МЬЯНМАДА МУСУЛМАНДАРГА КАРАТА ГЕНОЦИД БОЛУП ЖАТАБЫ?

25-августтан бери интернетти Мьянмадагы мусулмандардын буддисттер тарабынан аёосуз өлтүрүлүп, куугунтукталып жатканы тууралуу кабарлар, сүрөттөр каптады. Мындай маалымат дүйнө мусулмандарын кабатырлантып, ачуулануусуна себеп болууда. Буга байланыштуу 5-сентябрда боло турган АФК кубогунун тандоо турундагы Кыргыз өлкөсү менен Мьянманын Бишкекте өтө турган футболдук беттеши токтотулду. Биз аталган өлкөдө болуп жаткан курч кырдаал тууралуу кеп кылууну туура көрдүк.


ӨЛКӨ ТУУРАЛУУ
1948-жылы түптөлгөн
Борбору –
Нейпьидо шаары
Калкынын саны – 60 миллиондой. Калкынын 89 пайызы буддизм, 4 пайызы христиан, 4 пайызы ислам динин тутунат
Башкаруу формасы – президенттик республика
Аянты – 678 миң 500 чарчы чакырым

БАҢГИЗАТТЫН ЭКИНЧИ МЕКЕНИ

Мьянма түндүк-чыгышынан Кытай, түштүк-чыгышынан Таиланд, батышынан Индия жана Бангладеш менен чектешип, Индокытай жарым аралында жайгашкан.
Мьянма өлкөсү дүйнөгө баңгизатты мыйзамсыз таратуучу жана ири көлөмдө өндүрүүчү өлкө катары белгилүү. Өлкө бул багытта Ооганстандан кийинки эле 2-орунда турат. Таиланд, Лаос жана Мьянма өлкөлөрү кирген «алтын үч бурчтук» аймагында өндүрүлгөн баңгизаттар Бангладеш, Камбоджа аркылуу дүйнөнүн төрт бурчуна жөнөтүлөт. Баңгизат соодасынан сырткары күрүч менен жер жаңгак көп өстүрүлүп, Таиланд жана Кытайга экспорттолот. Туризм да өлкөнүн кирешесинин олуттуу бөлүгүн түзөт. Мьянма өлкөсү өзүнүн эшигин дүйнөгө жакында гана ача баштаган. Мындан улам анын табышмактуу табиятын, түрдүү элдерден куралган калкын жана көз жоосун алган храмдарын көрүүгө ашыккандар арбын. Туристтер бул өлкөнүн байыркы доордон сакталып калган курулуштарын көрүү үчүн көп келишет.

ХРАМГА ТОЛГОН ӨРӨӨН

Мьянма табиятынын сырдуулугу жана түрдүү храмдары менен дүйнөнү өзүнө тартып келет. Биринчи жолу бул өлкөгө барсаңыз «калкы храмдарда жашайт го» деп ойлойсуз. Өлкөнүн негизги имараттары да байыркы храмдардын стилинде курулган. Буддизм бул аймактагы тарыхы узун дин болгондуктан, кечилдикке баш-оту менен кирип кеткен жарандар көп. Калктын 89 пайызы буддизм динин карманышса, христиан жана мусулмандар төрттөн пайызды түзөт. Калктын көпчүлүгүн түзгөн буддисттер аз катмарды түзгөн мусулмандар менен илгертен тирешип келет.

МЬЯНМАДА ЭМНЕ БОЛУП ЖАТАТ?

Дүйнөгө "Мьянмада мусулмандарды буддисттер кырып жатат" деген маалымат тарап, мусулман коомчулугун дүрбөтүп жаткан учуру. Окуя эмнеден келип чыкканын иликтеп көрөлү. Мьянманын Ракхайн штатындагы рохинжа мусулмандары бул аймакка XIX-XX кылымдарда Британиянын кысымынан улам Бенгалиядан (учурдагы Бангладеш) көчүрүлгөн. Аларды өлкө бийлиги "мыйзамсыз келгендер" деп ушул убакка чейин жарандык бербей келген. Мындан улам алар социалдык укуктарга ээ эмес. Буга байланыштуу рохинжа мусулмандарынын арасынан жарандык талап кылган «Рохинжаны куткаруу армиясы» деген топ түзүлгөн. Аталган топ 2017-жылдын 25-августунда постто турган 12 коопсуздук кызматкерин өлтүрүп коёт. Ушул окуя себеп болуп Мьянма жетекчилиги «рохинжа мусулмандарынан террорчулар чыкты» деп текшерүүлөрдү жүргүзө баштаган. Өлкө бийлигинин тараткан маалыматына караганда, кагылышуулардан 400дөн ашуун адам каза болгон. Анын 50сү аскерлер болсо, калганы рохинжалар. Тополоңдон улам Бангладешке качып чыккан мусулмандардын саны учурда 400 миңден ашканын Бириккен Улуттар Уюму маалымдоодо.

ЭРДОГАН БЕРГЕН ЭСКЕРТҮҮ

Мьянмадагы окуяга шилтеме берип интернет булагына бир топ сүрөттөр тарады. Алардан мыкаачылык менен өлтүрүлүп жаткан адамдарды, өрттөлгөн үйлөрдү көрүүгө болот. Көпчүлүк бул тирешүүнү диний өңүттөн карап, Мьянма бийлигине эмес, буддисттерге нааразычылык айтууда. Окуяга карата мусулмандар көп жашаган өлкөлөрдөн биринчи болуп Түркия президенти Режеп Тайип Эрдоган билдирүү жасады. Ал Мьянманын бул кадамын «мусулмандарга болгон геноцид» деп атап, эгер БУУ тиешелүү чара көрбөсө Мьянмага аскер киргизүүгө даяр экендигин билдирди. Көп өтпөй Эрдогандын жубайы Эмине Эрдоган Бангладешке гуманитардык жардам жеткирип, рохинжа качкындарына жолукту.
Чеченстандын президенти Рамзан Кадыров да аталган кырдаалга карата тынчсыздануусун билдирип, Орусия Мьянма бийлигинин кадамын колдосо аларга каршы чыгууга даяр экенин жар салды. 4-сентябрь күнү Грозный шаарында Кадыров баштаган миллиондон ашуун мусулман каршылык акциясына чыккан.

Орусия президенти Владимир Путин Кадыровдун билдирүүсүндө эч кандай чочулоочу нерсе жоктугун билдирген. Кыргыз бийлиги да Мьянманы тынчтыкты сактоого чакырган позициясын билдирди. 2017-жылы Бириккен Улуттар Уюму аталган маселени карай баштаган. Уюмдун Коопсуздук кеңеши Мьянмадагы кырдаалды жөнгө салуу максатында комиссия түзүүгө бел байлайт. Бирок ага Орусия менен Кытай каршы чыгып, аракет ишке ашкан эмес. Мындан улам коомчулукта «Орусия Мьянманы колдоп жатат» деген сын-пикир пайда болду.

РОХИНЖАЛАР КИМДЕР?

Алар чакан этникалык топ болуп, Мьянманын Ракхайн штатында күн кечиришет. Учурда алардын саны миллиондон ашат. Тутунган дини ислам. Мьянма 1948-жылы Британиядан кысымынан бошонуп, эгемендүүлүктү алган соң рохинжалар да өз алдынчалыкка аракет кылат. Бирок өлкөдөгү аскердик диктатура буга жол берген эмес. 2012-жылкы жергиликтүү буддисттер менен рохинжа мусулмандарынын кагылышуусунан кийин өлкө жетекчилиги аларды «террорчу» деп атап, катуу куугунтукка ала баштаган.



Аун Сан Су Чжи 19-сентябрда окуя боюнча пикирин айтып, "биз жагдайды толук тактамайынча иликтөөнү улантабыз" деди.




МЬЯНМАДАГЫ «ЭТНИКАЛЫК ТАЗАЛОО»

Мьянмадагы акыркы окуялар дүйнөнү өзүнө каратты. Анын ичинде Бириккен Улуттар Уюму да рохинжа мусулмандары менен бийликтин кагылышуусуна олуттуу көңүл бура баштады. БУУнун башкы катчысы Антониу Гуттериш Мьянмадагы рохинжаларга болгон куугунтукту «этникалык тазалоо» деп атады. «Мен Мьянма бийлигин зомбулукту токтотууга чакырам. Аун Сан Су Чжиде баш аламандыкты токтотуу үчүн акыркы мүмкүнчүлүк бар»,- деди Гуттериш. Аун Сан Су Чжи Мьянманын тышкы иштер министри жана мамлекеттик кеңешчиси (бул кызмат премьер-министрлик кызмат менен барабар). Ал убагында тынчтыкка кошкон салымы үчүн «Нобель» сыйлыгына татыган. Мындан улам бул саясатчыдан дүйнө коомчулугу рохинжа мусулмандарына карата адилеттүү мамиле кылууну жана тынчтыкты орнотууну талап кылууда. Учурда Ракхайн штатын рохинжа мусулмандарынын жарымы таштап кетти. Качкындардын агымы токтой элек. Бангладеште түзүлгөн 2 лагерь рохинжаларга толуп бүттү. Ал эми Мьянма бийлиги дагы деле рохинжалардын кыштактарын четинен өрттөп, куугунтуктап келүүдө.

Мьянманын байыркы Баган шаарында эле миңдеген храм бар.
Мьянмадан качып чыгып жаткан рохинжа качкындарын Бангладеш кабыл алууда. Качкындар лагери толуп калгандыктан бир топ качкындар чек арага чогулган.

Бектур Токтоноев
koom@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (13)
ilgis1991
2017-09-26 14:17:30
Тооба кылдым.согуш болбосунчуэч качан.Бирок тиги буддалардын козун ачып коюш керек экен.
+1
janat.kg
2017-09-26 15:11:20
Мин наалат ушундай мээрими жок боорукерлик жок калк бар экенине мин наалат.
+9
admin_portal
2017-09-26 16:43:32
umar_official, провокация жаратууга тыюу салынган! Эскертүү!
-4
diar_1113
2017-09-26 18:48:09
Кудай сактасын. Бей куноо адамдар
+4
Gulnaz.GS
2017-09-27 00:51:05
Арабдар неге унчукпай олтурушат.
+5
bek_07
2017-09-27 08:19:26
Биз деле ХХХ туугандарды ХХХ ХХХ керек тиги бу дейбиз го мусулман болуп атып,жаман улут жок жаман адам бар ошого урушуп талашпай жашайлы бизда. а алар буддисттер ХХХ ХХХ. Жер жузундо тынчылык болсун !
+4
admin_portal
2017-09-27 10:28:07
bek_07, улуттар арасында түшүнбөстүк жаратуучу билдирүүлөрдү жазууга тыюу салынган! Азырынча эскертүү!
-3
Jaloshtalnarisbatchui
2017-09-27 12:40:43

Эрдоган менен аялы озу геноцид кылып жатат ко Туркияда... калптан эле ..элин алдамай
-6
nur72
2017-09-28 04:35:20
эмнеге мынча кордоп жатат кандай болсо да адам укугун коргош керек го
+3
AzKumFerDan
2017-09-30 23:53:54
nur72,мункур рохинжалар кутуруп кеткенди биздеги ала топучандар сыягы
0
nurseyitbakiev
2017-10-02 19:06:02
кудай сактасын ушундай нерседен
0
Atagozu
2017-10-02 19:07:08
азамат Эрдоган
0
Adybai
2017-10-03 23:05:34
Саламатсыздарбы.Менде бир суроо бар. Жакында эле интернет айдынында "Ашина Вираткху"(лидер Мьянмы) бир маскачан адамдар башын балта менен кесип алган видео жургон да. Ошол маалыматты тактап бересинерби урматтуу супер инфо жамааты.?
0
№ 777, 22-28-сентябрь, 2017-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан