Эненин ыйлаганын көргөзбөсүн. «Өзүм бардыгына чыдай берем, балдарым аман болсун, оорубасын» деп көзүнө жаш алып Кундус Омуралиева татаал тагдырын айтып берди.
"ЖЫЛДА БИРДЕН ЖАМАНДЫК..."
– 2015-жылы январь айында жолдошум каза болду. Анын аркасынан эле жыл айланбай уулум өтүп кетти. Каралдым, 26 жашында, жаш бойдон бизди таштап кетти. Бул жылы минтип үйүбүз өрттөнүп, көчөдө калдык. 13-сентябрь күнү кечинде күндөгүдөй эле жумуштан үйгө келгем. Чай ичели деп «Tefal» чайнекти күйгүзсөк эле жарылып, өрт чыкты. Балдарды көтөрүп эшикке чыкканга эле жетиштик. Одеалону ыргытсам, аны да ток тартып кетти. Кум чачымыш болдук, ал да жардам берген жок. Үйүмдө палас, парданын баары эле синтетикадан, арзан буюмдар болгондуктан өрт бат эле жайылып, эч нерсебизди алып чыкканга жетишпей калдык. Кийимдерибиз, болгон буюмдарыбыз, документтерибиз күйдү. Турган турпатыбыз менен эле калып калдык. Өрт өчүрүүчүлөр өчүрүшүп, «үй толук өрттөндү» деп тил кат жазып берип кетишти.
Үйү жок калганда «ушинтип эле талаада каламбы?» деп ыйладым. Жок дегенде таянар жолдошум болсо жардам бербейт беле. Айла жок балам экөөбүз аракет кылып күн өткөрүп жатабыз. Ал күнү уулум, келиним, алардын эки баласы болуп жакын жашаган эжебиздикине барганбыз. Ал үйдө да 4 кичинекей бала бар, биздин балдар кошулганда ызы-чуу болуп, алар «жаман көрбөңүз, бул жерде силерди алып кала албайбыз» дешти. Минтип көчөдө калдык. Кечинде кичинекей эски сарайда уулум үй-бүлөсү менен жатышат, мен болсо эшикке алачык жасап алгам, ошонун ичине жатам. Келиним 2-топтогу майып, өпкөсүнөн оорулуу, балдары кичинекей. Ооруп калышпасын деп сарайга жаткырып жатам. Бир жолу огородду суу каптап кетип, сарайга тыгылып алар менен жаттым.
Кошуналарым ар кандай жардам берип жатышат. Кийим-кечектер, азык-түлүк, идиш-аяк, төшөк, акча менен жардам беришти. Элден улам ар нерсени сурай бергенден деле уялып калдым. Бирок сурасам жардам беришет. Кайним келип сарайга жарык тартып берди.
Өзүм бир пансионатта пол жуугуч болуп иштейм. Чогуу иштегендер 30 миң сом чогултуп беришти, пансионаттын атынан 15 миң сом беришти. Бул акчалардын баарын эле үй тургузуп алганга жумшап жатабыз. Бул үйдү сатып алганыбызда жанында фундамент бар болчу, ошону улап там салып алалы деп балам экөөбүз аракет кылып жатабыз. Азырынча абалыбыз ушул, түнкүсүн суук, үшүп уктай албайм. Турам, отурам, жолдошум менен уулума куран окуйм, «үй тургузуп алалы, жылуу үйдө отуралы» деп Кудайга жалынам, балдарымдын бактысын, ден соолугун сурайм. «Жашоом жакшы нукка бурулуп, жамандык болбосо экен» деп тилейм. Жашоодо тагдырымдын татаалдыгына гана кейийм.
"УУЛУМ АСКЕРДЕН ООРУКЧАН БОЛУП КЕЛДИ, ОШОНДОН АЙЫГА АЛБАЙ КАЗА ТАПТЫ"
– Жолдошум Орусияда аскерде кызмат өтөп жүргөндө жыгылып, буттары сынып, аксап басып калган, 3-топтогу майып болчу. Кийин астма менен ооруп, врачтар "аба алмаштыргыла" дегенинен Ысык-Көлгө көчүп келгенбиз. Бирок бул аракетибиздин жардамы тийген жок, жолдошум оорусунан улам каза болду. Уулум Асан аскерден келгенден кийин эле эпилепсия болуп, башы ооручу болгон. Текшерилсек, врачтар «башына катуу сокку болгон» дешти. Аскердеги бул жагдайдын башка балдарга да зыяны тийбесин деген максатта уулумдун абалы тууралуу айтып аскер комиссариатка кайрылсам, «учурунда келиш керек болчу, сабалганынын далили барбы?» деп коюшкан, учурунда билбей калдым, балам эч нерсе айтчу эмес.
Аскерден келгенден кийин тамчылатма, уколдон башы чыккан жок. Жакшына эле отурган жеринен калчылдап-титиреп «башым» деп жыгылып калчу. Кээде «Тез жардам» келчү, көбүнчө «өзүңөр алып келгиле» деп коюшчу. Такси менен, айрым учурда кошуналарга жалдырап ооруканага алып барчумун. Кээде бат эле ойгонуп кетчү, кээде комадан бир-эки күндөн кийин ойгончу. Айрым учурда бир күндө 5-6 жолу кармайт эле. Ошондуктан дайыма жаныма алып жүрчүмүн, бирок "бир аз иштейин" деп кетип калчу. Пансионаттарда иштеп жаткан жеринен оорусу кармап, ал жактан да бир нече ирет алып кеткем.
Уулум "аскерден бизди прапорщиктер урчу, уктап жаткан жерибизден башка чапчу, өзүнчө киргизип алып кур менен урчу» деп айтып баштап баратып эле кайра «апа, тамашалап койдум» деп же «аскерде болгонду айтпаш керек да» деп токтоп айтпай калчу. Катуу ооруганда «аскерге барбай деле койсом болмок экен» дечү. Атасы өлгөндө да көп кайгырды, эч нерсе сүйлөбөй башын мыкчып отуруп калчу.
Асаным эгиз балдардын түгөйү. Шайыр бала эле, ырдаганды жакшы көрчү.
"КЫЗЫМДЫ ЖОЛДОШУ 4 БАЛАСЫ МЕНЕН ТАШТАП, БАШКА МЕНЕН ЖАШАП АЛДЫ"
– Асандын эгизи Аселдин да тагдыры аянычтуу. Төртүнчүсү боюнда бар кезде жолдошу башка аял алып жашап алган. Ал дагы өзү жалгыз 4 баласын багам деп тырмышып жүрөт. Кызымды мектепти бүткөндө ала качып кетишкен, окутайын десем болбой. Эми минтип тагдыры талкаланды. Ажырашкан кезде боюнда эгиздер бар болчу. Бирөө боюнан түшүп калып, бирөө төрөлдү. Анысы Асаныма окшош. Аябай ыйласам, Кудай балама окшоштуруп берди окшойт.
Учурда улуу балам менен жашайм. Минтип, өмүр бою эле тырмышып балдарымды бутуна тургузайын деп иштеп келатам. Тапканымды ары тартып, бери тартсам да жетишпеген жашоо кууп жүрөт. Азыр 7700 сом айлык алам. Балам курулушта иштеп калат. 10-12 миң сом акча табат. Кээде 2-3 айлап жумушу болбой калат.
Өзүм баарына чыдайт элем, эки балама, неберелериме Кудай кубат берсин. Элден жардам сураганга аргасыз болуп турам. Там тургузуп алып, жылуу үйдө баш калкалабасак кичинекейлер да, өзүм да ооруп баштадык.
Перизат Музуратбекова
koom@super.kg