Интернет айдыңында «Мол булак» банкынын (чакан кредиттик компания) кожоюну, белгилүү ишкер Бабур Төлбаевдин маалымат каражаттарынын бирине берген маегинде феминизм, аялдардын коомдогу орду тууралуу айткан ойлору коомчулукта талкуу жаратты. Анын пикирине каршы блогерлер Данияр Айтман, Алия Суран өңдүүлөр өз пикирлерин жазып чыгып, кыргыздагы аялдардын орду, ролу тууралуу тема чоң талкууга түштү...
Бабур Төлбаев: «ФЕМИНИЗМ – ХРЕНЬ»
– Аялдын лидер болуусу болбогон келжиректик. Феминизм – бул терроризм. Бардык жерде баланс сакталуусу кажет. Эгерде кимдир бирөө бул теманы жактап узартып баштаса, демек, ал террорист, ал радикал. Болгону аялдын формасында. Аял 20 жаштан баштап билим алып бир кесиптин ээси болуусу керек. Жогорку билим алам дегендин өзү деле болбогон нерсе. Кыздар үчүн эң мыкты MBA (ред.: master of business administration – менеджменттеги магистрлик тепкич, жалпак тилде "мыкты келечек" деген маанини камтыйт) – бул күйөөгө тийүү, бала төрөө, күйөөсүн карап, үй тиричиликти мыкты кылуу. Аялдарды сыйлоо керек, багуу керек, сүйүү керек, жакшы мамиле кылуу керек. Мисалы, менин аялым бир суткада 3-4 саат эле уктайт. Түндө идиш жууп, кир жууйт. Эртең менен турсам үйдө кечинде эч кандай баш аламандык болбогондой баары орду-орду менен турат. Бул жаатта ал азамат! Ортодо бала ойгонот, аны карайт. Мен ага өтө ыраазымын, сүйөм жана баалайм. Ал мага эч бир убакта «байпагыңыз чечкен жериңизде калыптыр, алыңыз» деп айтпайт жана андай болбошу керек!
Данияр Айтман: «СИЗ КЫРГЫЗДЫН ТРАМПЫ БОЛГУҢУЗ КЕЛИП ЖАТАБЫ?»
– «Аялдын лидерлиги болбогон нерсе!» Кыргызстандагы белгилүү бизнесмен Бабур Төлбаев ушинтип ойлойт. Буга чейин мен сизди ийгиликтүү менеджер жана меценат, кызыктуу адам деп ойлочумун. Азыр болсо жөн гана келжирек деп ойлойм. Мына Бабур Төлбаевдин жаштарга таңуулаган идеясы:
1) Аялдын лидерлиги – болбогон бир келжиректик.
2) Мыкты келечек кыздар үчүн – күйөөгө тийүү.
3) Эң негизги аял алек боло турган нерсе – бул балдарды кароо, үй тиричилигин тың кылуу, күйөөсүнө жакшы кароо.
4) Эң чоң бийиктик аялдар үчүн – көп бала төрөө.
5) 70% аялдар экинчи аял болууга макул.
6) Аялым суткасына 3-4 саат гана уктайт. «Байпагыңды эмне таштайсың?» деп сөз айтпайт.
Кечириңиз, Төлбаев мырза, террорист бул сиз. Сиздей эркектердин түшүнүгүнөн улам Кыргызстанда аялды адам ордуна көрбөй айбанга теңеген эркектердин мууну чоңоюп келе жатат. Сиздей эркектерден улам биздин кыздар өз күчтөрүнө ишенбей жатышат. Бүт дүйнөгө мындай сандырактыкты айтканга ким тилиңизден тартты? Кыргыздын Трампы болгуңуз келип жатабы? Аялдардын коомдогу ролун төмөндөтүп көрсөтсөңүз эле кыйын жигиттей көрүнүп калам деп жатасызбы? Жаңылышасыз. Сиз тууралуу жакшы пикирдеги адамдардын алдында өзүңүздү уят кылдыңыз. Кеч боло электе сөзүңүздү кайра алыңыз. Кыргызстандагы жашаган аялдардан кечирим сураңыз!
Азыр Бабур Төлбаев түшүнө турган тилде сүйлөйүн. Бул сүрөттө Шерил Сандберг. Аял. Эки баласы бар. Күйөөсү өлүп калгандан кийин эки баласын өзү чоңойтту. Өзү Гарварддын бүтүрүүчүсү. АКШнын Финансы министрлигинде иштеген. Учурда сиз пост жазып чыгарып жаткан Фейсбуктун операциялык директору. Шерил Сандберг – феминист. Анын кирешеси –1,6 миллиард доллар. Ал чөнтөгүндөгү эле акчасына сиздикиндей 10 компанияны сатып алышы мүмкүн. Суранам, эми айтпагыла аялдын лидер болуусу болбогон нерсе деп.
Алия Суран: «ЭГЕРДЕ КҮЙӨӨГӨ ЧЫККЫҢ КЕЛБЕСЕ ЖАНА КӨП БАЛА ТӨРӨБӨСӨҢ, БУЛ ӨЛКӨДӨ СЕН ЭЧ КИМ ЭМЕССИҢ»
– Ар апта сайын белгилүү эркектер аялдарга карата ойлорун жазат, аялдар тим эле жарылып кете жаздайт. Ошондой эле ар дайым өз оюн айткан аялдарды «истеричка» деп атап, тезирээк турмушка чыгып өзүн алаксытууга кеңеш беришет. «Сен феминистсиң, стервасың, ошол үчүн сен турмушка чыкпай калгансың!» Ошону менен реалдуу аргументтердин баары туңгуюкка кептелет. Эгерде күйөөгө чыккың келбесе жана көп бала төрөбөсөң, бул өлкөдө сен эч ким эмессиң. Сен магистрлик даражаң менен, амбицияң, коомго ыңгайсыз позицияң менен кимге керексиң? Менин бир жакшы таанышым айтмакчы, бул турушумда мага эч бир кыргыз жигити үйлөнбөйт. Бул себептен өзүмдү атом бомбасын колумда кармап жүргөн коркунучтуу адам катары сезип келем. Бул социалдык тармактарга аялдар каалаганын кылуусу керек деген түшүнүктү жайылтканым үчүн гана. Мына дагы бир адам (Бабур Төлбаев) «феминизм – бул терроризм» деп айтып чыкты. Аялдар күйөөгө чыгып, бала төрөөдөн башка эч иш кылбаш керек имиш. Мындай ойдогу адамдарды четтен тапсаң болот, тууганың, кесиптешиң, досуң, ойношуң...
Аялдын орду ашканада, төрөтканада, бирок башка жерде эмес. Кайсы эркек аялынын ийгилиги үчүн шаар которуп, башка жерге көчүп барган? Же өзүнүн эгосун артка таштап, аялынын ийгиликтүү, сыйлуу, эл адамы болушуна кайсы эркек жардам берди? Мындайлар жок. Анткени акылдуу аялдарды кыргыздар албайт...
Көп эркектерди билем, мыкты ата, ийгиликтүү эркек, чет өлкөгө барышат, дүйнө таанымы кенен. Атүгүл ошондой эркектердин канында да кыргызбайлык ойнойт. Аялдарга көп учурда ийилгенге туура келет. Анткени бизге күйөө, балдардын атасы, бага турган адам, социалдык статус керек. Өзүбүздү муунтуп, кекиртегибизден басып кыялдарыбызды, амбицияларыбызды жутуп эркектин пландарын, анын кыялдарын биринчи жана көрүнүктүү орунга коёбуз. Мындай келишпеген келишимден ким утулат, талаш суроо. Канаттары кесилген аял ошондой эле канаты кесилген балдарды тарбиялайт. Ошондуктан бир гана Бабурга жабылганыңарды койгула, анткени андай эркектер толтура. Четтен табылат.
Бабур Төлбаев: «АЙТКАНДАРЫМДЫ ТУУРА ЭМЕС ТҮШҮНГӨНДӨР БОЛДУ»
– Мекендештерим, урматтуу досторум, өзгөчө жакшынакай айымдар, 58 мүнөттүк интервьюмдан көптөр оюмду түшүнбөй калышты, түшүнсө да башка нукка бургандар көбөйдү. Көп ажырашуулар, атасыз, энесиз чоңойгон балдарды, жарты үй-бүлөлөрдү анализдеп отуруп гендердик дисбаланс демографиялык катастрофага алып келет деген ойду айткым келген. Ушуга байланыштуу «терроризм» деген сөз чыгып кетти.
Бул өңүттөн алып караганымда мен радикалдык феминизмдин курмандыгы болбойлу деп айткым келген. Аял менен эркекти карама-каршы коюп, күч сынашканынан жакшы нерсе чыгышы күмөн. Мен гендердик тең укуктуулук тараптамын. Аялдар эркектердей эле билим алууга, өзүн-өзү өстүрүүгө укугу бар. Бирок менин көз карашым боюнча, үй-бүлө куруу – адам үчүн эң негизги байлык жана приоритет.
Аялдар үчүн эң мыктысы – күйөөгө тийип балалуу болуу. Бул сөздү мен 2006-жылы АКШда өтө жооптуу ишкер, дүйнөдөгү эң чоң корпорациянын президентинин жардамчысы болуп иштеген 58 жаштагы аялдан уккам. Айтымында, эң мыкты кызматкерлер – бул балалуу аялдар. «Анткени алар сабырдуулукка, үй тиричилигин жайгарууда башкаруучулукка үйрөнөт деген. Эң негизгиси, стресске туруктуу боло алышат» деген эле. Менин оюм – аял лидерликке умтулганда үй-бүлөсүнүн жана балдарынын кызыкчылыгын да көздөгөнү туура. Реалдуу жашоодо мени билгендер менин оюмдун, багытымдын кандай экенин билишет. Ал эми айрым посттордун авторлоруна түшүнүктүүлүк менен эч кимге зыян келтирбөө принцибин тутунушун каалайм.
(Авторлордун пикирлери кыскартылып, бирок мааниси өзгөртүүсүз берилди.)
Мындай ысык талкуулардан улам кыргыз коомчулугу эки жээкке бөлүнүп, бири-бири менен урушуп эле жатып калышты. Бабур Төлбаевдин «терроризмин» сындагандар өтө көп, ошол эле учурда «ырас айтат» дегендер да чыгууда.
Ар бир аял табиятынан күчтүү эркекке таянып, анын жардамын алгысы келет. Бирок ошол күчтүү эркектер жоктугунан, эркектер жоопкерчилик албай басып кетип жатканынан улам аял кааласа да, каалабаса да лидер болууга аракет кылууда. Турмушубузда батыштын феминисттик көз карашы да, исламдын «эркек баарын билет» деген жарга такоосу да суу кечпей калган учурлар көп. Кыргыз аялдарын жоопкерчиликтүү, тың, үй-бүлөсүнө карамдуу, күчтүү эркектин колдоосу жана жеке өзүн инсан катары өстүрүү бактылуу кыла алат. Ар бир кыргыз кызынын турмушунда мына ушундай тең салмактуулук болсо деген тилек менен талкууну жыйынтыктамакчыбыз.
Нуржамал Жийдебаева
koom@super.kg