Учурда чет өлкөлөрдө Кыргыздын 1 миллиондой жараны жашап, иштеп жүрөт. Алар жыл сайын өлкөгө 2 миллиард АКШ доллардан ашуун акча которуп, өздөрүнүн үй-бүлөсүн эле эмес, өлкөнү да багуучуга айланышты. Миграция кызматынын маалыматына таянсак, 2017-жылдын 9 айында эле мигранттар Кыргыз жерине 1 миллиард 840 миллион доллар которушкан. Бул өткөн жылдын 9 айындагы суммага салыштырганда 25 пайызга көп. 18-декабрда өлкө башчысы Сооронбай Жээнбеков Эл аралык мигранттар күнүнө карата кайрылуу жасап, жаңы иш орундарын түзүп, алдыдагы жылдары мигранттарды мекенине кайтарууга аракет жасаларын убада кылды. Биз мындай аракеттердин ишке ашуусун күн санап күткөн, чет өлкөдө иштеп жаткан мекендештерибиз эмнени кыялданарын сурап көрдүк.
ДАВЛЕТ ЖАНТАЕВ, 22 ЖАШТА, ТҮРКИЯ:
– Түркияда иштейм. Бул жакка жаш кыздар, эжелер көп келишет. Кыздар оңой акчага алданып сойкулук кылгандар, стриптиз бийлеп акча тапкандары бар. Кыргыздын кыздарын ушул даражага алып келген өлкөдөгү абалдын оңолуусун тилек кылам. Эжелердин дээрлик көбү ажырашкандар. Кыргызда үй-бүлө баалуулугу илгеркидей сакталып, өлкөнүн руханий жана социалдык абалынын жакшырышын тилейм. Телефон чалса жооп бербей, барсак да жакшы кабыл албаган элчиликтин кайдыгерлиги жоюлса экен дейм. Президент болгум келет. Жок дегенде премьер-министр же депутат болуп мекендештерибиз чет жакта жүрүп кыйналбашы үчүн Кыргызстанда элге жакшы шарттарды түзүп бергим келет.
ТЫНЧТЫК КАЗЫБЕК УУЛУ, 27 ЖАШТА, ОРУСИЯ:
– 3-курста окуп жатканда Кыргызстандагы айлык менен үй куруп, үй-бүлө бага албасымды түшүнүп, сырттан окуу бөлүмүнө которулуп, Москвага келдим. Дипломум болсо университеттин архивинде чаң болуп жатса керек. Элчиликтин пассивдүү иштегениненби, айтор, ал жакка жардам сурап кайрылгандар аз, бирок мигранттарда көйгөй көп. Мисалы, каза болгон адамдын сөөгүн мекенге узатуу үчүн керектелген каражатты ал адамдын тааныш-тууганы, жердештери көтөрүшөт. Бул биз үчүн оор. Өлкө бийлигинин мигранттардын көйгөйлөрүнө көңүл буруусун тилек кылабыз.
ГҮЛЖАН САГЫНБЕКОВА, 52 ЖАШТА, ИТАЛИЯ:
– 8 жылдан бери Италияда кемпир карап иштейм. Кыргызстанда мугалим болуп 20 жылга жакын 3000-4000 сом айлыкка иштедим. Балдарымдын келечегин куруу үчүн башка өлкөгө кетүүгө мажбур болдум. Байлык топтоп жатканыбыз менен, эч бир өлкө Кыргызстанга жетпейт. Мекенимде балдарым, неберелеримдин жанында болгум келет. Өз үйүмдө жашап, кесибим менен иштегим келет. Неберелеримди жетелеп сейил бакта сейилдөөнү кыялданам. Биздин өлкөдө балдар базарда иштеп жан багуунун аргасын кылбай, бактылуу балалыкта жашап, татыктуу билим алышса, билим берүү системи реформаланса деп тилек кылам. Мигранттар которгон акчаны эске алып, бизге жакшы пенсия чыгарып беришсе деп кыялданам.
РЫСБЕК АБДРАЗАКОВ, 41 ЖАШТА, ОРУСИЯ:
– Орусияда иштейм. Кыргызстанга барган сайын ошол жакта калгым келет, бирок иш жок же айлык аз. Кыргызстанда бардык жумуш акча менен чечилип калган. Ушундай системден арылышыбызды каалайм. Айрымдар «ата-энемдин пенсиясы жетпей калыптыр» деп электр энергиясынын төлөмүн да бул жактан жөнөтүшөт. Тилегибиз – чоңдорубуз чөнтөктөрүнө азыраак салып, өлкөнүн өнүгүшүнө аракет кылышы, жаштар өлкөдөн качпай, карылар жылуу үйдө келининин колунан чай ичип, неберелерин эркелетип жашоосу.
ЖЕҢИШ НАЗАРБАЕВ, 42 ЖАШТА, ОРУСИЯ:
– Үй-бүлөм менен Казань шаарында жашайм. Чет өлкөдө иштегендердин тилеги – Кыргызстаныбыздын экономикасы көтөрүлүп, жумуш орундарынын көбөйүшү. Өлкөдө жакшы айлык менен жумуш табуу көйгөй болбогондо башка жерде бир күн да турмак эмеспиз. Бул жакта жашоом жакшы. Бир гана кемчилик – мекенибизди сагынабыз. Балдарым да Кыргызстанга барганда кайра келгиси келбейт. Туулган жериме кайтып, чакан ишкана ачып, аз да болсо жумуш орундарын түзөм деген максатым бар. Кыргыз бийлиги биринчи ирет иш баштагандарга салыктан жеңилдиктерди берип, тоскоол болбой, аз пайыздагы насыя берип жардам кылса дейм.
ЭРИК ЖУМАБАЕВ, 24 ЖАШТА, ТҮШТҮК КОРЕЯ:
– 2 жылдан бери Түштүк Кореядамын. Корейлердин сабырдуулук жана маданияттуулугу өлкөнүн өнүгүү жолуна түшүүсүнө себепкер болгону чындык. "Өлкөнүн өнүгүүсүнө тоскоол болуп жатат же туура эмес бийлик жүргүзүп жатат" деп бийлик төбөлдөрүн күнөөлөйбүз. Бирок мамлекеттин өнүгүүсүнө өлкөдө жашап жаткан ар бир жарандын жеке маданияты, дүйнө таанымы себепчи болорун байкадым. Элибиздин дүйнө таанымы жогорулап, маданий жана руханий жактан өнүгүү болсо деп тилейм. Чет жердегилер акча топтоо менен гана алек болбостон, ошол мамлекеттен үйрөнгөнүн өлкөбүздө да колдоно билип, келечек муунга үлгүлүү, өнүккөн, күчтүү, бирдиктүү мамлекетти тартууласак деген чоң тилегим бар.
НАЗИРА ӨМҮРБЕКОВА, 38 ЖАШТА, ОРУСИЯ:
– 10 жылдан бери Москвада сатуучу болуп иштеп эки баламды окутуп жатам. Балдарым мендей болуп эки жакка тентибей, өз өлкөсүнө кызмат кылышса экен. Кыргызстан жаш үй-бүлөлөргө, жаш ишкерлерге көмөк көрсөтсө, өлкөдө туруктуулук болуп, мыйзамдар иштесе дейм. 7 бир тууганымдын төртөө Орусиядабыз. Апам азыр деле Кыргызстанда биздин балдарыбызды карайт. Бийликтен көйгөйлөрдүн чечилишин, эмгек мигранттарынын санын азайтууга аракет кылышын күтөм.
БАТЫРБЕК МАТЕШОВ, 42 ЖАШТА, КАЗАКСТАН:
– 2000-жылы Казакстанга жумуш издеп келгем. Учурда үй-бүлөм Кыргызстанда. Тынчтык болуп, өлкөбүз алдыңкы мамлекеттердин катарын толуктаса, өз өлкөмдө үй-бүлөмдүн жанында оокат кылсам деп тилек кылам. Элден артта калбай жашагым келет. Ал үчүн Кыргызстандагы орточо айлык 20 миң сомдой болсо жакшы болмок.
Перизат Музуратбекова
koom@super.kg