КӨМҮР КЫМБАТТАДЫ. КЫШТАН КАНТИП ЧЫГАБЫЗ?


Аба ырайы суук тартып, кыш жакындаганда кара алтын аталган көмүрдүн баасынын кымбаттап жатканы жалпы коомчулукту түйшүккө салууда. Мындан улам көмүрдүн кымбаттаганынын себебин, баасы борбор калаада жана аймактарда канча сомго бааланып, кайдан ташылып жатканын иликтеп көрдүк.

КАРА-КЕЧЕНИН КӨМҮРҮ МЕНЕН ЭЛДИ ТОЛУК КАМСЫЗДООГО БОЛОБУ?

Кара-Кече көмүр кенинде 1 жылда канча тонна көмүр казылат жана анын жеринде жана аймактарда баасы канча экенин билүү үчүн «Кыргызкөмүр» мамлекеттик ишканасына кайрылдык.
АДИЛЕТ САЛБАРОВ, «Кыргызкөмүр» мамлекеттик ишканасынын геологу:
– «Кыргызкөмүр» мамлекеттик ишканасы өлкөнүн түндүк аймагындагы элди жана Бишкектеги жылуулук борборун Кабак көмүр казуу карьеринин (жалпы 12 карьер) көмүрү менен камсыздайт. Мында 12 ишкана иш жүргүзөт. Анын бири «Кыргызкөмүр», калганы жеке менчик. 12 ишкананын баары Бишкек жылуулук борборуна жана түндүк региондордогу элге көмүр ташыйт. Үстүбүздөгү жылга Кабактан Бишкек жылуулук борборуна 500 миң тонна ташуу пландалган. Кабактын 1 карьери болгон Кара-Кече көмүр казуу борбордук участогу жыл башынан бүгүнкү күнгө чейин 250 миң тонна көмүр казды. Жылдын аягына чейин дагы 100 миң тонна казуу пландалууда. 2016-жылы 254 миң тонна казылган. Жалпы 12 ишкана чогулуп Кабактан казып алуучу быйылкы план – 800 миң тонна. Анын ичинен 450 миң тоннасы Бишкек жылуулук борборуна, калган 350 миң тонна элге берилет. Ал эми Бишкек жылуулук борборуна 50 миң тонна Таш-Көмүрдөн ташылат. Казакстандан көмүр келбей калганына байланыштуу быйылкы жылга Кабак көмүр казуу жайына 250 миң тонна кошумча план берилип жатат. Жалпы жыл ичинде 1 миллион тонна көмүр казуу пландалууда. 2016-жылы Кабак көмүр казуу жайынан 12 ишкана 805 миң 593 тонна казган. Ал эми республика боюнча 1 миллион 802 миң 546 тонна казып алынган. Ошол эле учурда 1 миллион тоннага жакын казак көмүрү алынып келинген.
2017-жылы жалпы 2 миллион 315 миң 97 тонна көмүр керектелет. Анын ичинен бюджеттик мекемелерге 240 миң 946 тонна жумшалат. Элге 1 миллион 74 миң, Бишкек жылуулук борборуна 1 миллион тонна. Бүгүнкү күнгө карата элге 635 миң 218 тонна, бюджеттик мекемелерге 136 миң 993 тонна, Бишкек жылуулук борборуна Таш-Көмүрдөн 23 миң 531 тонна, Кабак көмүр казуу жайынан 144 миң тонна көмүр келди. Бишкек жылуулук борборуна Казакстандан да көмүрлөр алынып келинген.
Ушул жылдын 9 айында Кабак көмүр казуу жайынан 411 миң 723 тонна казылды. Ал эми республика боюнча 998 миң 346 тонна казылып алынды.

Саадат Маратова, «Кыргызкөмүр» мамлекеттик ишканасынын басма сөз катчысы:
– Учурда ишкананын көмүр сатуу боюнча атайын кампасы жок, ачыла элек. Бирок Бишкек шаарында 10дон ашуун жеке менчик көмүр базалар иштеп жатат. Биздин мекеме кампадагы бааны көзөмөлдөй албайт. Ишкана Кара-Кечедеги көмүрдүн өндүрүлгөн жеринде майда жана иригине карата тоннасына 1200-1300 сомдон баа койгон. Ал жерден сатып алган жеке тараптар бааларды абалга жараша өзгөртүп, көбүн сатпай кармап турушат. Кар түшкөндө кымбат кылып сатууну көздөөдө.

КЫРГЫЗ ӨЛКӨСҮ 1 КЫШТА 2 МИЛЛИОН ТОННАДАН АШУУН КӨМҮР КЕРЕКТЕЙТ
Кубан Мырзаканов, Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын колдонуу мамлекеттик комитетинин төрагасынын орун басары:

– Бишкек шаардык жылуулук борборуна 2017-2018-жылдын күз-кыш мезгилине 1 миллион тонна көмүр керектөө боюнча тараптар менен келишим түзгөн. Анын ичинен 450 миң тонна Казакстандын көмүрүн алып келүү боюнча келишимге кол коюлган. Бүгүнкү күнгө карата 130 миң тонна казак көмүрү ташылды. Келишим боюнча калган көмүр 2018-жылдын апрель айына чейин ташылып келинмекчи.
Негизи калкты көмүр менен камсыздоо иши жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органдарына жүктөлгөн. Биз өндүрүү тармагын колго алганбыз. Бүгүнкү күндө 1 тонна көмүр Бишкек, Чүйдө 3500-5000, алыскы райондордо 5000-7000 сом. Ишкерлердин көмүр ташуу үчүн атайын унааларды уюштуруп берсе баа арзан болмок деген сунушу азыр ишке ашпайт. Мамлекетте андай унаа жок. Союз мезгилиндегидей атайын гараждар жок. Ошентсе да ӨКМнын унаалары менен элге көмүр ташып берели деп ойлонгонбуз. Бирок унаалар алардын өздөрүнө да чукул кырдаал болуп калса зарыл болуп калат экен.
Бүгүнкү күндө Кыргызстанга сырттан көмүр бир гана Казакстандан алынып келет, Өзбекстан жана башка коңшу өлкөлөрдөн көмүр алынып келинбейт.

БААЛАРДЫН ӨСҮШҮН ЖӨНГӨ САЛУУГА БОЛОБУ?
Санжарбек Кокошеров, Монополияга каршы жөнгө салуу мамлекеттик агенттигинин башкы адиси:

– Бүгүнкү күндө Кыргыз өкмөтү 1 айлык коомдук талкууну жүргүзүп жатат. Талкуунун жыйынтыгында өкмөт чечим кабыл алат. Андан соң Кыргыз Республикасынын өкмөтүнө караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу мамлекеттик агенттиги өз ишин жүргүзөт. Азырынча түздөн-түз көзөмөл жок. Карьерлерге буга чейин атайын ченем менен баа коюп бергенбиз. Өкмөттүн токтомунун негизинде 90 күнгө көзөмөл жүргүзөбүз. Бул аралыкта агенттик жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органдары жана каржы полициясы менен биргеликте мониторинг жүргүзөт. Баа коюлган ченемден ашса административдик айып салынат.

КӨМҮР БАЗАДА ИШТЕГЕНДЕР ЭМНЕ ДЕЙТ?
  Бакыт Жакыпов, Бишкектеги көмүр базанын (батыш топбаза) сатуучусу:

– Кара-Кечеден түз алып келүү боюнча ишкерлер менен биздин келишимибиз бар. Айрымдары менен оозеки, кээ бирлери менен кагаз түрүндө. Көмүрдүн баасын Кара-Кечедеги карьерден сатып алып бизге жеткирген ишкерлер көтөрүүдө. Алар бизге тоннасын 3800-3900 сомдон сатса, биз элге 4500 сомго чейин сатып, бала-чака багуудабыз. Күн сайын бизге 30 тоннадай көмүр келет. Учурда бизде Каражыра жана Шабыркүл көмүрлөрү жок.

КӨМҮРДҮН КЫМБАТТООСУ КООМЧУЛУКТУ ТҮЙШҮККӨ САЛДЫ
  Бакыт Жумаев, Сокулук районунун тургуну:

– Менин үйүм буу системи менен жылыйт. Үйдү жылытуу үчүн жыл сайын 5-6 тонна көмүр сатып алам. Мурун Казакстандын Шабыркүл, Каражыра көмүрүн сатып алчу элек. Өткөн жылы Кара-Кеченин көмүрүн сатып алып, катуу суукта үйдү жылыта албай убара тарттык. Бул жолу казак көмүрүн алганы келсем андай көмүр жок экен. Аргасыздан Кара-Кече көмүрүн сатып алганы жатам. Былтыр ушул маалда анын 1 тоннасы 3200 сом болсо, азыр 4200 сомдон болууда. Азырынча 1,5 тонна гана сатып алдым. Өкмөт азыркы учурда Кара-Кече көмүрүнүн баасын ыңгайлуу баада кылып берсе, Казакстандын көмүрү да ташылып келинсе жакшы болмок.

КӨМҮР САТЫП АЛУУДА ЭМНЕГЕ КӨҢҮЛ БУРУУ КЕРЕК?
  Доктурбек Имаков, 15 жылдан ашуун убакыттан бери элге көмүр сатып иштейт:

– Негизи көмүрдүн жаманы жок. Айрым учурларда ичинен таш чыгып калган учурлар болот. Бул көмүрдүн быша электигинен кабар берет. Андай көмүрдү кармап көргөндө салмагы оор, таштай болот. Бирок сыртынан карап айырмалоого болбойт. Жылтырап турган көмүр жакшы күйөт. Кардар көмүрдүн ириктерине, жаңгактай көлөмдөгүсүнө көңүл буруусу абзел. Майда күкүмдөй көмүр күйбөй түйшүк жаратат. Кара-Кеченин көмүрүнүн быша электери көп. Ал эми казактардын көмүрү бышып жетилген. Күйгөндө жыгачтай болуп бат күйүп, бат ысытат.


ӨЛКӨНҮН АЙМАКТАРЫНДА КӨМҮРДҮН БААСЫ

Облустардын
аталышы

Кайсы жактын
көмүрү?

Тоннасы
(сом менен)

Бишкек шаары

Кара-Кече

4200-4500

Чүй

Кара-Кече

4200-4500

Ош

Алай

5500-6500

Нарын

Кара-Кече, Беш-Сары

2500-3500

Талас

Кара-Кече, Шабыркүл

5000-6000

Жалал-Абад

Таш-Көмүр, Тегене

3500-5000

Баткен

Самаркандек, Сүлүктү

4500-6000

Ысык-Көл

Кара-Кече

4500-5200

Акназар Сулайманкулов
koom@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 784, 10-16-ноябрь, 2017-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан