БАКАЙ ЖАРДАМГА МУКТАЖ

Бакай 2 гана жашка чыкты. Ата-энесинин үрөйүн учурган диагноз жакында эле угулуп, ага шашылыш Түркияда операция жасалбаса түбөлүк укпай, сүйлөбөй калуу коркунучу бар. Апасы Миргүл Курманова жардам издеп редакциябызга кайрылды.
– Төрөт учурунда уулумдун моюну кысылып калган деп айтышкан врачтар. 1 жаш сегиз ай дегенде эки кулагы тең 100 пайыз укпай тургандыгын билдик. Буга чейин дабышка реакция кылчу. Бирок аркасынан келген дабышка эмес, алдынан келген дабышка көңүл бурчу. Атынан чакырсак укпай жатканынан врачка кайрылдык.
Врачтар консилиум өткөрүшүп, балага угуу мүмкүнчүлүгүн тартуулоого болорун айтышты. Ал үчүн кулагына имплант коюлуусу керек экен. Мындай операцияны Түркияда жасатуу мүмкүн экен. Дарыгерлерден эмнеден улам баламдын кулагы укпай төрөлүп калганын сурасак, же төрөт маалында, же эненин курсагында жатканда жабыркап калгандыгын айтышты. Өзү теңдүүлөр менен кошо сүйлөп калуусу үчүн, ар тараптуу жетилүүсү үчүн тез арада операция жасалышы керек дешти. Операциянын баасы 40 миң доллар турат экен. Ошондуктан элдин жардамына муктажбыз. Өзүбүз 4 баланын ата-энесибиз. Мындай сумманы чогултуу оңой эмес экен. Кандай болгон күндө да уулум айыгып кетсе болду. Ушул ой менен таң атып, кеч кирип жаткан учур. Уулум Бакай акылдуу, ар нерсеге шыктуу бала. Анын айыгып кетүүсүнө жардам берүүңүздөрдү суранабыз.


Нуржамал Жийдебаева
koom@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (1)
Shahrizaada
2017-10-11 00:33:38
Эмнеге жардам бергиле дейсинерда, телефон номерин,дарение, координаттарын кого жазбайсынар. Эмне көркүнө жардам беребизби,так маалымат жок болсо
+2
№ 779, 6-12-октябрь, 2017-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан