Алар сырткы дүйнөнү көзү менен кабыл алып, жүрөгү менен угушат. Алар башка адамдарга караганда жашоонун айрым мүмкүнчүлүктөрүн пайдалана алышпайт. Мындай кулагы укпаган балдарга дүйнөнү тааныштырып, жашоого үйрөткөн мугалим, тарбиячылардын кесип жолуна баш бактык. Каармандарыбыз дүлөй балдардын республикалык атайын жалпы билим берүүчү мектеп-интернатынын мугалими Валентина Уркасымова жана тарбиячысы Чынара Мурадилова. Мектеп-интернатта учурда 300 бала билим алат. Башка мектептердегидей ызы-чуу жок, бул мектептин коридорлорунда тынчтык орун алган.
«ЖЫЛДАП БАЛДАРЫНА КЕЛБЕГЕН АТА-ЭНЕЛЕР БАР»
Валентина Уркасымова, олигофренопедагог, логопед:
– Бул мектепте мугалим болуп иштеп жатканыма 32 жыл болду. Балдарга болгон сүйүүм үчүн кесибимди жакшы көрөм. Ар кандай балдар окуйт. Атайын жардамчы класстар бар. Ал класстарда бир канча дефекттери менен, араң басып келгендер бар. Көрүп жүрөгүм ооруйт. Бул балдардын жан дүйнөлөрү таза, эч нерсени жашырганды билишпейт. Болуп жатканды, үй-бүлөсүндө ким кандай мамиле кыларын, баарын бизге айтып беришет. Ошондуктан жакшы тааныйбыз, абалдарын жакшы түшүнөбүз. Үйдө көпчүлүк ата-энелери тилдерин түшүнбөгөндүктөн жана бул жактан өздөрүнө окшош адамдар менен баарлашкандыктан мектеп өздөрүнүн дүйнөсүндөй болуп калат, мектепке качышат, каникулдарда да келип турушат.
Биз бардык көйгөйлөрүн угуп, жардам берип, багыт беребиз. Ошондуктанбы, мугалимди сыйлашат, ата-энелериндей жакын болушуп жакшы көрүшөт.
Көпчүлүгү өнөрлүү. Сабактан кийин ийримдерге барышат. Бий, теннис, шахмат, шашкиден жана башка тармактардан сынактарга катышып ийгилик жараткандар, чет жактарга барып келгендер бар. Менин классымдагы Артур Керимкулов мүмкүнчүлүгү чектелгендер арасында Азиянын шахмат чемпиондугунда 2-орунду алып келди. Аябай сүйүнүп, “менин жеңишим тууралуу баарына айт" дейт мага.
Ар кандай ата-энелер бар. Кээ бир ата-энелер келип сабакка катышып, балдарын сурап турушат. Жылдап келбей койгондор да бар. Куралдарды, кийимдерди алып бербей көңүл бурбагандар бар. Такыр каралашар адамы жок 2 бала окуйт. Бирөөнү милиция кызматкерлери алып келишкен. Бирөөсүнөн ата-энеси баш тартып койгон. Ата-энеси көңүл бурбай койсо балдар депрессияга кабылышат. Үйүнө жуманын аягында гана эмес, каникулдарда да алып кетпей койгондор кездешет. Андай окуучулар ыйлашат, сабакка да көңүл бурбай, айланасындагыларга орой мамиле жасай башташат. Бул учурда туугандарына, ата-энесине чалып айтабыз. “Жумуштамын, бошобой жатам” деп кыйын болгондор бар. Баарыбыз эле жумуштабыз да, балдарга көңүл буруш керек. Балдар мээримге, көңүл бурууга муктаж экени баарыбызга маалым. Андыктан убакыт табуу ата-эненин колунда. Окуучуларым башка адамдар келип көңүл бурушса да сүйүнүшөт. Сиз келгенден бери “аты ким экен?” деп сурап жатышат менден, “сүрөткө тартып жатат” деп да кубанып жатышат.
Мектепти бүтүп кеткенден кийин коомго аралашуу бир аз кыйын болгону менен, бат эле көнүп кетишет. Мектепте кыздарга кийим тигүү, эркек балдарга эмерек жасоо сыяктуу келечекте турмуш-тиричиликке керектүү, каражат табууга жардам берчү өнөрлөр үйрөтүлөт. Мындай кызматкерлерге өлкөдө талап көп болгондуктан, жумушсуз калышпайт. Мындан сырткары кыздар сулуулук салондорунда иштешет. Жеке ишкерлик менен алектенгендери бар, унаа айдагандарды көрүп мен да таң калдым.
Бүтүрүүчүлөр дайыма майрамдарда келип бизди куттуктап турушат, эч унутушпайт. Мугалимдердин күнүндө да дайыма гүлдөрүн, белектерин көтөрүп келип кетишет. Бул бизди кубандырат. Үй-бүлө курууга келгенде, көбүнчө бири-бири менен баш кошушат. Айрым учурда алардын балдары да угуусу начар болуп, бизге келип окушат.
«БАЛДАР ЫЙЛАБАСА ЭКЕН ДЕЙМ»
Перизат Музуратбекова
koom@super.kg