Жакында Чоң-Алай районунда катталган жол кырсыгы 2 жаш кыздын өмүрүн алып кетти. Жаңы үйлөнгөн эки жаштын сейилдөөсүнө чыккан учурда болгон бул кырсык бир үй-бүлөнү жалгыз кызынан жана жаңы турмушка чыккан кызды сиңдисинен ажыратты. Ошондой эле дагы 2 кичине кыз менен унаанын 18 жаштагы айдоочусу ооруканада дарыланышууда.
КЫРСЫК БОЮНЧА КЫЛМЫШ ИШИ КОЗГОЛО ЭЛЕК
17-сентябрь күнү Сары-Таш – Карамык унаа жолунун 112 чакырымында болжол менен 14:15 чамасында жол кырсыгы катталган. Анда Кара-Тейит айылынан райондун борбору болгон Дароот-Коргон айылына бара жаткан Лексус RX 300 унаасы жарды сүзүп оодарылып кеткен. Кырсыкка кабылган унаада айдоочу жаңы үйлөнгөн жаштардын туугандарын алып бара жаткан. Алар: 9 жана 16 жаштагы 2 кыз кырсык болгон жерден каза болсо, 14 жаштагы 2 кыз менен 18 жаштагы унаанын айдоочусу жаракат алып, учурда Ош шаардык ооруканасында дарыланышууда. Ош ОИИББинин маалымат кызматынын билдиришине караганда, жол кырсыгы боюнча иликтөө иштери жүрүп жатат жана тиешелүү соттук-экспертизалар дайындалган. Соттук-экспертизанын жыйынтыгына жараша кылмыш иши козголору же козголбой турганы белгилүү болот. Ошондой эле унааны башкарып баратып кырсыкка кабылган жарандын айдоочулук күбөлүгү жок экендиги аныкталган.
«ҮЙДҮ КӨРҮП ЭЛЕ КЫЗЫМ АМАН ЭМЕСТИГИН БИЛДИМ»
Карамык айылынын тургуну ЗУЛАЙКА АКСАТАРОВА улуу кызын турмушка узатканына болгону бир күн болгон. Ал улуу кызынын үлпөт тоюнда сейилдөөгө чыккан кичүү кызы кырсыктан каза болгонуна дагы деле ишенгиси келбей турганын айтат:
– Улуу кызымды кошуна айылга кудалашып койгон элек. Эки жаш сүйлөшүп жүрүп, кырсык болордун алдында күйөө балам кызымды ала качып алды. Биз ага деле макул болдук. Себеби тойду быйылкы күздө кылалы деп сүйлөшүп жатканбыз. Эртеси күнү кызым жолдошу экөө жаштар менен сейилдөө уюштурушкан. Ал жерге кичүү кызым да барам дегенинен "барып ойноп, кайра келет" деп жиберген элем. Анан кызым биздин айылдаш баланын унаасына түшкөн экен. Негизи ошол күнү бир жамандыкты сезгендей эле жүрөгүм тынч ала албай жаткан. Кыздар менен кошо кеткен келиниме телефон чалсам, ал албай койду. Аңгыча кайнагамдын уулу келип «жеңе, жаштар азыр эле жолдон өтүп кетишти» деп калды. Бир аз убакыттан кийин абысыным келип «жаштар кичине кырсыктаптыр» деди. Чынында алардын үйдүн жанынан өткөнүнө аз эле убакыт болгон. Жолдошум экөөбүз оорукананы көздөй жөнөдүк. Барсак «кызыңарга операция жасалат, күтүп тургула» деп айтышты эле, кызымдын амандыгын тилеп отурдум. Бир кезде «Ошко алып кетебиз. Сиз үйгө барып кийинип келиңиз» деп мени үйгө жөнөтүштү. Үйгө барсак туугандар үйдү даярдап жатышыптыр. Аны көрүп эле кызымдын аман эмес экенин билдим. Ыйладым, сыздадым, бирок кызымды тапкан жокмун.
Эми бул кырсык да. Кызым отурган унаа менен дагы бир жаш бала айдаган унаа жарышып бара жаткан деп да айтып жатышат. Унаа оодарылганда кызым терезеден ыргып кетиптир. Назира кызым балдарымдан башкача эле, айттырбай түшүнүп, күйүмдүү болчу. Быйыл 4-класска бара баштаган, сабакты жакшы окучу. Жакында эле «мен президент болдум» деп мактанып сүйүнүп келген эле. Кызымдын кылык-жоругун, баскан-турганын эч айтып түгөтө албайм.
«СИҢДИМ ЖАРАКАТ АЛГАН ЭКЕН ДЕП ОЙЛОДУМ»
Турмушка жаңы чыгып, тоюнда кырсык болуп сиңдисинен айрылган эжеси МЕРВЕТ буларды кошумчалады:
– Сейилдөөгө чыккандардын бардыгы ар кайсы унааларга отуруп кетип бара жатканбыз. Биз райондун борборундагы бир кафеде чакан той өткөрүүгө сүйлөшүп койгон элек. Бардыгыбыз ошол жакка бара жатканбыз. Биз түшкөн унаа алдыда бараткан, бир учурда артыбызды карасак, калган машиналар көрүнбөйт. Ошол убакта кимдир бирөө жолдошума телефон чалып, «артка айдагыла» деди. Биз барсак сиңдимди «ооруканага алып кетишти» деп айтышты. Дагы бир сиңдим менен инимдин ыйлап жатканын көрүп жетип барсам, «Назира эже» деп ыйлап жатышыптыр. Мен сиңдимди жаракат алган экен деп ойлодум. «Кийимиңди чечип кел, ооруканага барабыз» дегенинен үйгө барып, сиңдимдин каза болгонун уктум. Бул биздин бешенебизге жазылган иш. Биздин тоюбуз сиңдимдин өлүмүнө себепчи болду деп деле айта албайм, Назиранын ажалы ушуга жазылыптыр да. Жакындарыма сабыр берсин.
«КЫЗЫМ ҮЙДҮН ЖАЛГЫЗ КЫЗЫ ЭЛЕ»
Ошол эле кырсыкта каза болгон 16 жаштагы Накылай Бурканова бир үйдүн жалгыз кызы болгон. Апасы ГҮЛСАНА ТУРДУКУЛОВА менен байланышып, ал абалын сураганда буларды айтып берди:
– Кызым Накылай быйыл 10-класста окуп жаткан. Кызын турмушка узаткан адамдар менен бир кездерде кошуна болгонбуз, алар кызымды да тойго чакырышкан экен. «Апа, барып келейинчи?» деп суранганынан макул болгон элем. Үйдө отурсак тойду тартып жүргөн оператор жигит телефон чалып, «машина кичине кырсыктады, кызыңар жакшы эле» деп айтты. Аны угар замат ооруканага бардык, дарыгерлер «кызыңар сүйлөп калды, абалы жакшы» дегенинен кызымдын өмүрүн тилеп сыртта 5 саат отурдук. Бирок кызымды тирүү көрө алган жокмун.
«БИЗ ҮЙДӨ ЖОКТО МАШИНАНЫ АЙДАП КЕТИПТИР»
Сейилдөөдө кырсыкка кабылган унааны айдап чыккан айдоочу Бекмаматтын апасы АЙЧҮРӨК ИСРАИЛОВА уулунун абалы тууралуу айтып берди:
– Кырсык деген айттырбай келет тура. Биздин кызды коңшу айыл келин кылып алгандыктан, эртеси жаштар сейилдөөгө чыгышыптыр. Биз үйдө жок болчубуз. Эмнеге билбейм, уулум унааны сейилдөөгө айдап чыгыптыр. Ал азыр ооруканада. Машина оодарылганда ал терезеден ыргып кетиптир. Ооруканада эки сааттан кийин эсине келди. Эмне болгонун, каякта жатканын билген жок. Балама кырсыктан кыздар каза болгонун айттык, ал кыжалат болуп жатат.
Айсалкын Качкынбекова
koom@super.kg