ЧУБАК АЖЫНЫН ҮЙ-БҮЛӨСҮНДӨГҮ КРИЗИС МУРУН ЭЛЕ БАШТАЛГАНБЫ?

8-декабрь күнү Telegra.ph анонимдүү билдирүү сервисинен Чубак Жалиловдун байбичеси Гүлнур Жалилованын «Сезим» кризистик борборуна жазган арызын жарыялаган. Эсиңизде болсо, Чубак Жалилов токол алганын жарыялаганы коомдун кызуу талкуусунда калган. Өзү байбичеси бир аз капа болуп жатканын, бирок баары жайына келерин айткан. «Бир аз капа болгон» жубайы Гүлнур Жалилованы кризистик борборго кайрылуусуна эмне түрткөн?

«БУЛ АДАМДЫН ТАПАНЧАСЫ БАР, БАЛДАРЫМА ЗЫЯНЫ ТИЙИП КАЛАБЫ ДЕП КОРКОМ»
(Интернетке тарап кеткен Жалилованын арызынын мазмуну өзгөртүүсүз берилди)

– Мен, Жалилова Гүлнур Турдалиевна 1982-жылы, 17-июлда төрөлгөм. Жолдошум Жалилов Чубак Тажибаевич экөөбүз 17 жыл жашадык, ортобузда 5 бала бар. Мен өзүмдүн жана балдарымдын жашоосунан (өмүрүбүзгө) корком. Күйөөм экөөбүздүн жашообуз жакшы болбой жатат. Күйөөмдүн балдарды өлтүрөм (чычкандын уусун берип) деген сөзүнөн улам корком. Бул адамдын тапанчасы да бар. Азыркы болуп жаткан окуялар да мага жана балдарыма зыяны тийип калабы деп корком. Күйөөм мен жана балдарым жашаган үйгө келишин каалабайм. Балдарым айына бир эле жолу көрүшүн каалайм. Балдарымдын башын айлантып, окуусуна ушул окуялар абдан тоскоол болуп жатат. Тиешелүү органдар мага жооп беришин суранам. Бул арыз өз колум менен так, туура жазылды.

07.12.2017 (колу)


«КАРАЛООДОН МАЙНАП ЧЫКПАЙТ»
Акин Токтоналиев, Чубак ажы Жалиловдун жактоочусу:
-Бул окуя боюнча өйдө-ылдый көп кептер болуп жатат. «Сезим» кризистик борборунун жетекчиси Бүбүсара Рыскулова «Көргөн эмесмин. Маалыматты ким таратканын билбейм» деп жатат. Бирок арыз анын атына жазылып жатат. Консультация сураса ал элге таратып жиберип жатат. Анонимдүү боло турган нерсени эмнеге коомчулукка таратып жиберди? Биз аны сотко беребиз. Анткени алар Чубак ажынын аялына тигини жасап беребиз, минтебиз деп арыз жаздырып алышкан. Арыз боюнча милиция кызматкерлери тактап чыгышты, аялын да сурады. Бул жерде кылмыш иши барбы же жокпу, тиешелүү органдар чечип чыгышат. Ошондон кийин биз мыйзам чегинде чара көрөбүз. Бул каралоодон эч майнап чыкпайт. Гүлнур Жалилова чындап арыз жазганбы же жазбаганбы, аны да так айта албайм. Анткени байкасаңыз, арыз баш жагы жазылып келе жатып актай барактын алдына кол коюлуп жатат. Эмнеге бир баракка арыз жазылган да кол коюлган эмес, экинчи баракта колу коюлган да арыз жок. Бул атайын провокация кылуу үчүн уюштурулган. Чубак ажы жыйынтыгы такталып чыккандан кийин маалымат жыйын өткөрүп, ошондо суроолорго жооп берет.

«АРЫЗДЫН КӨЧҮРМӨСҮН МУФТИЯТКА ЖӨНӨТКӨНБҮЗ»
«Сезим» кризистик борборунун жетекчиси Бүбүсара Рыскулова төмөнкүлөрдү айтып берди:
-Биздин борборго Гүлнур Жалилова сентябрь айында эле кайрылып юристтерден кеңеш алып жүргөн. Бизге кайрылган адамдардын анонимдүүлүгү сакталат. «Өзүм ачык чыгам, мындан ары чыдай албай калдым» деген аялдар өзү коомчулукка чыккандан кийин гана жарыя кылабыз. Бул окуяда арыз ээси Гүлнур Жалилова өз колу менен арыз жазып, кол койгон. Мындай учурда, тактап айтканда, үй-бүлөгө коркунуч туулган учурда тиешелүү мамлекеттик органга кайрылышыбыз керек. Ошондуктан мен катты тиркеп, арызды ИИМдин электрондук дарегине жөнөткөм. Мусулман аялдарга жардам берген «Мутакаллим» уюмунун жетекчиси Жамал Фронтбек кызы да Жалилова арыз жазып жатканда ошол жерде болчу. Экөө чогуу келген. Арыз жазып бүткөндөн кийин Жамал Фронтбек кызы «Арыздын көчүрмөсүн муфтиятка да жиберейинби?» деп сураганда Гүлнур айым макулдугун берген. Бир арызды Жамал Фронтбек кызы муфтиятка, экинчисин мен ИИМге жөнөттүм. Анан коомчулукка чыгып кетти. Кантип тарады, ким таратты, биз билбейбиз.
Эки баракка жазганы тууралуу айтсам, мына азыр да менде түп нускасы турат. Гүлнур айым жазып батпай калганы үчүн ошол эле барактын тескери жагына кол коюп койгон. Бизге өтө көп аял кайрылат, айрым учурда күйөөлөрү анын үстүнөн экинчи аял алып алгандар да бар. Биз үчүн бул кадимки эле иш, аларга кеңеш берип колдоо көрсөтөбүз. Биз Кыргызстанда аялдардын укугун коргоо үчүн уюшулганбыз жана өз ишибизди аткарып жатабыз. Биздин максат бирөөнүн үй-бүлөсүн бузуу эмес, аялдарга жардам берүү.

«ГҮЛНУР ЖАЛИЛОВАНЫН ЖАНА БАЛДАРЫНЫН КООПСУЗДУГУ КАРАЛГАН»
Чубак ажынын байбичесинин жана балдарынын өмүрү коркунучтабы? Иликтөө иштери кандай жүрүп жатканын сурап, Бишкек ШИИББинин маалымат кызматынын башчысы Адыл Оморовдон төмөнкүдөй жооп алдык:
-9-декабрь күнү Гүлнур Жалилова өзү келип милицияга арыз жазган. Жазылган арыздын негизинде окуя иликтенип жатат. Учурда Гүлнур Жалилованын үй-бүлөсү коопсуздукта, ошол аймактын аймактык милиция кызматкери барып көзөмөлдөп турат. Чубак Жалиловдун үстүнөн кылмыш иши козголобу же жокпу, ал иликтөөнүн жыйынтыгында билинет.
Чубак ажы Жалиловдун жактоочусунун айтымында, Гүлнур айым кимдир бирөөнүн таасири менен арыз жазган. Жактоочунун логикасы боюнча Чубак ажынын аялы эч бир жерге арыз жазбай отура бериш керек беле деген суроо туулат. Бул жагдайдын өзү Кыргызстандагы жалпы аялзатынын укугу толук деңгээлде корголбой жатканынан кабар берет.


Мирлан Өмүралиев
koom@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (78)
Ne.vajno
2017-12-20 18:12:59
Биз деле баарыбыз интернетте акылдуу , ыймандуу боло беребиз . А жашоодо кандайбыз жакындарыбыз гана билет. Чубак ажы деле биздей адам бизге насаат айтып динди тушундуруусу анын иши, ал эми жашоосунда кандай адам аны жакындарынан сураш керек.
0
NIkalike
2017-12-20 23:56:50
Чубак ажынын биринчи аялы бактылуу болсо мындай ишке бармак эмес. Бир аялды ыраазы кылып, бактылуу кыла албаган сон экинчи аялды не кылат?
+5
Janum2017
2017-12-21 10:49:30
Молдонун айтканын кыл кылганын кылба дейт беле
+1
aza.janym
2017-12-21 12:11:10
сыноо келгенго устазга сабр
+2
aza.janym
2017-12-21 19:14:08
ХХХХХХХ ким жагат озу силерге озу ХХХХХХХХХХХХ
+1
joysin777
2017-12-21 23:30:52
aza.janym,ХХХХХХХХХХХХХХХ кыргыздар кыргыз болуп торолгонубузго сыймыктанып бири-бирибизге жан тартып жардамдашып бири-бирибизди котормолоп эле журобузго ХХХХХХХ
0
al79mi
2017-12-22 08:37:20
Чубак эмне пайгамбар беле жанылбагыдай?! Телеге чыгып кооз суйлоп койсо эле этегин ооп таза эле коколотуп пайгамбар сезип алдынар го! Жанылбас жаак мудурулбос туяк болбойт! Жактайт десе эле оозунардан ак кобук чачыратып чын тогунун билбей эле кыйкыра бересинерби?! Бул киши жылдыз оорусу менен ооруп калган коптон бери. Адалсынган молодонун уйунон алты камандын башы чыгыптыр деген соз кур айтылган эмес да. Ушундайлардан чыгат балээнин бары!
+3
Shokoladka94
2017-12-22 11:16:04
Пайгамбар эмес пенде го, саясатка аралашып жанылды Эми мунусу... Молдонун айтканын кыл, кылганын кылба дегендей
+2
admin_media
2017-12-22 16:31:54
Akylai_aktan, aikokul14,
Саламатсыздарбы! Техникалык катачылыктар түзөтүлдү, рахмат.
0
Nazaraliva9595
2017-12-22 22:23:54
Уят!!!
+1
pat12
2017-12-23 11:51:40
Чубак калп эле ислам дем коюп кыргыздардын башына арабтардын жашоо образын киргизип жатат. Ишеним ар бир адамдын журогундо гана болот. Жубак айткан акылды беш жаштагы бала деле билет. Элдин светтик маданиятын которуш керек. Ошондо ар бир адам Чубактын башы менен ой жугуртой, жеке озунун башы менен ой жугуртот.
+4
Mirlan27011987
2017-12-23 12:20:39
Чыныгы жана туура тарбия адамга светский билим, илим, маданият, искуство аркылуу гана келет. Ислам жон гана кыргыздарга арабтардын маланиятын гана уйротуп жатат. Чыныгы кудайга болгон ишеним жан дуйнодо гана болот. Арабтардын маданияты бизге эч бир жакшылык алып келбейт. Улуу кыргыз элин манкуртчулуктан токтотобуз берге.
+4
Akkyz8081
2017-12-23 14:11:39
Менин жеке оюмча Чубак ажы деле адам да..адашкандыр..алардын уй-булоосундо кандай иш болгонун биз билбейбиз да..болгону элге улгу корсоткондой деле иш кылган жок..жаш келинди алды болгону..ал туркияда иштеп журсо, озунун оокатын откоргон тын эле келин болсо керек..анан эле улгу кылдым дебей..эгер Чубак ажы Кыргызстандагы озу тендуу, балдары менен жесир калып, жардам сурагандардын бироон алса, ошондо аябай сыйга татыктуу болмок деген ойдомун..а негизи ал кылган эрдикти кыргыздын мырзалары деле..
+3
stimyl.kg
2017-12-23 22:48:52
Фанаттык мүнөздөгү ой жүгүртүүнөрдөн келип чыккан сөздөр"тууп таштап кеткен,сойку болуп кеткен,ажырашып кеткен,эрсиз жесир калган,эрге тийе албай жүргөн,жашоотурмуштан кыйналып жүргөн кыздар,келиндерге мызам ченемдүү үйлөнсөк бул көрүнүш азайат"деген тупо ой жүгүртүүнөр суу кечпейт фанатар,бул жонгана жапшаш кызды же кемпиринен жашыраак алып төшөк жаныртуунун амалы. Эркек деген табиятынан катынпоз калкпыз,мына ошо катынпоздукту оздуктоо бул ар бир эркектин жеке эрки жана үйбүлөсүн сыйл
+2
pat12
2017-12-23 23:40:38
Негизи Чубак элге моралист арабист болгонду токтотсо болмок. Эртен биринердин башынарга кыйынчылык тушуп калса, Чубак жанынарга басып да келбейт, бир ган ата-эне бир-тууган куйот.
+2
mishonia8077
2017-12-24 12:18:05
Гүлнур Жалилованы 1980- жылкы деп жазып атышты беле
0
№ 789, 15-21-декабрь, 2017-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан