Кара-Тейит айылынын тургуну: "АЯЛЫМ КЫЗЫМДЫ ЖУУНТУП ЖАТКАНДА ЖАНЫНА БОМБА ТҮШҮПТҮР"

Мындан туура 18 жыл мурун, тактап айтканда, 1999-жылдын июль айынын аяк ченинде диний экстремисттер өлкөбүздүн түштүк аймагына кирип келип коркунуч жараткан. Анда согушкерлер Баткенден сырткары Чоң-Алай, Чаткал тараптан да кирүүгө аракет кылышкан. Бул сапар бизге Чоң-Алайдын Кара-Тейит айылынын тургундары ошол убактагы кырдаал кандай болгондугун айтып беришти.

МААЛЫМАТ ҮЧҮН:

  • 1999-жылдын 30-июлунда Баткендин Зардалы айылында саны 17 чамалуу куралчан адамдар пайда болгон.
  • 31-июлда куралчан адамдар Зардалынын жашоочуларынан тамак-аш сатып ала баштаган.
  • 6-августта куралчан адамдар менен сүйлөшүүгө барышкан Баткен районунун акими Абдрахман Маматалиев менен УКМКнын кызматкерлери, жоокерлер барымтага алынып, 13үндө бошотулган.
  • 22-августта Тажикстан тараптан 30га жакын куралчан адам кирип, Баткендин Кожо-Ашкан жана Зардалы айылдарын басып алган.
  • 23-августта алар Алтын-Жайлоодо чалгындоо иштерин жүргүзүп жаткан 4 жапон геологун, тилмеч Өмүрбек Жанакеевди жана генерал Анарбек Шамкеевди барымтага алган.
  • 29-августта Чоң-Алай районунун Кара-Тейит айылы Өзбекстандын аскер аба күчтөрү тарабынан жаңылыштыктан бомбаланган. Анын жыйынтыгында айылдын 3 тургуну каза болуп, дагы үчөө оор жаракат алган. Жалпысы 120дай ар кандай имараттар жараксыз абалга келген.
  • 25-сентябрда өлкөбүз согушкерлерден толук тазаланган.
  • 25-октябрда барымтадагы 4 япон геологу, тилмеч жана генерал Анарбек Шамкеев туткундан бошотулган.

"КУРАЛ БЕРГИЛЕ, БИЗ ДА СОГУШАБЫЗ"

Кара-Тейит айылынын тургуну Садыр Бактыбаев ошол убакта ыктыярчы болуп чалгын тобунда кызмат кылган:
– 1999-жылдын август айында 3 айылдашыбызды согушкерлер кармап барымтага алган. Ошол күнү бир топ айылдаштар чогулуп "курал бергиле, биз да согушабыз" деп аскер жетекчилерине барып айттык. Жетөөбүзгө бирден автомат, 60тан ок беришти. Эртеси биз согушкерлер жүргөн аймакты көздөй жөнөдүк. Бир тоонун башына чыгып алыстан согушкерлердин жүргөнүн көрүп, арабыздан бирөөнү аскерлерге бул тууралуу маалымат берүү үчүн жөнөттүк. Кеч кирип калган, жаан жаап баштаганынан ылдый түшүп келдик. Бир убакта күзөттө тургандар "согушкерлер келе жатат" деп калышты. Автоматтарыбызды кезеп, даяр болуп карап отурдук, алар өтүп баратып биздин жаныбызда бир аз буйдалып туруп, түз кетип калышты. Биз ок чыгарган жокпуз, себеби арабыздагы барымтага алынган жигиттердин агасы "эгер атсак, инилериме зыян келтирип коюшпасын" деп аттырбай койду. Ошентип таң атканча уктабай отурдук. Таң атканда 2 чакырымдай бардык, бирок согушкерлер турган жерге бара алган жокпуз. Кайтып келип куралдарды тапшырып, көргөнүбүздү аскерлерге айтып бердик. Аскер жетекчилери айыл аксакалдарын согушкерлерге жолугуп, барымтадагыларды бошотуу боюнча сүйлөшүп келүү үчүн жөнөтүштү. Аксакалдар барып жолукканы менен, жыйынтык болгон жок.
29-августта Өзбекстандын 3 аскер учагы келип айылды бомбалап кирди. Байкашымча, учкучтар деле карап бомбалады окшойт, адамдарга эмес, алар качып кеткенден кийин бомба таштап жатышты. Эл качып айылда тургундар калган жок, электр жарыгы жок, каналдар бузулуп суу айылды каптап кеткен. Биз ал күнү таң атканча өрттөнүп жаткан үйлөрдү чакалап суу ташып өчүрүп жүрдүк. Бомбадан улам өлгөн адамдар сыртта эле жатты, алардын үстүн жаап койгонбуз.
Анан 3 күн айылдын четинде болдук. Ар кайсы райондон чогулган адамдар, аскерлер болуп жалпы саныбыз миңге жетти. Айылдын тургундарынан чалгын тобун түзүштү. Ошентип биз алдыда жүрүп, артта келаткан аскерлерге кабар берип турдук. Акырындан жылып отуруп ошол күнү кеч кирип калган маалда согушкерлер турган жерге жеттик. Алар кетип калышыптыр. Андан соң аскерлер ар кырларда туруп күзөтүп жатышты, 10-15тей жергиликтүү тургун тоолорду кыдырып чалгындап жүрчүбүз. Ошентип бул аймакта 1 айдай болдук. Бул 1 ай убакыттын ичинде бир да согушкерди көргөн жокпуз, бирок алар коюп кеткен минаны тебелеп каза тапкандар болду.

"БИЗГЕ КОШУЛГУЛА ДЕП ҮГҮТТӨШТҮ"

Суннатилла Азимов иниси менен согушкерлерге кармалып, 3 күн барымтада болгон:
– Согушкерлер келгенин уккан учурда биз айылдан 20 чакырымдай алыстыктагы Бугу-Баш деген жайлоодо элек. Эл коркуп айылга качып келди. Жайлоодогу буюмдар чачылган бойдон калды. Кийин эл журтта калган буюм-теримдерин алып келүү үчүн автоунаа, ат, эшек менен жөнөп калышты. Ал убакта мен 30 жашта элем, 2 иним болуп жүктөрдү алып келүү үчүн жайлоого бардык. Кичүү инимдин атына жүк артып, аны айылга жөнөтүп жибергенбиз. Менден кийинки иним экөөбүз жүктөрдү алып эшек жана ат араба менен келе жатканбыз. Жарым жолго келгенде алдыбыздан автомат менен куралданган 3 согушкер чыкты. Алар жүгүбүздү түшүртүп салып, ат менен эшегибизди тартып алып, бизди айдап алып өздөрүнүн штабына алып барышты.
Кеч кирерде ар кайсы кырдан түшүп келип отуруп согушкерлердин саны 30-40тай болуп кетти. Арасында өзбектер, тажиктер, кыргыздар бар болчу. Баарынын буттарында кроссовка, үстүндө камуфляж кийим эле. Командирлери бизге "азырынча биз менен болосуңар" деп, ошону менен 3 күн барымтада кармалып турдук. Бизден мурун согушкерлер милиция кызматкерлерин да барымтага алышкан экен. Алар менен кошо колго түшкөн Үрайим деген айылдашыбызды да бизге алып келип кошушту. Бул убакыттын ичинде эч ким бизге тийген жок. Биринчи күнү "эми бизди кыйнашат го" деп коркуп жатканбыз, кийин алар менен кадимкидей эле сүйлөшүп жүрдүк. Анда-санда келип "бизге кошулгула" деп үгүттөп жатышты, күлүп тим болуп жаттык.
Согушчандар журтта калган ундан атала кылып, курут жешчү. Элдин малы жайылып эле жүрдү, бирок аларга тийген жок. Үчүнчү күн дегенде шейх деген алардын командири бизге "силердин аскерлер жакындап келди. Эми биз кетебиз, силерди бошотобуз. Бирок келген жолуңар менен эмес, башка жол менен кетесиңер" деп бизди тескери жолго салышты. "Ат менен эшекти кайтарып бергиле" деп талашып көрдүк, бирок бербей коюшту. Ошентип айланып отуруп айылга түшүп келгенбиз.

"БАЛДАРЫМДЫ КӨТӨРҮП КАЧЫП ЖҮРДҮМ"

Өзбекстандын аскер учактары бомбалаганда Кара-Тейит айылынын тургуну Абдилазиз Сулайманов аялы менен кызынан айрылган. "Каза болгон кызым өлбөгөндө дагы 3 күндөн кийин 1-класска бармак" дейт ал:
– 1999-жылы 29-август күнү кокусунан келип үйгө бомба түштү. Үйдүн ичинде элем, сыртка чуркап чыктым. Үй бопбоз болуп эле чаңып калыптыр. Кайра чуркап кирип чаңдын арасынан 4 баламды издеп таап алып чыктым. Аялым сыртта 7 жаштагы кызымды жуунтуп жаткан экен, ошолордун жанына бомба түшүптүр. Карасам, аялымдын денеси бөлөк-салак, кызымдын болсо ичегиси чыгып жатыптыр. Түшкөн жерине кайра түшпөсө керек деп бомба түшүп оюлуп калган чуңкурга балдарымды калтырдым. Аялым менен кызымдын сөөгүн үйдүн алдына алып барып, үстүн туурдук менен жаап койдум. Кайра келип 2 баламды эки колтугума, бирөөсүн моюнума көтөрүп, дагы бирин жетелеп алып жөнөдүм. Андан мурун согушкерлерди жок кылуу үчүн 20дан ашуун милиция кызматкерлери келип мечитте жашап жатышкан болчу. Ал жакка жеткени калганымда учак кайрадан жакындап келди. Милиция кызматкерлери мечиттин артындагы чуңкурга жашынышты. "Мага жардам бергиле" деп кыйкырсам, бирөөсү келип моюнумдагы баламды алып чуркап кетти. Калган 3 баламды жерге жаткызып, үстүнөн басып жата калдым. Учак аткылап өттү эле, милиция кызматкерлеринин бири курсагын кармап эңкейип калды. Экөө келип аны көтөрө коюшту эле, анын ок тийген жеринен ичегиси чыгып, кайра кирип кеткенин көрдүм. Мен балдарымды көтөрүп алып качып жөнөдүм. Ошол убакта бир автоунаа келип калып, ал унаа менен коңшу Карамык айылына жетип алдым. Балдарымдын баарысынын дене-башы тытылган, бир баламдын көчүгүнө темирдин сыныгы кирген экен, аны алышты.
Ошондо жалпысынан айылыбызга 23 бомба түшкөн. Өзүбүздүн эле аскер башчылары "согушчандар айылга кирип келди" деп Өзбекстандын учактарына бомбалаткан деп угуп жүрөм.
4 уул, 4 кызым бар болчу, 1 кызымдан ажырадым. Кийин үйлөнүп, дагы 2 балалуу болгом. Азыр 70ке келип калдым. Балдарымды Майрам Акаеванын "Мээрим" фондунун астындагы мектепке окутканы алып кетип, жакшы эле окуп жатышкан болчу. Акаев качып кеткенден кийин ал мектеп жабылып, балдарым көчөдө калышты. Ошол балдарга үй бергиле деп арызданбаган жерим калбады, эч жыйынтык чыкпагандан кийин кайра-кайра бара бериштен да уялып калдым.

Нурбек Абдыкадыров
koom@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (6)
Djumaev0mur
2017-08-30 01:43:06
Ал согушчандар не максатта келишкен? Ким тарабынан? Алар кимдер? Толуе жазгылачы, бышпаган тамак кылбай
+7
lady_91
2017-08-30 15:23:46
Djumaev0mur,террористтер да азыр деле журушпойбу ар жерде терракт уюштуруп
+1
Attila88
2017-08-30 16:58:24
Алар кыргыздарга силерге тийбейбиз.биз озбекистанга отуп кетсек болду деген.ошол жакта каримовту кууп ислам мамлекетин орнотобуз деген.ошондо кыргыздар тим койбоптур.качан эле озбекистан жондон жон жардам берчиле бизге.бизге кирбесин деп самалеттррду жоноткону ошондон
+2
aydarken
2017-09-03 20:04:18
Оо 1999-жылы бизда качканбыз кызымды которуп 6-айлык эле зардалыдан тушуп келишкен биздин мектепте солдаттарыбыз жашынып а террористтер дарыянын наркы бетине жашынып аткылашкан
0
Samina007
2017-09-04 12:43:15
99жылы бомба түшкөндө мен аскер кызматчысы элем.2самолет бомба ташташкан 7жолу заход болуп экөө төрттөн таштаганда 28бомба түшкөн.биринчи өткөндө 200метр бийиктен учуп өтүшкөн.
0
Samina007
2017-09-04 12:45:31
Ошол убактагы Өтүп кеткен момундарга аллахым бейишин берсин.көөп эстегим келбейт ошол күндөрдү.азыр секрет бойунча кала берсин
0
№ 773, 25-31-август, 2017-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан