Кайрымдуулардан уучубуз куру эмес. МУКТАЖ АДАМДАР БАШ КАЛКА ТАБЫШТЫ

«Супер-Инфо» түптөлгөндөн бери элдин көйгөйүн угуп, турмуштун оор сыноолоруна туш болгон тагдырларды жазып, муктаж адамдар менен кайрымдуулардын ортосунда көпүрө болуп келет. Кайрымдуу адамдардын жардамы тийгенин айтышкан каармандарыбыз тилектери четинен орундала баштаганын билдиришти.


Асыл Төлөбаева:
«БУЮРСА, ЭМКИ ЖЫЛЫ ЖАҢЫ ҮЙГӨ КИРИП КАЛАБЫЗ»

Гезитибиздин өткөн сандарынын бирине майып кызын сүйрөп жүрүп кичиавтобустарды жууп оокат кылган 56 жаштагы Асыл Төлөбаеванын оор тагдыры тууралуу макала чыккан. 17 жылдан бери унаа жууп 4 баласын баккан жалгыз бой эненин «тоокканадай болсо да өз үйүбүздө жашасак» деген ою ишке ашып, боорукер адамдардын жардамы менен аларга үй салынып жатыптыр.
– Мен көйгөйүмдү гезитке айткандан кийин эл тараптан мага жардамдар боло баштады. Ар ким колунан келгенин берип жатышты. Кайрымдуу адамдар көп экен, элден айланса болот. Кийим-кече, азык-түлүк, ошондой эле акчалай да жардамдарын көрсөтүштү. Түшкөн каражатты кайрымдуу адамдардын жардамы менен үй салууга жумшап жатабыз. Учурда Бишкектин четиндеги Алтын-Ордо конушунда 3 бөлмөлүү үйдүн дубалы туруп калды. Буюрса, эмки жылы шыбап, сырдоо иштерин жасап алсак, жаңы үйгө кирип калабыз. «Супер-Инфонун» жасап жаткан ишине, көмөк көрсөткөн кыргыз элиме ыраазымын!



Айсада Жумабаева:
«УУЛУМА ИЙГИЛИКТҮҮ ОПЕРАЦИЯ ЖАСАЛДЫ»

Гезитибиздин өткөн сандарында Айсада Жумабаева аттуу каарман өзүнүн аянычтуу тагдырын айтып берген. Ал үйү өрттөнүп кетип, барар жери жок экенин, какаганга муштаган болуп 21 жашар уулунун эки бөйрөгү жабыркап, операция жасоого акча керек болгонунан тилемчилик кылууга аргасыз болгонун айткан. Айсада айым элдин жардамы аркылуу бутка туруп келатышканын айтып, кубанганын жашырган жок.
– Заманаң куруп, акча таппай айлаң кетип турганда кайыр сураганга деле барат экенсиң. Балаңдын ооруганын көргөн жаман экен. Кудайга шүгүр, журттан көмөк алып, Аргендин бөйрөгүн алмаштырдык. Өзүм донор болуп берейин десем, менин бөйрөгүм жарабайт экен. Анан кызым бир бөйрөгүн уулума берип, азыр экөө бирден бөйрөк менен жашап жатышат. Учурда уулумдун ден соолугу жакшы.
Биздин тагдырыбызды гезиттен окуп, кол сунгандар көп болду. Алардын басымдуу бөлүгү жаш улан-кыздар, Америкада, Орусияда иштеп, жашап жүргөн мекендештерибиз болду. Кайрымдуулук кылып жүргөн Азамат Байматов деген жигит Орусияда үй-бүлөсү менен жашап, иштеген Актилек деген жигитке кайрылып менин атымдан жардам сураптыр. Анын Тунгуч кичи районунда жаңы курулган үйдө 1 бөлмөлүү батири бар экен. Ал ошол батирине бизди киргизип, «эже, бир жылдай убакыт бекер эле жашай бериңиздер. Коммуналдык кызматтарды да өзүм төлөйм» деп тапшырып койду. Ошентип азыр ошол колу ачык жигиттин үйүндө жашап жатабыз.


Айгүл:
«БЕЙТААНЫШ АДАМ «УБАКТЫЛУУ ЖАШАП ТУР» ДЕП ҮЙҮН БЕРДИ»

«Күйөөм СПИДден каза таап, мага ВИЧ инфекциясы жугуп алып, элден бөлүнүп калдым» деп аянычтуу тагдырын айтып берген Айгүл (аты-жөнү өзгөртүлгөн) аттуу айым эсиңиздерде болсо керек. Жолдошунун өлүмүнө күнөөлөгөн кайнежеси аны үйүнөн чыгарып койгон. Ал 2 баласын алып, 600 сом менен Бишкекке келе берген. Буга чейин үй-жайы жок, кризистик борборлордо убактылуу баш калкалап жүргөн аял «менин тагдырым гезитке жарыялангандан кийин кайрымдуу адамдар кол сунуп, көмөк көрсөтүп жатат» дейт.
– Тагдырымды гезиттен окугандар мага байланышып, жардамга колун сунуп жатышты. Кайрымдуу адамдардын берген ар бир тыйыны колума тийип, керегиме жараттым. Алардын ичинде өзүнүн атын атагысы келбеген бейтааныш бир адам «убактылуу жашап тургула» деп үйүн берди. Азыр Бишкектин четиндеги жаңы конуштардын бириндеги ошол үйдө балдарым менен жашап жатабыз. Дагы бир эже «эмне сатып берейин, кем-карчыңды айт» дегенинен, чакан бизнес баштайын деп нан бышыруучу меш сурадым эле, жаңы электр меш сатып берди. Анан Бишкектеги ооруканалардын биринин бөлүм башчысы чакырып жумуш берди. Азыр эртең менен оорукананын 6 кабинетин бир маал жууп, 4 миң сом айлык алып жатам. Жумуштан келип, жасаган самсы, пирожкилерди дүкөндөргө таратып иштейм. Кудайга шүгүр, балдарымды мектепке даярдап, кийим-кече алып берип, мектепке киргизип алдым. Жашоо-шартыбыз мурдагыга салыштырмалуу оңолуп келе жатат. Жакшы адамдар бар экенине ишенип калдым.


Алтынай Тынышова
koom@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (8)
Nibiru.
2017-09-26 19:45:48
Бечераларга берген адамдардын ырыскысын Аллахым дагы арттырсын!
+6
Drongo
2017-09-27 16:34:11
Онугуп,оркундоп осо бер Супер Инфо!
+1
Cocochanel
2017-09-29 07:47:59
Кудайга шугур Кыргызымда ушундай адамдарга жардамыны Берген инсандар барлыгына.
+1
Azatbek83
2017-09-30 16:49:56
Чындыгын айтсам окуп жатып буулугуп козумо жаш келди.Мындай окуяны кыйынчылыкты тарткан башынан откоргон адам гана тушунот.Аллахым баарынарга узун омур чын ден-денсоолук ырыскысы берекесин берсин.
+1
lady_91
2017-10-01 16:12:37
Кайрымдуу адамдардан Алла ыраазы болсун!!!
+2
jon.as
2017-10-03 05:52:49
Аллах ыраазы болсун!
0
Aikoo2014
2017-11-04 14:06:57
Аллах ыраазы болсун кайрымдуу адамдарга.
0
meni_kut
2017-12-11 13:07:19
Азамат Байматов коп бей бечара адамдарга уй салып берди атына заты жарашкан бала
+1
№ 777, 22-28-сентябрь, 2017-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан