «Элдин балдары акча жөнөтүп, ата-энесин бутуна тургузуп жатат. Сен болсоң менин көзүмдү карап отурасың» деп атам күн сайын наалый бергендиктен, мен да акыры Алайдагы айылымдан Бишкекке баса бердим. Бул жерде жакын тууганым жок болгондуктан, алысыраак таанышымдыкында баш калкалап жүрдүм. Бирок, алгылыктуу ишиң жок болсо бирөөнүкүнө батыш кыйын экен. Аргам түгөнгөндө гезиттеги жарыялар аркылуу жумуш издеп чыктым. Өздөрүн “курулуш фирмасыбыз” деп тааныштырган мекеменин жетекчиси менин чоо-жайымды угуп мындай деди:
– Биз Казакстандын курулуш мекемелери менен келишим түзүп, ишке жарамдуу балдарды жөнөтө­бүз. Жатаканасы, үч маал тамагы бекер. Андан сырткары, ай сайын 400-500 доллар айлык аласың. Барып-келиш, жолкирең да биздин фирманын эсебинен болот.
Бул кабарды укканда апам уул төрөгөндөй сүйүнүп кеттим. Ушундай көп маяналуу, шарты жакшы жумуш тапсам деп күн сайын тилеп жүрчү элем да. Азыр эле жөнөп кетүүгө даяр экенимди билдирип, кайра-кайра ырахматымды айтып түгөтө албай жаттым.
Ошентип, эртеси сегиз бала болуп жаңы автобекеттен Астананы көздөй бет алдык. Кордойго жеткенибизде казак чек арачылары тосуп, документтерибиз туура болсо да 1000 теңгеден 2000 теңгеге чейин салык салып, жаныбызда болгон акчабызды тоноп алышты. Антсе да аман өтүп кеткенибизге сүйүнүп, андан ары ачка жүрүп отурдук.
Фирмадагылардын айтымы боюнча, бизди Астанадан Жаныбек деген киши күтүп алып, эки бөлмө­лүү времянкага алып барды. Ал жерде бизден башка да жети кыргыз бала жашап жаткан экен. Аларга биз кошулуп, он беш бала эки бөлмөдө быкылдап калдык. Бизге убада кылган төшөнчүнүн изи жок. Айласыз бир матрацка эки-үч бала биригип жата баштадык.
Эртеси Ашир деген прораб келип, баарыбызды курулуштун шарт­тары менен тааныштыра баштады:
– Эртең мененки саат сегизден кечки саат сегизге чейин иштейсиңер. Саат бирде бир маал тамак ичесиңер.
– Бизге үч маал тамак болот деп айтпады беле?- дедик бир ооздон.
– Ал жомок,- деп прораб кекээр жылмайды. – Эртең менен жана кечкисин өзүңөрдүн эсебиңерден курсак тойгузасыңар.
Айткандай эле бул жактан убада кылган нерселердин баары жомок болуп чыкты. Антсе да айлык алып калсак болду деп иштей бердик. Жаткан жерибиз сыз, чөнтө­гү­бүздө тыйын жок. Жайдын саратаны болсо да Астана бир укмуш салкын болот экен. Үч-төрт күн өткөндөн кийин «нан алып жегиле» деп кичине тыйын карматышты. Айла канча, нанды үнөмдөш үчүн бир кесимден бөлүш­түргөнгө өттүк. Ошол бир кесимдин да жарымын жебей эртең мененкиге калтырып коёбуз. Өздөрү берген түшкү тамагынын болсо эптеп эле тамак деген аты бар. Андан да башка бригадаларда иштеген казак жумушчуларга эти менен берип, бизге шылдыраган суусун беришет. Душка да кыргыздарды түшүрбөй, казактар гана түшүшөт. Эртеден кечке жаныбыз тынбай бетон куябыз. Жумуш бүткөндө крандагы сууга жууна коёбуз деп эки жолу айып да төлөдүк. Көрсө, Астанада суу тартыш болгондуктан, ашыкча агызганга болбойт экен.
Мына ушундай кыйынчылыктарга чыдабай балдардын көбү кача башташты. Бизден кийин да жыйырмадай бала барган. Алар шартты көрүп эле эки-үч күн турбай качып кетишти. Биз болсок эптеп чыдап, бир айлык маянабызды алып алалы деп жүрө бердик.
Ошентип, бизге тиешелүү жумушту да соңуна чыгардык. Тагыраак айтканда, биз куруп жаткан беш кабат имараттын жер төлөсү толук бүттү. Өзүбүз кийип барган бут кийимдерибизден болсо тамтык калбады. Аргабыз түгөнгөндө прорабдан бут кийимге акча сурадык.
– Менде акча жок. Маянаңарды Бишкектен аласыңар,- деди ал кекээр жылмайып.
– Акчабызды бербесеңер кетебиз, силер эмнеге бизди алдайсыңар!- дедик ачуубуз келип.
– Силерди биз эмес, Бишкектен ким жөнөтсө ошолор алдаган. Айлыгыңарды да ошолордон сурагыла.
– Анда бизге жок дегенде жол- кире бергиле,- дедик аргабыз түгөн­гөндө.
– Кетсеңер кете бергиле. Силерден башка да иштей тургандар толтура!- деп Ашир деген кыргыз прораб басып кетти.
Аргабыз түгөнгөндө баарыбыз шалдырай баягы бизди тосуп алган Жаныбек деген казакка бардык. Ал бизди угуп, колубузга 8 миң теңгеден карматты да, «калганын Бишкектен алып аласыңар» деп жолубузга салды. Ошол теңгеге бут кийим алып, калганын жолкире кылып, айтор, эки колубузду мурдубузга сала кайтып келдик. Убада кылган 400-500 доллардын болсо көлөкө­сүн да көрбөдүк.
Бизди жөнөткөн фирманын жетекчилери менен азыркыга чейин доолашып келатабыз. Тилекке каршы, юридикалык билимибиз жок болгондуктан, кантип өндүрүштүн жолун билбейбиз.
Азыр да «чет өлкөдө жумуш берилет» деген жарыяларды көп окуйм. Бирок, дагы алданып калуудан коркуп, офистерине барып сүйлөшүүгө дитим барбайт. Бизге окшоп сыртка барып бекер иштеп, маянасын ала албай келгендер туу­ралуу ар кимден да угуп, биз сымал “шылуун далдалчылардын” торуна илингендер көп окшойт деп калдым. Андыктан, сыртка чыгаардан мурун өз укугубузду коргоонун жол-жобосун билип алып чыксак жакшы болоор эле.

Мурас Айти

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 224, 16-22-февраль, 2007-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан