Каарманым 34 жаштагы Алмагүл ак кан дартына кабылганын жакында эле билген.Анын айтымында, бул дартты дарылоо үчүн Алматы шаарына анализдерин жөнөтүп, анын натыйжасында дарыланышы керек. Биз №3 шаардык балдар ооруканасынан жолуктук. Учурда 10 айлык баласынын кулагынан ириң агып, 3 жаштагы баласынын эки өпкөсүнө суук тийгени үчүн ооруканада жатканын айтты. Бирин жетелеп, бирин көтөрүп алган Алмагүл өзүнүн оор тагдырын мындай баяндады.
«ИТТЕР ТҮНӨК КЫЛГАН ВАГОНДО БАШ КАЛКАЛАДЫМ»
– Мен 34 жаштамын. Атым Алмагүл. Ата-энем экөө тең Кеминден. Бирок Балыкчы шаарында жашадык. Мен 5-класста атам каза болуп калган. Апам 5 бир тууганды жалгыз чоңойтту. Азыр апам 71 жашта, кичүү сиңдим менен жашайт. 21 жашымда турмушка чыктым, бирок тил табыша албай аз гана убакыт жашап ажырашып кеткем. Экинчи жолу 30 жашымда турмушка чыктым. Таанышып, сүйлөшүп турмушка чыккам. Жол кырсыгына кабылып, бир бутум сынып кеткендиктен ичине темир коюлуп операция жасалган. Бир жылдан кийин темирди алыш керек эле, бирок каражат жоктугунан улам 4 жылдан бери алдыра элекмин. Анан улуу баламды төрөдүм. Ошондо эле каным аз болчу, уулумду кесарево жолу менен төрөгөм.
Күйөөмдүн кесиби жок, ар кандай жумуштарды кылат. Өз алдыбызча турмушубузду кылып жатканбыз. Балам 10 айга толгондо күйөөм мени таштап кетти. Жөн эле себепсиз жерден жок болуп кетти. Урушуп пикир келишпестик да болгон эмес. Телефон чалсам албай койду. Андан үмүт үзүлгөндөн кийин өз жашоом менен күрөшө баштадым. Тигүү цехи жайгашкан бир чоң короодогу кароосуз турган вагон бар эле. Күйөөм кетип калгандан кийин аргасыз ошол иттер түнөк кылып жүрчү, каралбай калган вагондо баш калкаладым. Колумда 10 айлык балам бар. Баламды коляскага жаткырып коюп тигүү цехинде кийим тигип иштеп жүрдүм. Аябай кыйналдык.
Мен араң эле баламдын такма жалаяктарына, тамак-ашына акча тапчумун, өзүм көп убакыт ачка жүрө берчү элем. Ошентип 4 ай жашадым. Кийин күйөөм келди. Баламды жалгыз өстүргөндөн көрө деп кайра жарашууга аргасыз болдум.
«БОЮМДА БАР КЕЗДЕ АК КАН МЕНЕН ООРУГАНЫМДЫ БИЛДИМ»
– Билем, көптөр мени сындашат. "Биринчи баласы менен көчөгө ташталгандан кийин экинчи баласын эмне кылат?" деп ойлошот. Бирок абалым ушундай болуп калды. Менин организмимдин табиятынанбы, айтор, өзгөчөлүгү бар. Бул кээ бир аялдарда гана кезиккен нерсе экен. Башка аялдардын этек кири бир айда бир келсе, меники жарым жылда же бир жылда бир келет. Ошол себептен менин экинчи балам 5 айлык болгонго чейин байкабай жүрө бериптирмин. УЗИге түшсөм 5 айлык болуп кетиптир, эркек бала экен. Алдырганга колум барбады. Эптеп төрөсөм багып кетермин деп ойлодум. Ал кезде мага ак кан дарты жабышканын билген эмесмин. Паспортумдун мөөнөтү өтүп кеткендиктен жаңы паспорт ала албай жүргөм. Ошол себептен боюнда барлардын каттоосунда турган эмесмин. Боюмдагы түйүлдүк 8 айлык болгондо каттоого турдум. Ошондо кан анализдеринен улам лейкоз дартына кабылганым аныкталды. Бул тукум куучу дарт дейин десем үй-бүлөбүздө эч ким ооруган эмес. Дарыгерлердин айтуусунда, стресстен, жакшы тамак ичпегендиктен, аз кандуулуктан улам пайда болот экен. Ташталган вагондо жашап калган учурда катуу стресске кабылгам, ошондо башталса керек.
Канды аныктоо үчүн төш сөөк менен жамбаш сөөктү тешип туруп анализ алуу керек экен. Бул лаборатория биздин өлкөдө жок болгондуктан Алматы шаарына барып жасатышым керек. Ал жакка барганга шартым жок. Биринчиден, акчам жок, экинчиден, паспортум жок. Учурда мени дарылап жаткан онколог дарыгердин багыттамасы менен паспортум жасалып жатат. Көп эле жакшы адамдар бар экен, жагдайымды түшүндүрсөм, паспорттук столдо иштеген инспектор аял мени өз үйүнө убактылуу каттоого тургузуп паспортумду жасатып бермей болду.
«БАЛДАРЫМДЫН УБАЛЫНА КАЛГЫМ КЕЛБЕЙТ»
– Экинчи балам төрөлдү. Бирок жашообуз оңолгон жок. Улам бири ооруп калат, анткени ным үйдө жашап шартыбыз жок. Азыр бизге ооруканага деле тамак алып келген адам жок, оорукананын тамактары менен тамактанабыз. Бала деген бала экен да, палатада жаткандарга алып келинген тамактарды, таттууларды жегиси келет. Ага эмне деп түшүндүрүп айта алам? Кээде палатадагылардын тамактарын ичебиз.
Мага жашоомду айтып коомчулукка кайрылуу өтө оор болду. Бирок ушул кадамга барганга аргасызмын. Анткени жашагым келет. Эки баланы төрөдүм, кимге ишенип, кимге калтырам? Экөөнүн убалына калгым келбейт. Балдарымды ара жолдо калтыргым келбейт. Ошондуктан жардам сурап кайрылууга аргасызмын.
Алмагүл менен маектешүү учурунда анын жашып кетип, кайра чыйралып кайраттанып турганын байкадым. Бардык кыйынчылыктарды жеңип, балдарын татыктуу чоңойтуп алуусун каалап коштоштук.
Нуржамал Жийдебаева
koom@super.kg