Кыргызстан жана «Центерра Голд Инк.»: АКЦЕНТ КОЮЛДУ – СОТТОШУУ МҮМКҮН ЭМЕС, КЕЛИШИМ!

Кыргыз өкмөтүнүн канадалык «Центерра Голд Инк. компаниясы менен сүйлөшүүсү курчап турган чөйрөнү коргоо жана инвестицияларды өнүктүрүү боюнча стратегиялык макулдашууга кол коюуга жеткирди. Документке 11-сентябрда кол коюлду.

Премьер-министр Сапар Исаков бул кадамды «Кыргызстан менен инвестордун ортосундагы мамиленин жаңы этабы» деп атады. Өкмөт башчынын сөзүнө караганда, эми алтын кен саясий спекуляциянын объектиси катары колдонушу токтойт, жана бул эки тараптык алаканын жаңы өңүттө жандануусуна түртөт. Жаңы макулдашууда кызыкчылык экология, социалдык өнүгүү жана республикага инвестициялоого акцент коюлат.
Кыргыз жана Канада тараптар ортосунда сүйлөшүүлөрүнүн жүрүшүндө эксперттердин ою боюнча, экономикага жана республиканын инвестициялык кызыкчылыгына оң таасир берүүчү макулдашуулар жетишилди.
«Ири дүйнөлүк инвесторлор акча салардан мурда кырдаалга, анын ичинде саясий кырдаалга баа беришет. Чыр-чатактуу кырдаал канчалык аз болсо, ошончолук өлкөдө инвестициялык оң климат түзүлүп, ал чет өлкөлүк шериктерди да кызыктырып тартат. Эгер бизге «Кумтөр» жаатындагы негизги маселелерди чече алсак, анда бул канадалык инвесторлор менен болгон кырдаалды байкап отурган башка инвесторлорго да жакшы сигнал болуп берет»,- деп белгилейт Кыргызстандагы рыноктор, соода жайлары жана тейлөө тармактарынын ассоциациясынын президенти Сергей Пономарев.
Сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө жетишилген маанилүү пункт деп 2 тараптын Кыргыз Республикасында жана Стокгольм (Швеция) шаарындагы арбитраждык сотто экологиялык соттук доолашуудагы бардык маселелерди жөнгө салуу деп эсептөөгө болот.
«Дүйнөлүк соттук практиканы жана инвесторлор жана мамлекеттик структуралар араларындагы соттук талашуулардын чечилиш статикасын эске алып, талашты жөнгө салууда жана сүйлөшүүлөрдүн арты менен консенсуска жетүүдө колдо болгон мүмкүнчүлүктөрдү жана варианттарды колдонуу зарыл. Эгер андай болбосо өлкө арбитраждык териштирүүлөргө чоң чыгым коротот»,- деген оюн айтат Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн соттук өкүлчүлүк борборунун директору Тимур Шамбетов.
«Талаш маселелерди цивилизациялык деңгээлде сүйлөшүүлөр жолу менен чечүү керек, анткени Кыргызстанга да, «Кумтөргө» да соттошуу пайдалуу эмес» дегенге Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген экономисти Жумакадыр Акенеев да кошулат. Жумакадыр мырза болуп өткөн сүйлөшүү процесстеринде бир катар макулдашууларга жетишилгендиктен аны «тоскоолдуктарды бузуу» деп атады.
Канадалык компания табигатты өнүктүрүү фондун түзүүгө 50 миллион доллар которууга ниеттенип жатат. Каражат курчап турган жаратылышты коргоо жаатында жүргүзүлүүчү иш-чараларга жумшалмакчы. Эң мурун Ысык-Көл көлүнө модернизациялоо жана заманбап тазалоо курулушун курууга жумшоо пландалууда.

«Сүйлөшүүлөр жолу менен биздин өкмөт инвесторлорду республика экологиялык зыянга акчаны жетишерлик албай жаткандыгына ишендире алды. «Центерра» курчап турган чөйрөнү коргоого 50 миллион доллар бөлүүгө макул болду. Сумма, албетте, чоң, эгер аны биз орду менен колдоно алсак пайда сезилерлик болот. Бирок өкмөт бул акчаны кайда жумшаары тууралуу планды көрсөтүүлөрү керек. «Центерра» тарабынан кадам ташталды, эми сөз өкмөттө болмокчу. Өкмөт акчаны кайда жумшаары тууралуу айтуусу керек»,- деп баса белгилейт Жумакадыр Акенеев.
Жаратылышты өнүктүрүү фондун түзүүдөн тышкары инвестор экологиялык төлөмдү жыл сайын көбөйтүүгө макул болду. Эми «Центерра Голд Инк.» жыл сайын Кыргызстанга курчап турган чөйрөгө зыян келтиргендиги боюнча 3 миллион доллар компенсация төлөп берет. Бул компания буга чейин төлөп келген суммадан 2 миллион 690 миң долларга көп. Мындан тышкары «Кумтөр Голд Компани» ЖАКсы Эл аралык АМЕС экологиялык компаниясынын бардык рекомендацияларын аткарууга милдеттендирилет. АМЕС мурун Кыргызстандын өкмөтү тарабынан көз карандысыз консультант катары тартылган эле.
Кыргызстандын финансылык мекемеси Улуу Британиядан компания түзгөн рекультивация траст (ишеним) фондунан каражат которот, ал каражат кен чыккан жер жабылган соң экологияны калыпка келтирүүгө жумшалат. Кен иштеткен тарап жыл сайын траст фондуна 6 миллион доллар которот, ошентип кен жабылганга чейинки фонддун капиталы 69 миллион доллардан кем эмес болот. Дал ушул сумма кен чыккан жерди толук бойдон рекультивация жасоо үчүн зарыл.
Дагы 10 миллион долларды канадалык компания Кыргызстанды социалдык жактан коргоого көмөк көрсөтүү жаатында Республикалык онкологиялык борборду модернизациялоо жана техникалык жактан жабдуу үчүн бөлүүнү каалайт.
Көз карандысыз эксперттер «Центерра Голд Инк.» Кыргызстандагы жаңы кендерди геологиялык жактан чалгындоолорго инвестиция бөлүүгө даяр экендигин, ошондой эле жаңы кендерди кыргыз тарап менен биргеликте ишканаларды түзүү менен өздөштүрүүнү эске алып, Кыргызстан жана канадалык компаниянын ортосундагы жетишилген макулдашууларды эки тарапка тең пайдалуу деп баалашат.
«Макулдашууга кол коюу эки тарапка тең пайдалуу. Кыргызстан үчүн шарттар абдан жакшы, чоң акчалар түшөт, тараптар ортосундагы соттук териштирүүлөр токтойт. Бирок жаңы макулдашуулар «Центерра» үчүн да пайдалуу. Биринчиден, алардын акцияларынын баасы өсөт. Экинчиден, Кыргызстанга инвестиция үчүн компанияга акча алуу жеңил болот, анткени кооптуулук төмөндөйт»,- дейт Кыргызстан тоо ассоциациясы башкармалыгынын мүчөсү Валентин Богдецкий.
Тараптар макулдашууга жеткен күн ичинде «Центерра Голд Инк.» компаниясынын активдери 148 миллион долларга өстү. Анын ичинен «Кыргызалтын»
ААКынын үлүшүнүн баасы 50 миллион долларга көбөйдү. Жакшы өңүттөгү жаңылык Кыргызстандагы ири алтын кенинин мындан аркы тагдырына ушундай реакция берди.
Ал эми 11-сентябрга карата Кыргызстандын компаниядагы акциялар үлүшүнүн баасы дагы 42 миллион долларга көбөйүп, 560 миллион 180 миң долларды түздү. Эксперттердин прогнозу боюнча, өсүү бул боюнча токтобойт.

Фото: Кыргыз Республикасынын премьер-министри Сапар Исаков жана «Центерра Голд Инк.» компаниясынын башкы кызмат адамы Скотт Перри.
Фото www.gov.kg сайтынан алынды.
Ибрагим Жусуев
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (2)
moon90
2017-09-20 02:11:57
Кумторду жардырып эле салыш керек да негизи. Адамдардын ден соолуггуна окмотко баарибир да. Чонтокторуно акча тушсо болду да. Шайлоонун алдында ушуну козгобой эле койбоптур да элди толкутуп.
0
ernis_07
2017-09-21 02:52:59
Бул шайлоодогу бийликтин фишкасы экендиги жаш балага да белгилуу болуп калды.Эмнеге Сапар Исаковко чейинки болгон премьер министрлер чече албайт да Исаков чечип умуш кыла калат бар эле болсун
0
№ 776, 15-21-сентябрь, 2017-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан