«КҮЙҮКТӨН УЛАМ КЫЗЫМДЫН ЭЭГИ МЕНЕН МОЮНУ ЖАБЫШЫП КАЛДЫ»

Алдымда маектешип отурган Зейнеп эненин кайратына, аракетчилдигине таң калдым. Ал кызына операция жасай турган дарыгер менен телефон аркылуу орус тилинде сүйлөшүп, операцияга керек болгон жиптин бааларын шакылдатып айтып берип жатты. Борбордо таанышы, туугандары да жок эне баласы үчүн жан далбастап жоктон бар кылып жатыптыр. Кызы кайнак сууга күйүп калып, күйүп калган тери, муундар туура эмес бүтүп, эми аларды түздөө үчүн борборго келгенин айтты.

«ӨСПҮРҮМ КЕЗИНДЕ БАК БАСЫП КАЛГАН»

-Менин кызым Бактыгүл Ашырова 1977-жылы 19-августта төрөлгөн. Жалал-Абад облусундагы Кара-Көл шаарынан келдик. Өзүмдүн 6 балам бар. Кызымдын 5 баласы бар. Бул менин экинчи кызым. Каргашалуу окуяны башынан айтайын. Бактыгүл 7-класста окуп жатканда аны бак басып калган. Кырсык каш-кабактын ортосунда болот турбайбы. Мындан кийинки кызым ооруп калып ооруканага алып келгем. Экөөнү тең ээрчитип барып, кичине кызымды алып кирип кеткем. Аны текшертип чыксам эле оорукананын короосунда колясканын жанына күттүрүп койгон кызым жок. Көрсө оорукананын ичине алып кирип кетишиптир, жандандыруу бөлүмүндө жатыптыр. Катуу шамал болуп, бак кулап кызымды басып калган экен. Башына катуу тийип, моюнуна гипс таңып жүрдү. Бирок бардык текшерилүүдөн өтүп, дарыларын алып бергем. Жакшынакай эле айыгып кетти деп ойлоп жүргөнбүз. Бактыгүл 19 жашында турмушка чыгып, 20 жашында биринчи баласын төрөдү. Биринчи төрөттөн кийин эле талма оорусу пайда болду. Кетип бара жатып же бир иш кылып жатып кулап калып эсин жоготуп коёт. Кызым биздин үйгө жакын эле турат. Биринчи талмасы кармаганда күйөөсү түн ичинде чуркап келди. «Кызыңыз эсин жоготуп салды» деп. Ошондон баштап өнөкөт оору болуп калды. Бишкекке алып келип дарылатып да көрдүм. Кийин ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелгендердин катарында деп пенсияга чыгардык. Андан кийин 4 бала төрөдү. Ошентип жай турмушу менен жашап жатышкан.

«ЭЧ КИМ КӨРБӨЙ КАЛЫПТЫР»

-2016-жылы 26-сентябрда үй тиричилиги менен алек болуп бир нерсе жасайын деген окшойт. Улуу баласы аскерде болчу. Кийинкилери окууда, 5 жаштагы кичүүсү сыртка ойноп кетиптир. Күйөө балам да ошол күнү үйдө жок экен. Кызым он литрлик бир чака кайнак суу көтөрүп келе жатып капысынан талмасы кармап калып эсин жоготуптур. Колунда кармап келе жаткан кайнак суу үстүнө жаба төгүлүптүр. Ошондо дароо "Тез жардам" чакырса же бирөө-жарым көрүп калса эти мынчалык эзилип күйүп калбайт беле деп ойлойм. Кайнак сууга денеси бүт эзилип кетиптир. Ал жерде канча убакыт жатып калганын эч ким билбейт. Күйөөсү үйгө келсе эсин жоготуп жатыптыр. Мен да ошол күнү үйдө жок болчумун, бир жакка кетип калгам. Келип эле ооруканага барсам бүт денеси таңылып жатыптыр.Балаң денеси ооруп кыйналса, сенин жаның кошо суурулат тура. Үч ай бою ооруканада жатты. Эч кайда алып бара албадык, анткени козголтууга мүмкүн эмес эле, денеси бүт былжырак болчу. Мазь сүйкөп эле үйдө карадык. Түндө уктаганда таңуу чечилип калганданбы, ары-бери кыймылдаганданбы, күйгөн жерлери туура эмес бүтүп калды. Бир колунун мууну өйдө, экинчи колунуку ылдый жабышып, ээги моюнуна жабышып калды. Мен тескери бүтүп баратканын көрүп турдум, бирок чыгара албай койдум. Кайда барарымды деле билбей калдым. Биздин райондук ооруканада атайын күйүк бөлүмү жок, жалпы хирургия эле бар. Ээги ылдый жабышып калгандыктан суюк тамак оозунан ылдый агып кала берет. Жаткырып туруп анан тамак беребиз. Чыныны колуна алып чай иче албайт. Бардыгынан күйүктөн жабыркаган эмчеги болгон экен. Учурда эмчегинен түшүнүксүз суюктук агып жатат, дайыма такма жалаяк коюп коёбуз, болбосо кийим-кечесинин баарын эмчектен аккан суюктук булгап салат. Кызымдын абалын көрүп туруп жаным ачыйт. Эмне кылабыз, тагдыр экен да, аракет кылгандан башка айлабыз жок.

«КҮЙГӨН МҮЧӨЛӨРДҮН БААРЫН КАЛЫБЫНА КЕЛТИРҮҮ»

-Бишкекке келгенибизге 15 күндөй болуп калды. Учурда Бишкек шаарындагы ооруканалардын биринде пластикалык хирургия бөлүмүндө. Азыр бардык туура эмес бүтүп калган мүчөлөрдү калыбына келтирүү үчүн аракет жасалып жатат. Эки колтугу, эмчеги, колдорунун муундары, моюну болуп баарына 7 жолу операция жасалат. Мен ойлогом, баары эле бир жасалат экен деп. Бирок дарыгерлер ар бир мүчөсүн бирден ажыратып жасашат экен. Азыр ээгин моюнунан ажыратуу үчүн операция жасатканы турабыз. Ар бир операциянын аралыгы 6 айдан созулат экен. Азыр операцияга жип сатып алдым. 1 жип 2570 сом экен, бутум-бутума тийбей дагы бир жибин издеп жатам. Сатып алганга деле ыраазы элем, кызым эле мурунку калыбына келип калса болду. Кызым ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелгендиги үчүн пенсия алат. Мен да пенсия алам. Күйөө баланын деле бирде иши болсо, бирде болбойт. Бишкекте эч кандай тууганыбыз жок. Тааныштар аркылуу эле улам бирөөнүкүндө жүрөм. Бүгүн кызымдын жанына түнөйм. Ооруканадагылар менен сүйлөштүм «бир түн бул жакка жата турайын» деп. Анткени бара турган жерим жок. Кызымдын азыр денеси аябай ооруп жатат. Кечээ жакында маршруттук такси менен келе жатканда айдоочу катуу тормоз берип токтогондо артындагы жигит келип кызыма урунуптур. Ошондо колтугу айрылып кетиптир. Жаның кыйналган жаман да, кээде кызым такыр сүйлөгүсү келбей калат. Маанайы жакшы болгондо сүйлөп, айыгам деп үмүт кылат. Мурун толук эле кыз болчу. Учурда 28 эле килограмм чыгып калды.
Элден жардам сурайм. Кызымды калыбына келтирүү үчүн кандай жардам болсо кабыл алам. Эне катары, аял катары суранам. Кызымдын бул оор күндөрүндө колдон келген жардамыңыздарды берсеңиздер жакшы болот эле. Бизге 50 сом болобу, 100 сом болобу баары жардам. Ар бир операциясы, жиби, андан кийинки кароо, дары-дармек деле өтө көп каражатты талап кылууда. Бул абалыбызды элге жайылтканга жардам берип жатканыңарга ыраазымын. Көп эле жигиттер, кыздар жардам берип жатат. Кызымды аман-эсен бутуна тургузуп алсам эле болду.

Бактыгүлдүн күйө элек кези менен күйгөндөн кийинки учурун салыштырып болбойт.


Нуржамал Жийдебаева
koom@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (15)
aibars
2017-09-26 10:28:00
Аман эсен жакшы болуп кетсин, кантет энеда, эне журогу оорубасынчы.
+14
Aikan1966
2017-09-26 11:22:07
Алла шыпасын берсин,пластик операция жакшы отот баары мурункудай калыбына келет сабырдуулук тилейм
+8
madina.87
2017-09-26 12:46:44
Ээ Аллах эртерээк айыгып кетсинчи.
Президенттике талапкерлер бир ырчыга берген сумманарды ушул эжеге берип койсонор,балким чексиз сооптун алдында калат беленер.
+17
ajarkina
2017-09-26 13:39:31
Кантип жардам берсек болот супер инфо
+4
admin_portal
2017-09-26 15:18:14
ajarkina, саламатсызбы! 0778442190 номерине чалсаңыз болот.
0
Агата Кристи
2017-09-26 14:42:40
Зейнеп апага жардам берүү үчүн телефон номери 0778442190
0
Kaninaiman
2017-09-26 19:41:29
Кудайым ден соолук бер эжеге
0
jikitai
2017-09-27 10:49:23
Эл сом ачып койсо жакшы болмок экен
0
amirrus
2017-09-27 12:13:13
жакшы болуп кетсин э кудай эч кимдин башына мындай иш тушбосун
+1
ma..ri..na..
2017-09-27 20:06:13
Жакшы болуп кетсин. Аллахым шыпаасын берсин.
+1
Aylini
2017-09-27 20:54:48
Адамдар бирөөнү ушактап, ар кимди шылдыңдап , текеберлик кылып, алдап,адамдарды басынтып ,оозубузду көптүрүп мактанып, кордоп бирөөлөрдүн башына келгенди табалап бир келген өмүрдү шүгүр келтирүү менен гана өткөрөлү . Барга шүгүр жокко каниет. МЫНДАЙ нерсе кимибиздин гана башыбызга түшпөй калат дей алабыз, эже сизге. АЛЛАХ САБЫР жана шыфаа берсин . Кудайдын сүйгөн пендесине сыноо берет экен сыгылбан сабырдуу болуңуз ,сөзсүз сакайас ин ша Аллах
0
dina1223
2017-09-28 00:44:15
аллах шыпаасын берсин ааамиийн
+1
kutman-kg94
2017-09-29 15:48:41
Аллахым шыпасын берсин
+1
ALMAAAN
2017-09-29 20:02:04
Аллахым шыпаа берсин кызыныз буйруса жакшы болуп кетет эже
+1
jon.as
2017-10-03 05:48:25
Ии жаман болгон экен, карап туруп журок зыркырайт. Кудай шыпаа берип айыгып кетсин.
0
№ 777, 22-28-сентябрь, 2017-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан