1-октябрга караган түнү Ысык-Көл районундагы Чолпон-Ата – Балыкчы унаа жолунда “Тез жардам” унаасы жол кырсыгына кабылып, ичиндеги 4 адам көз жумган. Кырсыктын келип чыгышына айдоочунун ичимдик ичип алып рулга отурганы себеп болгон.
ТӨРӨЛӨ ЭЛЕК БАЛАНЫ КОШКОНДО 5 АДАМ КАЗА БОЛДУ
Ысык-Көл облустук ИИБинин басма сөз катчысы Сталбек Усубакунов билдиргендей, кырсык 1-октябрга караган түнү болжол менен саат 3:00дө болгон. Жергиликтүү “Тез жардам” кызматынын автоунаасы Бает айылынан Чолпон-Ата шаарына кош бойлуу келинди алып келе жатканда артында келе жаткан Мерседес-Бенц унаасы келип сүзгөн. Жыйынтыгында “Тез жардамдын” унаасы оодарылып кетип, анда бараткан айдоочу, фельдшер, кош бойлуу келин жана анын жакыны каза тапкан. Келиндин боюндагысын кошкондо жалпысы 5 адам каза болгон. Кырсык болгон жерге саат 4:20да ӨКМдин куткаруучулары келип, каза болгондорду унаадан чыгарып, дарыгерлерге өткөрүп беришкен.
Мерседестин 23 жаштагы Жибек аттуу айдоочусу жана ошол унаанын 27 жаштагы Тахир аттуу ээси кармалган. Алгачкы медициналык экспертизада айдоочунун спирт ичимдигин ичкени тастыкталган. Бул факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 281-беренесинин 3-4-бөлүмү (Транспорт каражаттарынын кыймыл жана пайдалануу коопсуздугунун эрежелерин бузуу бир нече адамдын өлүмүнө алып келсе) жана 284-беренеси (Мас абалындагы адамга транспорт каражатын айдоого жол берүү) боюнча кылмыш иши козголгон. Соттук-автотехникалык, соттук-медициналык экспертизалар дайындалган, азырынча анын жыйынтыгы чыга элек. Баш коргоо чарасын караган Ысык-Көл райондук соту унаанын ээсин 1, айдоочу кызды 2 айга камакка алган.
Каза тапкандар:
Кожакмат Адыракаев, 58 жашта, “Тез жардам” кызматынын айдоочусу,
Марипа Садыбакова, 56 жашта, “Тез жардам” кызматынын фельдшери,
Айнура Адылбек кызы, 19 жашта, кош бойлуу келин,
Динара Усупбаева, 26 жашта, Айнура Адылбек кызынын бөлөсү.
“МЕН СПИРТ ИЧИМДИГИН ИЧКЕН ЭМЕСМИН”
Сталбек Усубакунов билдиргендей, унаанын ээси Тахир Бишкек шаарынын, ал эми аны айдап кырсыкка себепчи болгон Жибек Кербен шаарынын тургуну. Жибек айдоочулук күбөлүктү Ош шаарынан алганын, унаа ээси менен бирге Ысык-Көлгө эс алуу үчүн барганын айткан. Ал окуя болгон күнү спирт ичимдигин ичпегенин өз көрсөтмөсүндө айткан:
– Ал түнү досторум ичимдик ичип жатышкан. Алардын арасында жалгыз мен соо болгондуктан, дүкөнгө барып келүү үчүн рулга мени отургузушкан. Жолдо баратып алдыда кетип бара жаткан “Тез жардам” унаасынан ашып өтөйүн дегенимде, маңдайдан башка унаа келатканын көрүп, рулду оңго кайрып жиберсем, ушундай окуя болуп кетти.
“35-40 ЖЫЛ ӨМҮРҮН ЖУМУШУНА АРНАГАН КЫЗМАТКЕРЛЕР ЭЛЕ”
Каза болгон фельдшер менен айдоочунун кесиптеши, Ысык-Көл райондук үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунун жетекчиси Бүбүайым Жээнбаева, маркум кызматкерлер өз ишин мыкты билген, өмүрүн медицинага арнаган кесипкөй инсандар болчу дейт:
– Өз жолу менен ишин аткарып бейкапар келаткан унааны мас айдоочунун сүзүп салганы өтө өкүнүчтүү иш болду. Негизи Чолпон-Атанын ошол жери кандуу тилке. Көпчүлүк жол кырсыктары унаалардын алдыңкы транспортторду ашып өтүүсүндө катталат. Бул ирет да каза тапкандар саатына 140 чакырым ылдамдыкта келаткан кыздын курмандыгы болуп калышты.
Кесиптештерибизди жоготконубузга кабыргабыз кайышып, жүрөгүбүз сыздап турат. Каза болгон башкы фельдшер Марипа Садыбакова 1982-жылы Караколдогу медициналык окуу жайды бүтүп келгенден бери 35 жыл биздин жамаатта иштеди. Ушул жылдар аралыгында күн-түн дебей жанын карч уруп эл үчүн кызмат кылды. Жалгыз уулун багып өстүрүп, билим берди. Мына эми ошол уулун үйлөнтүп, келининин ысык чайын ичип, небере жыттай турган маалында бөөдө кырсык алып кетти. Бүгүн аны (ред.: 3-октябрь) акыркы сапарга узатып келдик. Ал эми Кожакмат Адыракаев 40 жылдан бери рулда келаткан айдоочу, 6 баланын атасы. Бул иш билги кызматкерибиздин да пенсияга чыгарына аз калганда өтүп кеткени жаман болду.
Алтынай Тынышова
koom@super.kg