2007-жылы Ош шаарында жана Ноокат районунда дарыгерлер жаш балдарга массалык түрдө ВИЧ-инфекциясын жуктуруп алышканы аныкталган эле. Бул боюнча 14 дарыгерге кылмыш иши козголуп, анын алтоо акталып, калганы ар түрдүү жазаларды алышкан. Дарыгерлердин шалаакылыгынан жабыр тартып, бул оору менен алпурушуп чоңоюп жаткан балдардын арты 10 жашка чыгып калды.
«КЫЗЫМ «ЭМНЕГЕ ДАРЫ ИЧЕ БЕРЕМ?» ДЕП ЖҮРӨГҮМДҮ ООРУТАТ»
Ал каргашалуу окуядан бери 10 жыл өттү. Ал балдардын ата-энелери андан бери кандай кыйынчылыктарга дуушар болуп чоңойткону тууралуу айтып беришти. Белгилүү себептер менен каармандардын аттары аталбайт.
-2005-жылы кыздуу болдум, төртүнчү балам. Кызыма 4-5 ай болгондо, 2006-жылы дене табы көтөрүлүп ооруп калып, Ноокат райондук жугуштуу оорулар ооруканасына бардым, жандандыруу бөлүмүнө түшүп калдык. Минтип наристем төрөлөрү менен эле оорукана, дарылар менен тыгыз байланышта жашап калды. Жакшы боло алган жок, үйгө келип кайра эле ооруй берди. Көрсө, ошондо эле канга инфекция кирген окшойт. Айыкпай койгондо 2007-жылы Бишкекке барып анализ тапшырганда кызыбызга ВИЧ-инфекциясы жугуп калгандыгын билдик. Дарыгерлердин шалаакылыгынан канча балдар кыйын тагдырга кептелди. Азыр ошондо аман калып, диагнозу чыгып, дарыланып жаткандар эсептелинип жатат. Бирок ошол маалда ооруканада канча балдар өтүп кетти, аларга сепсис деп диагноз чыгарышкан. Менимче, чыныгы диагнозун жашырышкан. Андан бери он жыл өттү. Кызым дарыга байланган балалык өткөрүп жатат. Моралдык, материалдык жактан кыйынчылык тарттым. Канчалаган коломто бузулду, канча үй-бүлө түшүнбөстүктөн улам ажырашып кетишти. Айрым жоопкерчиликсиз эркектер үй-бүлөсүн таштап кетишти. Айрымдар балдарын чоң ата-чоң эне, таята-таенелерине берип коюшту. Алар дарыларын ичип жатабы, жокпу ким билет?..
Кызым азыр 5-класстын окуучусу. Оорукчан экени байкалат, арык, алсыз, өзү теңдүүлөрдөн бою кичине. «Эмнеге дары иче берем?» деп жүрөгүмдү оорутат. Кичинекей болгондуктан кандай оору экенин толук түшүнө бербейт, биз түшүндүрүп, "башкаларга айтпаш керек" деп айтып келебиз. Ушунча балдардын тагдырын талкалаган дарыгерлер, тиешелүү жаза алышкан жок, соттун чечимине канааттанбайбыз. Аноним болгонубуз үчүн да оюбузду айта албай, талаптарыбызды ачык жеткире албай отурабыз.
Мен өзүм аракет кылып кызымды тиешелүү семинарларга жиберип турам. Бейөкмөт уюмдар гана көңүл буруп, жардам берип турушат. 2006-жылы Казакстандын Чымкент шаарында да ооруканаларда балдарга ВИЧ-инфекциясы массалык түрдө жуккан факт катталган экен. Анда жабырлануучуларга 10 миң доллардан жана бала 18ге чыкканга чейин ай сайын 160-225 долларга чейин жөлөк пул төлөнөрүн Казакстанга барып калганда билгем. Бизге мамлекет айына 3 миң сом төлөйт, түшүндүрүү иштери да жүрбөй калган.
2011-жылы митингге чыккан он чакты апалар мамлекеттен үй алып калышты, калганыбыз калып калдык. Кызымды ойлоп башка жакка чыга албайм. Балам оорубаса мен да Орусияга барып акча таап үй салып алмакмын.
Күнөөлүү деп табылган врачтардын бирөө каза болду, айрымдары кайра эле ооруканаларда иштеп жатышат. Дарыгерлердин ишин улантып жатканына каршылыгым жок, бирок алардын айынан башка энелер жабыркабасын дегим келет. Биз башыбыздан өткөргөн жашоону эч бир эненин башына салбасын.
«БАЛАМДАН МАГА ЖУГУП КАЛДЫ»
Ушундай окуяга кабылган дагы бир эне буларды айтат:
-Балам 2006-жылы төрөлгөн. 7 айлык болгондо тиши чыгып ичи өтүп Ноокаттагы жугуштуу оорулар бөлүмүнө түшүп калганбыз. Айыга албай кайра-кайра ооруканага каттап калдык. Дене табы түшпөй койду. Жандандыруу бөлүмүндө жаттык. Такыр жылыш болбогондуктан Ош облустук ооруканасынын жандандыруу бөлүмүнө которулдук. Бир аз жакшырып калганда көкүрөк оорулар бөлүмүндө 16 күн жатып чыктык. Бир жыл өтпөй баланын оозу оозул болуп, дене табы көтөрүлүп дагы Ошко жандандыруу бөлүмүнө түшүп калдык. Бир топ ооруларга анализ тапшырсак, баары таза чыкты. Бишкектен анализ тапшырууну туура көрдүк. Мынчалык катуу ооруга чалдыгабыз деп кайдан ойлоптурбуз? Жыйынтыгы чыкканда бизге эч нерсе айтпай, атасын текшеребиз дешкенинен жолдошум Орусиядан учуп келди. Атасы, бир туугандары, баарыбыз таза чыктык, баламдан гана ВИЧ-инфекциясы табылды.
Башында түшүнгөн эмеспиз. Кичинекей балага ВИЧ жугуп каларын да билген эмеспиз. Чоң адамдар жаман жолго басканда, баңгизатын колдонгондо гана бул дартка чалдыгат экен деп жүрчүбүз. Баланы эмизбешим керек экенин эч ким айткан эмес. Оозу оозул болуп канап, эмчегимдин учу жарылып кетчү, баланын ичи өтүп, мен жарылган колдорум менен аны жууп жүрө бергем. Кийинки жылы кайрадан анализ тапшырганда менден да ВИЧ-инфекциясы табылды.
Балам азыр 11 жашта, дене табы көтөрүлүп, оозул болуп, ичи өтүп, сасык тумоо боло берет. Дарыларды үзбөй ичип турабыз, бирок балам алсыз. Биздин абал тууралуу айылдагы 7 жаштан 70 жашка чейин баары билишет. Анализдин жыйынтыгы келгенде эле дарыгерлердин «жардамы» менен 1-2 күндүн ичинде айылга тарап кеткен. Эл колдору менен көрсөтүп калышкан. Башында балдар оюнга кошпой жийиркенишчү. Азыр түшүнүп калышты, жардам беришет. Бул дартка баламдын да, өзүмдүн да күнөөм жок. Ошондуктан жашырбайм. Бирок менин статусумду дагы да баса белгилеп, айылыбыздан да алыс таанылгым келбейт, атымды жашырууну туура көрдүм. Балам чоңоюп, менден «Кайсы жактан, ким жуктурган? Мага айтыңыз, мен билишим керек ал адамдарды. Сиздин ыйлаганыңызга ошол адамдар күнөөлүү да. Сиз ыйлабашыңыз керек» дейт. Азыр ошол балам менен ооруканада жатам, талмасы бар.
Ошондогу балдардын алдыңкылары 15-16 жашка чыгып калышты. Чоң жашоого аттанып жатышат. Бирок алар менен тыгыз иш алып барган эч ким жок.
«АЛ БАЛДАРДЫН БИРӨӨ СОТ БОЛУП ДАРЫГЕРЛЕРДИ ЖАЗАЛАГЫСЫ КЕЛЕТ»
ВИЧ-инфекциясын жуктуруп алган балдар менен иштешип турган Оштогу бейөкмөт уюмдун өкүлү Феруза Амадалиева балдарга тиешелүү камкордуктун жоктугун баса белгиледи.
-Анда балдарга ВИЧ-инфекциясын жуктурган врачтар ар кандай жазаларды алышкан. Шарттуу түрдө кесилишип, 12 үй-бүлөгө 50 миң, 17 үй-бүлөгө 100 миң сомдон моралдык чыгым төлөп беришкен. Бүгүнкү күндө мамлекеттен да, донорлордон да колдоо жок. Өлкөдө бул адамдарга кам көрүүчү долбоорлор жок. Өспүрүм куракка келгенде өзгөчө оорчулукка кабылышат. Балдар даяр эмес. Ушул окуядан жабыркаган 5-класстын окуучусу бул ооруга кабылып калганын кабыл ала албай, бул үчүн аябай тынчсызданып жүрөт. Чоңойгондо сот, прокурор болуп, күнөөлүү болгондордун бардыгын жазалагысы келет экен. Анын апасы дагы бул оорунун курмандыгы. Апасы жолдошуна башкага үйлөнүүгө макулдук бергенге мажбур болгон.
Ош облусунда ушул жылдын 1-ноябрына алынган маалымат боюнча, 1351 адам ВИЧке кабылган. Анын ичинен 398и 14 жашка чейинки жаш балдар.
«ӨЛКӨДӨ ЖАЛПЫ 75 ЖАШ БАЛА КАЗА ТАПКАН»
Кыргызстанда ВИЧ-инфекциясына кабылган адамдардын саны 2017-жылдын 1-ноябрына алынган маалымат боюнча 7804кө жетти. Анын ичинен 7396сы кыргыз жарандары. 14 жашка чейинки 611 бала бул дарт менен алпурушуп жашап келет. Оору өлкөдө катталган 1996-жылдан бери 1695 дартка чалдыккандар каза болушкан, анын ичинен 14 жашка чейинки 75 жаш балдар өмүрү менен коштошсо, өткөн жылы 1504 жаран бул дүйнө менен кош айтышкан. Республикалык СПИД борборунун айтымында, аталган илдетке чалдыккандардын көбү Чүй облусунда, Ош облусу жана Бишкек шаарында жашашат. Аталган борбордун мониторинг бөлүмүнүн адиси Замира Тилекованын айтымында, өлкөдө 20-39 жаштагылар арасында дартка чалдыккандар көп.
– Белгилей кетчү абал, ВИЧ адамдан адамга кан аркылуу гана жугат: жыныстык жол, ийне аркылуу жана энеден балага берилет. Күнүмдүк турмушта бул дарт коркунучтуу эмес экендигин ар бирибиз билишибиз керек. Сүйлөшкөндө, жөтөлгөндө же чүчкүргөндө, чогуу иштешкенде, чогуу тамактанганда, чогуу сууга түшкөндө, коомдук транспортто, жаныбарлар аркылуу же чымын-чиркейлер чакканда жукпайт. Өзүңүзгө сак болуш үчүн ВИЧ/СПИД тууралуу көп маалымат билиңиз, жыныстык мамиледе этият болуу, ар кандай медициналык жана косметикалык процедуралар учурунда (маникюр, педикюр, кулак тештирүү, татуировка жасатуу, пирсинг) аспаптар бир жолу колдонулуучу жана стерилдүү болушу маанилүү. Тиш дарыгерине барганда да жабдыктардын тазаланып колдонулушуна көңүл буруңуз. ВИЧтин организмде пайда болуусу анализ тапшырганда гана билинет. Дарт айыкпайт, бирок дарылардын жардамы менен ооруну кандайдыр бир деңгээлде токтотуп койсо болот.
Перизат Музуратбекова
koom@super.kg