Издейм сени «ЖЫЛДЫЗ, МАГА БАЙЛАНЫШ!»

– Саламатсыздарбы? Мен мындан 5 жыл мурда Чолпон-Ата шаарында таанышып, кыз-жигит болуп жүргөн Жылдыз аттуу кызды издейм. Ал ошол убакта Нарындан Чолпон-Атага ашпозчу кесиби боюнча практикага келген эле. Жылдызка, биз кандай бактылуу күндөрдү өткөрчү элек.


Кайдасың, мага байланышчы,
сени издеген Жаку.
Тел.: 0707 44 48 77


«ГРУППАЛАШЫМ, КАЙДАСЫҢ?»

– 2009-жылы Кыргыз-Өзбек университетинин ПОВТАС11-09 тайпасында бирге окуган группалашым Анипа Абдрахманованы издейм. Ал Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районунан болот. Анара аттуу эжеси бар болуш керек. Анипа, эгер окуп калсаң кабарыңды билдир.


Сени издеген группалашың
Бактыгүл Аттокурова,
тел.: 0553 91 02 08


"ДОСУМ МАРАТ, КАЙДАСЫҢ?"

– Ысык-Ата районунун Красная Речка айылынын жашоочусу 1955-жылы туулган досум Маратты издейм. Экөөбүз 1980-жылдары Каракол шаарында таанышканбыз. Өзү ширетүүчү, келинчеги Рейна эсепчи болуп иштечү. Уулунун аты Искендер. Угушумча, Марат акыркы жылдары Красная Речка айыл өкмөтүндө иштеп жаткан. Марат, окуп калсаң кабарлаш.


Ошол кезде аэропортто иштеген таластык досуң Ишен,
тел.: 0557 66 27 44, 0553 01 76 34


«КОЖОЯРДЫК НАЗГҮЛДҮ ИЗДЕЙМ»

– Саламатсыздарбы? Мен Назгүл аттуу Ысык-Көл районуна караштуу Кожояр айылынын тургунун издеп келем. Экөөбүз Чолпон-Ата шаарында таанышканбыз. Таежесиникинде жашап, көл жээкте иштечү. Назгүл, кайдасың?


Сени издеген жигитиң Жаку,
тел.: 0708 00 21 45


«АЛЧАШТЫН ДАЙЫНЫН БИЛБЕЙ ЖҮРӨМ»

– Мен Талас райондук жана райондор аралык гезиттерде 1960-70-жылдары чогуу иштеген кесиптешим Алчаш Стамкулованы издейм. Кийинчерээк ал үй-бүлөсү менен Бишкек шаарына көчүп кеткен. Андан бери көп жыл өтсө дагы Алчаштын дарек-дайынын таппай жүрөм. Быйыл ал 75 жашка толот. Кутман курагы менен куттуктап, мындан ары да кабарлашып турсак дегем.


Өскөн Исмаилов,
тел.: 0556 80 60 41

Сиз качандыр бир кездеги жакын ада­мы­ңыз­ды издеп, бирок таппай жүргөн болсоңуз, анда Главпочтамт, а/я 2031 дарегине же koom@super.kg электрондук почтасына кат жазыңыз.
Эскертүү! Катта маалымат берген адамдын дареги же телефон номери так көр­сө­түлүүгө тийиш.
Байланыш телефону: (0312) 32-33-28

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (6)
Naziw
2017-09-26 12:26:41
Жаку бир мезгилде эки кызды издеп жатабы?
+8
Orozgul21
2017-09-26 13:09:13
Naziw Менда ошентип ойлоп жатам бири болбосо бири деп жатканго
+1
gulniza-ali
2017-09-29 09:14:28
Naziw, noomeri bashka go???
0
Myrzashka95
2017-09-26 15:44:07
Электрондук адреске кетпей жатат. Неверный адрес деп
0
admin_portal
2017-09-26 16:02:01
Myrzashka95, саламатсызбы! Тиешелүү адистерге бул көйгөй тууралуу кабарланды.
0
taalay25
2017-09-28 10:49:58
Бул Жакунар эски окуя эстен кетбейт болуп атат окшойт.
+2
№ 777, 22-28-сентябрь, 2017-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан