ИТ ЖЫЛЫ, КОШ КЕЛ!

Тоок жылы бийлик кылган мезгил аяктап, 2018-жылды Ит жылы башкарганы турат. Жаңырган жылды кантип тосуп алып, жыл кожоюнун таарынтып албаш үчүн эмне кылуу керек, макалага көз салыңыз.

Жаңы жылды жакшы маанай менен тосуп алыңыз

ТООК ЖЫЛЫН УЗАТУУ
Жыл алмашкан маал тазаруунун, жаңылануунун убактысы эмеспи. Бирок жаңы жылга басым жасай берип, өтүп бараткан жылды таарынтып албай, татыктуу узатуу керек. Бул жылы эмне ийгиликтерге жеттиңиз тизмелеп эстеп чыгыңыз: балким, баалуу белек же машина алдыңыз. Окууга өттүңүз, жумушка орноштуңуз же балалуу болдуңуз, келин алдыңыз жана башка. Тизмектеп чыккан соң өтүп бараткан жылга ыраазычылыгыңызды билдириңиз. Келеркиде аманчылыкта жолугушканга чейин деп коштошуңуз.

ЖАСАЛГАЛОО
Үйдү жасалгалоодо жыгач буюмдарга, иттин формасындагы же анын сүрөтү түшүрүлгөн буюм-тайымдарга басым жасаңыз. Ит жарыкты жакшы көрөт, андыктан бөлмөнү сары түстөгү декоративдик лампалар, свеча, гирляндалар менен кооздоңуз.
Өтө жалтырак нерселерди жактырбайт, андыктан бөлмөнү, балатыны кооздоодо мишура колдонбоңуз. Оюнчуктар негизги үч өңдө болушу шарт: кызгылт сары, күмүш жана сары түстө.
Сары ит жылы болгондуктан сары (сары өң – үй-бүлөгө тынчтык, кубаныч алып келип, стресс, депрессиядан арылтат делет), күрөң (күрөң – ийгилик, токчулуктун өңү) өңдөгү кийимдерди кийиңиз. Кызыл, көк, леопард сыяктуу темгил түстөгү өңдөр иттин кыжырына тиет, андыктан мындай өңдөгү кийимдерди кийбей эле койгон туура.
Ит табигый нерселерди жактырат, андыктан бижутерия эмес, алтын, күмүштөн асем буюмдарды тагыныңыз.


ИЙГИЛИК, БАЙЛЫК ЧАКЫРЫҢЫЗ
2018-жылдын кожоюну ит жөнөкөй, акылдуу, боорукер, ошол эле учурда ак-караны талдай билген жаныбар. Эгер анын ачуусун келтирбейин десеңиз, аласа-бересе маселелерин жоюңуз. Жаңы жылга негативдүү энергияны сүйрөй кирбей, кимдир бирөөнү таарынтсаңыз кечирим сурап, бири-бирине таарынып жүргөн адамдарды жараштырыңыз.
Жаңы жыл түнү жаңы кийим кийип, чөнтөгүнө чоңураак суммадагы акча салып коюңуз. Андан сырткары жакшы көргөн сумка, шым жана башка кийимдериңиздин чөнтөгүнө да акча салганды унутпаңыз. Бул ырымдар келерки жылы каржы тартыштыгы болбой, кылган ишиңизди ийгилик коштоосу үчүн колдонулат.
Жаңы жыл түнү 12ни күтө берип зеригип карта ойной калгандан алыс болуңуз. Жылы бою азгырыктарга азгырылып, алданып калуу коркунучу бар.
“Ага тийишпе, Жаңы жыл түнү жейбиз!” Бул туура эмес эреже. Бардык даамдуу тамак-аштар Жаңы жыл түнү гана дасторконго коюлса, келерки жылы да бир гана күн дасторкон толо тамак-аш болуп, калган күндөрү жупуну меню менен күн кечирип калышыңыз мүмкүн. Андыктан Жаңы жыл алдынан 3 күн мурун, кийин 3 күн дасторконду кенен жайыңыз.
12ге бир мүнөт калганда колуңузга шампан куюлган бокалды алып, ичиңизден 12 каалоо-тилекти так айтканга жетишиңиз да, 12:00 болгондо шампанды ичип жибериңиз. Бул аралыкта айтылган каалоо-тилектер эртерээк орундалат деген ишеним бар.


СҮЙҮҮ ЧАКЫРЫҢЫЗ
Жыл кожоюну үчүн үй-бүлө баалуулуктары биринчи орунда. Ит жылында баш кошуп, өз мамлекетин түптөйм дегендерди ийгилик коштойт. Ушул жылы түгөйүмдү табайын деген бойдоктор алтын шакекке кызыл жип өткөрүп, балатынын бир бутагына илип коюусу керек.
Сынык, кетик идиштер үйдөгү чыр-чатактын булагы деген ишеним бар, андыктан Жаңы жыл алдында ашканага баш багып, сынык, кетик идиштерди таштандыга ыргытыңыз. Андан сырткары эски кийим-кечелерди, ашыкча буюм-тайымдарды муктаж адамдарга берип же өрттөп жибериңиз.
Шампандан сырткары 12де таттуу азыктарды жесе, үй-бүлөдө жакшылыктар көп болот делет.

ЭСКЕ АЛЫҢЫЗ!
Жаңы жыл түнү корооңузда байланып жаткан итиңизди бошотуп, ага ыраазычылык сөздөрүн айтып, жакшы тамак-аштарды таза идишке куюп бериңиз.
Иттин биринчи душманы мышык эмеспи, андыктан дасторкон жайылып, үй-бүлө мүчөлөрү чогулуп Жаңы жылды тосордо мышыкты башка бөлмөгө кетириңиз.

1-ЯНВАРДА...
Жылы бою үй-бүлөдө ынтымак, бактылуу жашоо өкүм сүрсүн десеңиз, жаңырган жылдын таңын жакшы маанай менен тосуп алыңыз. Жакындарыңыз менен кучакташып, беттеринен бекем өбүңүз.
Жылды түйшүктөнүп оокат кылып жатып өткөрүп жибербейин десеңиз, 1-январда оор жумуш кылбаңыз, тытынып үй жыйнабаңыз.
Жакындарыңыз менен жылы бою жакшы мамиледе болом десеңиз, 1-январда алардын үйүн кыдырып, жакшы каалоо-тилектериңизди айтып келиңиз.


Асыл Орозбекова
kenesh@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (1)
Aitun
2018-01-02 17:29:24
Олсун мен уй жыйнап полду жалтыратып ваннаны олло жудумго. Эч жака барган жокмун. Жараткан Аллахым ырыскысын берерин унутбасын.
+3
№ 791, 28-декабрь-5-январь 2018-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан