2018-ЖЫЛЫ БИЗДИ ЭМНЕЛЕР КҮТӨТ?

Тоок жылы Ит жылына орун бошотту. Жаңырган жыл дүйнөгө, анын ичинде Кыргызстанга эмнелерди алып келип, эмнелери менен сүйүндүрөт жана кооптондурат? Астрологдор менен саясат талдоочулардын божомолдоруна көз жүгүртөлү.


КЫРГЫЗСТАНДА

Коомдо
Жанар Кадыралиев, астролог:
“ИТ ЖЫЛЫНДА КЫЗ БАЛДАР КӨП ТӨРӨЛӨТ”
– 2018-жылды Венера планетасы башкарат. Венера – бул сулуулуктун, кирешенин, жаңылануунун планетасы. Андыктан адамдар сырткы келбетине көп көңүл буруулары керек. Айрыкча аялзаты аялдык сапатын арттырып, шым кийбей, көйнөк, юбка кийип жүрүүлөрү талапка ылайык. Бул жакындарга да жагымдуу маанай тартуулайт. Эркектер да сылык-сыпаа мүнөз күтүүлөрү шарт.
Венера аял сыпатындагы планетага киргендиктен бул жылы кыздардын көп төрөлүүсү күтүлөт. Жарыкка келген балдардын 60 пайызын кыздар, 40 пайызын эркек балдар түзмөкчү. Ал эми төрөлгөн эркек балдардын басымдуу бөлүгү назик, жумшак мүнөзгө ээ болушат.
Планеталардын кыймылына, жайгашуусуна карасак, былтыркыдай начар көрүнүш, чыңалуу абалы жок, жакшы энергетика тартуулап турушат. Андыктан Ит жылы кыргыз эли үчүн өткөн жылга салыштырмалуу жакшы болот деп айтууга негиз бар.
1-августтан 22-сентябрга чейин көпчүлүктү ар тармактан ийгиликтер коштойт, өзгөчө маданият, искусство адамдарын жетишкендиктер күтөт.
Ар тараптан боло турган кыйынчылыктар, оор күндөр 24-октябрдан 22-ноябрга чейинки убактарга туш келиши мүмкүн.
2017-жылдын 31-декабрынан 2018-жылдын 5-январына чейин терс таасир этчү планеталардын биринин (Марс, Уран, Сатурн, Плутон) Кыргызстандын сезгич чекитине тийгизген таасиринен улам жаратылыш кырсыктары, төмөнкү баллдагы жер силкинүүлөр болушу мүмкүн. Эң орчундуусу 2-3-январга туура келет. Бирок өтө кабатыр болуунун кереги жок.


Саясатта, экономикада
Бакыт Бакетаев, саясат талдоочу:
“КОҢШУ МАМЛЕКЕТТЕР МЕНЕН АЛАКАБЫЗ ЖАКШЫРАТ”
– 2018-жылы Кыргызстан үчүн ийгиликтүү жылдардан болот. Буюрса, жазында парламенттик шайлоо өтүп, Жогорку Кеңеш алмашат. Президент, премьер-министр ордунда калат. Анча-мынча нааразычылыктар орун алганы менен, элдин жашоосу оңолот. Коррупцияга каршы күрөш күчөйт. Бюджеттин кирешеси буга чейинкиден бир аз көтөрүлөт. Өзбекстан, Казакстан, Орусия жана Кытай менен алака жакшырып, жаңы завод, ГЭСтер курула баштайт. Мындан улам жумуш орундары түзүлүп, чет жерде жүргөн мекендештерибиздин үчтөн бир бөлүгү мекенибизге кайтат. Түндүк-түштүктү байланыштырган кошумча жол бүтүп, пайдаланууга берилет. Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолунун курулушу боюнча келишимге кол коюлат. Талаш-тартыш маселени жаратып келе жаткан “Кумтөр” кени өз ишин уланта берет. Камакка алынган саясатчылардын ичинен Садыр Жапаров акталып чыгат.



ДҮЙНӨДӨ

Ванга, болгариялык көзү ачык:
“НЕФТЬ ӨНДҮРҮҮ БАСАҢДАЙТ”
Ванганын айткан божомолдорун www.kp.ua сайты чечмелеп жазып чыкты.
– Кытай эң күчтүү державага айланат. Сирия масштабдуу согуштук чыр-чатактын чордонунда калат. Эгер өз күчүн жоготсо Үчүнчү дүйнөлүк согуш башталышы мүмкүн. Илим-техника тармагы аябай өнүгүп, поезддер Күнгө чейин учууга жетишет. Нефть өндүрүү басаңдап, планета эс алат. Мындан улам Орусиянын экономикасы солгундайт. Украина менен Орусиянын мамилеси жакшырат.


Ротшильд финансисттер династиясынын божомолу: “ВЛАДИМИР ПУТИН БИЙЛИКТИ САКТАП КАЛАТ”
Ротшильд финансисттер династиясынын 2018-жылга карата сүрөт-божомолу “Экономист” журналынын башкы бетине басылып чыккан. Аны Орусиядагы илим-изилдөө институтунун негиздөөчүсү Юрий жана аталган жайдын президенти Илья Белоустер чечмелешти. Чечмелөөгө токтолсок:

Саясатта.
Владимир Путин бийликти сактап калат. Лидерлердин арасынан Кубанын мамлекеттик кеңешинин төрагасы Рауль Кастро, Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаев бийликтен кетет. Сауд Арабиянын падышасы Салман ибн Абдул-Азиз Аль Сауд тактыны уулу Мухаммадга өткөрүп берет.

Экономикада.
Дүйнөлүк экономика 2,7 пайызга өсөт. АКШ, Европа жана Орусиянын экономикасынын жакшырганына карабай Кытайдын экономикасынын өсүү динамикасы төмөндөйт. Кризис болбойт. Дүйнөдө аскердик коргонуу күч алат.

Коомдо. 2018-жылы 11-декабрда Виртанена кометасы Жерге жакындайт. Бирок кагылышуу болбойт.


Павел Глоба, орусиялык экстрасенс, астролог: “АКШДА БИЙЛИК АЛМАШЫШЫ МҮМКҮН”
– АКШ лидерликтен тайып, өлкөдө бийлик алмашуу, массалык баш аламандыктар орун алышы мүмкүн. Евросоюзга кирген айрым өлкөлөрдү да жакшы тагдыр күтпөйт. Мисалы, Португалия Грециянын тагдырын кайталайт жана банкротко учурайт.
Орусиянын экономикасында өтө маанилүү өзгөрүүлөр байкалбайт. Нефть, газ секторунан улам валюта курсунда туруктуулук сакталат. 2018-жылы Орусияда боло турган президенттик шайлоодо өлкө башына 55 жаштагы адамдын келиши күтүлүүдө. Мамлекет менен НАТОнун ортосунда конфронтация жаралат. Өлкөдө өрт кырсыктары көп катталат, негизги коркунуч Сибирь тарапта.


ӨТКӨН ЖЫЛЫ АЙТЫЛГАН БОЖОМОЛДОРДУН ДАЛ КЕЛГЕНДЕРИ
Божомол:
“Февраль-март табигый кырсык, митинг, саясий маселелердин курчушуна жана саясий өзгөрүүлөргө жакын ай...”
Факт: 25-февралда Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасы тарабынан "Ата Мекен" фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаевге "коррупция" жана "алдамчылык" беренелери боюнча кылмыш иши козголуп, ошол эле күнү УКМКнын Тергөө башкармалыгына өткөрүлүп берилген. 26-февралда козголгон кылмыш ишинин алкагында Текебаев менен Чотонов кармалган.
25-мартта Садыр Жапаров Кыргыз-Казак чек арасынан кармалып, камакка алынган. Ага "бейбаштык", "бийлик өкүлүнө карата зордук-зомбулук көрсөтүү", "барымтага алуу" жана башка беренелер боюнча айып тагылган. Ошол эле күнү УКМКнын алдындагы Садыр Жапаровду колдоо митингинде жалпы 105 адам кармалып, Биринчи Май райондук ички иштер башкармалыгына жеткирилген. Алардын ичинен 64 адам 2 суткадан 5 суткага чейин убактылуу кармоочу жайга киргизилген.
Божомол: “2017-жылы жаңы президентти шайлайбыз. Мамлекет башчы Алмазбек Атамбаев бийлигин тынчтык жолу менен өткөрүп берет. Президенттикке 50дөн ашык адам өз талапкерлигин коёт. Алардын арасында Өмүрбек Бабанов, Өмүрбек Текебаев, Бакыт Төрөбаев, Темир Сариев, Сооронбай Жээнбековдун мүмкүнчүлүгү жогору...”

Факт: 2017-жылы 15-октябрда Кыргызстанда президенттик шайлоо өтүп, жыйынтыгында Сооронбай Жээнбеков 54,22 пайыз добуш менен атаандаштарынан озуп чыкты. Бул жолу президенттик шайлоого жалпысынан 59 талапкер өз талапкерлигин көрсөткөн.
Божомол: “Кыш, жаз, жайында Чүй, Ош, Жалал-Абад облустарында майда жер титирөөлөр күтүлөт...”
Факт: 3-май жана 5-май күндөрү Кыргыз-Тажик чек арасында күчү 7 баллга чейин жеткен бир канча жер титирөө катталып, миңге жакын турак жай жабыркаган.
Божомол: “Өкмөт алмашат...”
Факт: 25-августта Жогорку Кеңештин депутаттары 97 добуш менен Сапар Исаков жетектеген өкмөттү шайлашкан. Жаңы өкмөттүн жетекчисин жана мүчөлөрүн кызматка дайындоо боюнча президент Алмазбек Атамбаев 26-августта буйруктарды чыгарган.
Божомол: “Чек арадан кирип-чыгуу мурдагыдан да катуу көзөмөлдөнөт...”
Факт: 10-октябрдан 2-декабрга чейин Казакстан чек арадагы көзөмөлүн күчөтүп, Кыргыз-Казак чек арасынан өтүү кыйындаган.



Дамира Арстанова
koom@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (5)
bars_wire
2018-01-02 11:51:07
Баары эле кудай болуп кетишиптирго
+4
Batma08
2018-01-02 13:42:04
bars_wire,ошону айтсан..
+1
Ruster0525
2018-01-03 00:30:53
Мандайга жазганын коробуз...газетага емес
0
ilgizk
2018-01-04 13:51:29
Көзү ачыктарга ишенбеш керек
+1
MIRAN
2018-01-04 14:50:55
Аллах эмнени жазса коробуз супер инфо же Ванга эмес
+3
№ 791, 28-декабрь-5-январь 2018-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан