«КЫЗЫМДЫН ӨЗ АПАСЫН ТАПКЫМ КЕЛЕТ»
Бул окуя 30 жыл мурун болгон. Аны эске салгым деле келген эмес. Жашым 67ге чыгып калды. "Жаман айтпай жакшы жок" дегендей, көзүм өтүп кетсе кызымдын жүрөгү оорубасын деп ага 30 жыл мурун таштап кеткен энесин жолуктуруп коёюн деп чечтим. Бул менин адамдык парзым деп ойлойм.
1988-жылы мен Кара-Балта шаарында иштеп жүргөн кезим эле. Ал убакта өзүмдүн эгиз кыздарым, уулум бар болчу. Жолдошум автокырсыктан жабыркап калгандыктан, андан кийин балалуу боло албай калдык. Ошондуктан дагы бала багып алууну чечтик. Төрөтканага барып карап көрдүк. Ал жерде көбүнчө оорукчан балдар экен. Ойлонуп турганымда шыпылдаган бир медайым келип, "Сиз жакшынакай эже экенсиз. Бул оорукчан балдарды эмне кыласыз? Менин үйүмдө бир келин бар. Ал бир жигитке алданып калып боюнда болуп калды. Ошонун төрөй турган баласын алып багып алсаңыз кандай болот?" деди. Ойлонуп көрүп макул болдук.
Медайымдын үйүнө барсам бир татынакай кыргыз келин отуруптур. Мени көрүп эле коркуп кетти. «Коркпо, сиңдим, эгерде аман-эсен көз жарсаң, балаңды мен багып алам. Камсанаба, аны өзүмдүн баламдай эле кабыл алам» дедим. Ошондо ал келиндин 7 айлык боюнда бар экен. Ошентип мен алардын үйүнө азык-түлүк алып барып берип карап жүрдүм. Кээде кабар алып келгиле деп эгиз кыздарымды да жиберчү элем. Баса, ал келиндер суусамырлык болчу, Кара-Балтада батирде турушчу.
Мен деле анда жаш экенмин, багып ала турган наристеден башка эч нерсеге кызыкпаптырмын. Баласын бере турган келинден атын сурасам, Мира Сулайманкулова деп айткан. Кийин аны тааныгандар аты Майрамкүл болчу дешти. Берки медайым болуп иштеген келиндин аты-жөнүн деле сурабаптырмын. Ошентип 1988-жылдын 10-августунда саат 10дор чамасында Мира көз жарды. Медайым болуп иштеген келин чуркап келип «кыз төрөдү» деп мага сүйүнчүлөдү. Сүйүнчүсүнө козу бердик.
Ошентип кызды асырап калдык. Туулгандыгы тууралуу күбөлүктү кантип алабыз дегенибизде, бирөөлөр «эшигибиздин алдына таштап кетиптир деп айткыла. Ошондо өзүңөргө каттатып алуу жеңил болот» деп акыл үйрөтүштү. Ошентип чуркап жүрүп кызды өзүбүзгө жаздырып алдык.
Арадан күндөр өтүп кызыбыз чоңоюп, торолуп калган эле. Кайдан-жайдан эле үйүбүздө баягы шыпылдаган медайым пайда болду. Коляскада жаткан кызды карап «томпойтуп жакшы багып жаткан турбайсызбы. Эже, сонун багып жатыптырсыз» деп нан ооз тийип чыгып кетти. Артынан кошо чыксам, эшиктин алдында кызымды төрөгөн аял туруптур. Өзү кире албай тиги келинди киргизген окшойт. Мен ошол замат кабатырлана түштүм. Күйөөм менен кеңешип «булар бизди жайыбызга койбойт. Бул жерде турсак келе берет окшойт» деп иштерибизди да таштап 1 жуманын ичинде Таласка көчүп кеттик.
Ошентип жылдар өттү. Кызым супсулуу болуп чоңойду. «Эл оозунда элек жок» деген сөз чын экен. Бирөөлөр аркылуу кызым өзүнүн бакма экенин билип алыптыр. Эмне кылам, айла жок кызыма баарын жашырбай айтып бердим. Азыр кызым үй-бүлөлүү, жакшынакай күйөөсү, 3 баласы бар. Жакшы жумушта иштечү, күйөөсү кызганып иштетпей койду. Жакында кызым мага «Апа, мен сени баары бир таштабайм. Сенден башканы апа дегенге эч качан оозум барбайт. Бирок мен ошол аялды бир көргүм келет» деп айтты. Издейин десем ал убакта өзүм да жаштык кылып ал келиндин толук аты-жөнүн да сурабаптырмын. Мира Сулайманкулова дегенден башка ал тууралуу эч нерсе билбейм. Аргам кеткенде анонимдүү кылып силерге айтып отурам. Балким, табылып калар. Мен бул дүйнөдөн өтүп кетсем кызымдын жүрөгү ооруп калбасын деп ушул кадамга бардым. Менин телефон номерим редакцияда. Эгерде кызымдын өз апасы табылып калса аны менен жолугуп сүйлөшкүм келет.
«МЕН ЭМЕСМИН ДЕП КОЙДУ»
Бул айымдын улуу кызы да өз алдынча сиңдисинин апасы тууралуу маалымат издеп көргөн.
– Мен ата-энемдин улуу эгиз кыздарынын биримин. Сиңдимди багып алган убакта 7-класста окучумун. Бул окуяны анча-мынча болсо да билем. Жакын арада социалдык тармактардан ал аялды издеп көрдүк. Бирөөнү таптык, издеп жүргөн аялга анын аты-жөнү да, жашы да туура келди, келбети да сиңдиме аябай окшош экен. Ага окуя тууралуу жазып койгон элек, бирок ал «мен эмесмин. Мындай ат менен көп адамдар бар» деп жооп жазды. Кийин карасак ал өзүн социалдык тармактардан өчүрүп салыптыр. Анан ошол эле аял болсо керек деп калдык. Биз медайым болуп иштеген аялды да издеп жатабыз, мүмкүн, ал билет чыгар.
Сиз качандыр бир кездеги жакын адамыңызды издеп, бирок таппай жүргөн болсоңуз, анда Главпочтамт, а/я 2031 дарегине же koom@super.kg электрондук почтасына кат жазыңыз.
Эскертүү! Катта маалымат берген адамдын дареги же телефон номери так көрсөтүлүүгө тийиш.
Байланыш телефону: (0312) 32-33-28