ИЗДЕЙМ СЕНИ

“ЖАРКЫНБЕК, ҮЙГӨ КАЙТЫП КЕЛ”

– Иним Жаркынбек Жолдошбек уулу 2017-жылдын 5-декабрынан бери дайынсыз, ошол убактан бери аны издеп келебиз. Ал 1998-жылдын 15-апрелинде Нарын облусунун Нарын районуна караштуу Куланак айылында төрөлгөн. Мектепти бүткөн соң Бишкек шаарындагы “Мадина” базарынын жанында жайгашкан тигүү цехтеринин биринде үтүкчү болуп иштеп жүргөн. 4-декабрь күнү кечинде жумушунан айлыгын алып, чогуу иштеген өзү курактуу 2 кыз жана 2 жигит болуп шаардагы Курманжан датка көчөсүндөгү “Голден сезон” аттуу кафеде эс алып отурушкан экен. Жанындагылардын айтымында, иним алар менен чогуу кетүүгө макул болбой, кафеде калып калган. Ошону менен иним үйгө кайтып келген жок. Биз Жаркынбектити издеп жүрүп, ошол кафенин видеокамерасынын архивин каратканыбызда, Жаркынбектин жанында бир жигит пайда болуп, экөө Хонда Степвагон үлгүсүндөгү таксиге түшүп кетиптир. Андан башка маалымат жок болууда. Жанында болжол менен 4 жарым миң сомдой акчасы болгон. Инимдин бою 175 сантиметр, арыкчырай келген бала. Ошол күнү үстүндө кийип жүргөн кийимдери: кара түстөгү куртка, көк түстөгү жинсы шым, кара топу жана бутунда кара түстөгү бут кийим. Таанып, көрүп-билгендер болсо байланышып коюңуздарды суранабыз.

Эжеси Наргиза Жолдошбекова,
тел.: 0709 10 08 31


“ТАМАРА, КАЙДАСЫҢ?”
– Мен 1983-жылы Жалал-Абад облусунда Маданият техникумунда бирге окуган группалашым Тамара Майылованы издеп келем. Окууну бүткөнү экөөбүз көрүшө элекпиз. Кара-Кулжа районунда жашайт деп угуп калам. Тамара, гезиттен окуп калсаң мага байланыш.

Сени издеген группалашың Айзада (Зина) Дубанкулова,
тел.: 0777 37 25 09

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 789, 15-21-декабрь, 2017-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан