1 УЙДАН 4 ЧАКА СҮТ же асыл тукум уй породалары

Күнүнө 7-10 литр сүт берүүчү 2 уй баккыча, ошол экөө берчү сүттөн да көп берчү асыл тукум 1 уй багуу экономикалык жактан пайдалуу. Анын үстүнө азыркы жайыт тартыш заманда. Андай уйлардын сүтүн саап, башын көбөйтүп, торпогун сатсаң киреше. Андыктан сүт багытындагы асыл тукум уй породалары тууралуу сөз козгойбуз.

Курманбек Убайдылдаев, Түп районунун Сары-Дөбө айылынын тургуну, фермер:
– Мен 2016-жылы жазында Бишкектен сүт багытындагы голштин-фриз породасындагы бооз 5 чоң уй, 15 кунажын (2 жаштагы) жана 2 бука сатып алгам. Уйлардын ар бирин 100 000 сомдон, кунажындарды 55 000, букаларды 70 000 сомдон алгам. Таразага тартканда уйлардын тирүү салмагы 950-990, кунажындардыкы 300-380 килограммдын тегерегинде чыккан. Алып келген 5 уй 50-60 килограммдагы музоолорду тууп берди.
Уйларды 3 маал саап, күнүгө ар биринен 20-25 литрдин тегерегинде сүт алып жаттык (тегеректегенде 22,5 литр). Негизи аталган породадагы уйлардан 30 литр жана андан көп сүт алууга болот. Бирок бизде жем-чөп бир аз тартыш болуп, сүтү аз болду. Биз ар бир уйга 1 күндө 8 килограмм жем (тартылган арпа, 1 килограммы 9 сом), 1 түк чөп (80 сом), 2 килограмм улпак (1 килограммы 8 сом), 1 килограмм жүгөрү (килограммы 9 сом) берип жаттык. Ошондо 1 уйга 1 күндө 177 сом короп жатты.
1 уйду 10 ай саадык деп коёлу, ошондо 300 күндү 22,5 литрге көбөйтсөк, 6750 литр сүт болду. Сүттү өткөрүп акча кылалы десек сүттүн литри 7 сомго дейре түшүп кетти. Андыктан өзүбүз ичип, калганын сары май кылып, анын сатчусун саттык. Сары майдын килограммын 250-300дөн өткөрүп жатышты.
Талаптагыдай бакканыбызда 1 уйдан орточо эсеп менен 9000 литрдей сүт алмакпыз. Ошондо литрин 10 сомдон сатканда деле 9000x10=90 000 сом тапмакпыз.
Торпоктор туулгандан өзүнчө бактык. Ар торпокко 2 айга чейин күнүгө 6 литр нак сүт, 1 килограмм арпа жем, 3-4-айында эртең менен 3 литр таза сүт, кечкисин 3 литр тартылган сүт, 2 килограммдан арпа жем, жемге боюн, салмагын өстүрүүчү 2 түрдүү витаминдин ар биринен 50 граммдан кошуп берип жаттык. Андан ары чоң уйлардай эле тоюттандырдык.
Кышкысын уйкананын ичинде температура 15 градустан төмөн болбошу зарыл. Андан төмөн болсо уйдун жегенинен алган энергиясы өзүн жылытууга жумшалат да уйлар эт албай, сүт берүүсү азаят. Тоютту да көп жеп баштайт.
Жакында эле уйлар да, кунажындар да музоолошту. 2 бука да голштин-фриз породасында болгондуктан ушул породадагы уйларды көбөйтүп, сүтүн, көбөйгөндө торпокторун сатып бизнес кылуу планыбыз бар.
Торпоктун өзүн сатсаң 30 000 сомдун тегерегинде болот. Менин мал чарбамда уйлардан тышкары асыл тукум жылкылар, гиссар породасындагы койлор бар.

«БИЗ УРУКТАРДЫ АМЕРИКАДАН АЛЫП КЕЛЕБИЗ»
Мирбек Бөрүбашев, Бишкектеги жоопкерчилиги чектелген коомдун жетекчиси:
– Көпчүлүк эл биздеги уйларды асыл тукумдуу букалардын уругу менен уруктандырса болобу деп сурашат. Болот, ал тургай зарыл! Маанилүүсү уюңузга кандай породадагы, конкреттүү кайсы буканы туура тандоодо! Биз асыл тукум букалардын уруктарын Америкадан алып келебиз жана документтерде букалардын аты, андан алынган ургаачы торпоктор кийин канча литр сүт берери, баары жазылган.
Ургаачы торпокторду алгач ирет 14-16 айында, 320-350 килограмм салмакка жеткенде уруктандыруу керек. Эгер салмагы 18 айында да көрсөтүлгөн салмакка жетпесе да уруктандыруу керек. Уйларды туугандан кийин 20-24 күн же 45-50 күн аралыгында уруктандыруу талапка ылайык.

СҮТ БАГЫТЫНДАГЫ АСЫЛ ТУКУМ УЙЛАРДЫН СУРОО-ТАЛАПКА КӨП ЭЭ БОЛГОН ПОРОДАЛАРЫ

ГОЛШТИН-ФРИЗ ПОРОДАСЫ

Чыккан мекени
– Голландия (Нидерланды).
Өңү – кара ала.



Салмагы
– 600-700 килограмм (орточо эсеп менен).



Салмагы чоң жана оор болгондуктан тоолуу жерлерде жаюуга жарабайт. Мал короодо карап-багуу керектелет.



1 жылда
(байыганча) орточо эсеп менен 9000 килограмм сүт берет.




АЙРШИР ПОРОДАСЫ


Чыккан мекени
– Шотландия.
Өңү – сары ала.



Салмагы
– 500-600 килограмм (орточо эсеп менен).


Төмөнкү температурага жана сызга туруктуу. Бийик тоолуу жерлердеги жайыттарга жаюуга ыңгайлуу. Ысык-Көл, Нарын аймактарында жана Чүйдүн тоо этектеринде бакканга ылайыктуу.


1 жылда
(байыганча) орточо эсеп менен 7000-7500 килограммдан ашык сүт берет. Сүтүнүн майлуулугу өтө жогору, сыр жасоого эң ылайыктуу.



ШВИЦ ПОРОДАСЫНДАГЫ КҮРӨҢ УЙЛАР
Бул порода швицтин базасында биздин кыргыз породасы – Ала-Тоо породасын (эт-сүт багытындагы) түзүүгө негиз болгон.

Чыккан мекени
– Швейцария.
Өңү – күрөң.



Салмагы
– орточо эсеп менен 500-600 килограмм.





Карап-багууну көп талап кылбайт. Андыктан өлкөнүн бардык аймагында багууга болот.




1 жылда
(байыганча) орточо эсеп менен 8000-8500 килограммдан ашык сүт берет.




ЖЕРСЕЙ ПОРОДАСЫ

Чыккан мекени
– Англия.
Өңү – саргыч-күрөң.


Салмагы
– орточо эсеп менен 500-600 килограмм.





Жогорку жана төмөнкү температурага, бир типтүү тоюттандырууга чыдамдуу. Түштүк аймактарда багууга абдан ылайык. Жайыттарда жаюуга болот.


1 жылда
(байыганча) орточо эсеп менен 6000-6500 килограммдан ашык сүт берет. Сүтүнүн майлуулугу жогору.
Аталган породадагылардан туулган музоолордун салмагы орточо 32-35 килограммды түзөт. Бирок жеңил туугандыгы жагынан айршир менен жерсей алдыда.
Торпокторго туулгандагы алгачкы сааттарда уузун ичирүү кажет. Ууз иммунитет болуп берет. Алгачкы айларда суткасына 4-6 литр нак сүт берүү керек. Кийин чөп берип баштоо менен сүттүн өлчөмүн азайтууга болот. 3-4 айлыгынан тартып тамак-ашты сиңирүүчү системин өнүктүрүүгө киришүү керек (чөп, комбикормдон тышкары сулу берип), бул кийин көп жеп баштаганда жегендерин сиңирүү менен сүтүнүн көбөйүшү жана салмагынын өсүшү үчүн керек.
1 дозасы 500 сомго чейин. 1 уйду уруктандырууга 1 доза жетет.


Канымжан Усупбекова
kenesh@super.kg
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (7)
Ali_Bolotbek
2017-12-12 12:07:54
Жакшы маалымат экен)
0
yrysbek
2017-12-12 14:54:21
Торпокторунан сатып алуу учун кантип байланышып сатып алсак болот экен ГОЛШТИН-ФРИЗ ПОРОДАСЫнан???
0
Tyty1990
2017-12-13 10:41:02
Жакшы
0
Arlenchik
2017-12-13 20:18:50
Абдан соонун маалымат экен, ушуга абдан кызыгып журдум эледа.
0
Benazir08
2017-12-16 10:08:44
Жакшы экен ар бир уйго жок дегенде керек экен. Биздин макоо уйдар буну сузуп,бөлуп, өгүздөрүбүз секирип шаштысын алат. Анан айыл жергесинде жылуу там да жок да. Биз уйларыбыз жылуубу суукпу тамды эптеп бутурцп алып кирим байлап кое беребиз го
0
Kylymbek_isakulov
2017-12-16 13:40:59
Рахмат супер инфо!
0
altunai.79
2018-01-29 09:05:49
Урматтуу супер инфо мүмкүнчүлүгүңөр болсо ушундай асыл тукум уйларды каяктан сатып алсак болот адрестерин, тел номерлерин таап берип койгулачы сураныч.
0
№ 788, 8-14-декабрь, 2017-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан