ИЗДЕЙМ СЕНИ

«ИНТЕРНАТТА ОКУГАН КЛАССТАШТАРЫМДЫ ИЗДЕЙМ»
– Мен Ош облусундагы Өзгөн районундагы Мырзаке айылында жайгашкан Марат Раззаков атындагы жетим балдар интернатында чогуу окуган классташтарымды издейм. Алар 1995-жылы туулган балдар. Класста канча экенибиз эсимде жок, бирок баарыңарды көргүм келет. Окуп калсаңар мага кабарлашып койгула.

Бексултан, тел.:
0705 86 76 66,
0772 44 82 49


«ДОСУМДУ ИЗДЕЙМ»
– Мен Жусуп Баласагын атындагы КУУнун Физика жана электроника факультетин 2003-жылы бүтүргөн алайлык досум Абдрахманов Каныбекти издейм. Учурда Бишкек шаарында фотосүрөт тармагында эмгектенет деп угам. Окуп калсаң байланыш.

Алмаз Станбеков,
тел.: 0779414303


«АСКЕРДЕ ЧОГУУ КЫЗМАТ КЫЛГАН ДОСУМДУ ИЗДЕЙМ»
– 1975-1977-жылдары Хабаровск шаарындагы темир жол аскер бөлүгүндө чогуу кызмат өтөгөн Жораев Ибайдулла аттуу досумду издейм. Ал Ош шаарынын Шайып-Дөбө айылынан болчу. Азыр аны таап катышкым келет. Досум, окуп калсаң кабарлаш.

Магазинжан Жалиев, тел.: 0550 48 81 56


Сиз качандыр бир кездеги жакын ада­мы­ңыз­ды издеп, бирок таппай жүргөн болсоңуз, анда Главпочтамт, а/я 2031 дарегине же koom@super.kg электрондук почтасына кат жазыңыз.
ЭСКЕРТҮҮ! Катта маалымат берген адамдын дареги же телефон номери так көр­сө­түлүүгө тийиш.
БАЙЛАНЫШ ТЕЛЕФОНУ: (0312) 32-33-28

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (4)
aikera1992
2017-12-12 19:25:50
Мени бироо издеп калчудай болуп карай берем)))
+9
adilet9090
2017-12-13 12:16:08
aikera1992,мен да
+1
adilet9090
2017-12-13 12:16:33
Мен да куто берем
+1
Pandora
2017-12-13 21:20:42
Акыркы издоо салган байкенин аты укмушго.
+2
№ 788, 8-14-декабрь, 2017-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан