"НАРЫН ШААРЫНЫН ТУРГУНУ ИШЕН, КАЙДАСЫЗ?"
– Мен Нарын шаарынын тургуну 1969-жылы туулган Ишен Акуновду издейм. Мен билген маалыматтар боюнча, ал 1990-1991-жылдары көлдүк кыз менен үйлөнүп ажырашкан. Ортолорунда 1 кызы бар. Ишен, гезитти окуп калсаңыз мен сизди издеп жатам. Кабарлашыңыз.
Венера, 0773 28 11 91
"ТАЕНЕ, СИЗДИ ИЗДЕП КЕЛЕМ"
– Мен таенемди издейм. Угушума караганда, таенем таятабыз Намазбек менен эки ай жашап, апам боюнда бар кезинде ажырашып кетиптир. Апам 2 айлык кезинде чоң ата, чоң энесине таштап кеткен экен. Ошондон бери таенемден дайын жок. Апамдын аты-жөнү Абдыраева Салтанат Намазбековна. Ал эми таенемдин аты Райхан, өзү Чүй облусунун Казакстан менен чектешкен айылдарынын биринен экен. Таенемди таанып-билгендер болсо байланышып коюуңуздарды суранабыз.
Небереси Кымбат Турусбекова, 0709509179, 0706030569, 0709665646
"ГРУППАЛАШЫМ ВЕНЕРАНЫ ИЗДЕЙМ"
– 1990-жылы төрөлгөн группалашым Венераны издейм. Өзү Оштон болот. Ал экөөбүз 2007-2010-жылдары Бишкек финансы-экономикалык техникумунда, салык жана салык салуу факультетинде чогуу окуганбыз. Венера, окуп калсаң мага байланыш, сени сагынып, куса болдум.
Группалашың Алтынай, 0553 01 76 34
Сиз качандыр бир кездеги жакын адамыңызды издеп, бирок таппай жүргөн болсоңуз, анда Главпочтамт, а/я 2031 дарегине же koom@super.kg электрондук почтасына кат жазыңыз.
Эскертүү! Катта маалымат берген адамдын дареги же телефон номери так көрсөтүлүүгө тийиш.
Байланыш телефону: (0312) 32-33-28