Ош облусундагы Алай районунун Жаңы-Турмуш айылында 4 бөлмөлүү чакан үйдө 11 адам жашайт. 56 жаштагы Токтокан Маматованын 4 баласынын экөөсү өзүн тартып тубаса майып төрөлүшкөн. Бул эле эмес, келини, небересинин да буттары кыйшык төрөлгөн.
«4 ЖЫЛДАН БЕРИ ЖАТЫП КАЛДЫМ»
Токтокан Маматова ден соолугу тууралуу ойлонбой деле калган. Ал көп адам бир үйдө тыгылбай, балдары өзүнчө бөлүнүп, ар бири өз үй-бүлөсү менен жашаган күндү көрүүнү кыялданат:
– Төрөлгөндөн тарта майыпмын, бутум кыйшык болуп басканда кыйналчумун. Бул оору мага атамдан өткөн. Кийин бутума операция жасатып, жакшы болгондо турмушка чыккам. Жолдошум экөөбүз 3 уул, 1 кыздуу болдук. Улуу уулум менен кызым оорукчан төрөлүштү. Жолдошум кайтыш болгон. Кызым турмушка чыккан, өзүнчө жашайт. 3 уулум, 2 келиним, 5 неберем болуп ушул 4 бөлмөлүү чакан үйдө күн кечирип келебиз. Мындан 4 жыл мурун жүлүндөн грыжа болгом. Белимден ылдый кыймылдабай калып, төшөккө жатып калдым. Врачтар «мындай грыжага операция жасаш кыйын» дешти. Башка өлкөдө жасатса болот. Бирок ага биздин дараметибиз жетмек беле?.. Экинчи уулум келиним менен мени, неберелеримди карап үйдө отурушат, эч жакка чыга алышпайт. Бирок мен ден соолугумду ойлобой деле калгам. Ойлондурганы – уулдарымдын үйлүү болуусу. Балдарымдын, неберелеримдин келечеги жанымды кейитет.
«КЫЗЫМДЫН ӨМҮР БОЮ ООРУКЧАН БОЛУШУН КААЛАБАЙМ»
Токтокан Маматованын улуу уулу Чубак Эсенкулов, 34 жашта. Ал келинчеги экөө бул үй-бүлөнүн киреше алып келүүчүлөрү. Жубайлар Гүлчө шаарындагы кафелердин биринде иштешет. «Тапканыбыздын жарымы жол акысына кетет» деп кейиген каарманым буларга токтолду:
– Жубайым жана 2 балам бар. Карындашым экөөбүз апамды тартып бутубуз кыйшык төрөлгөнбүз. Өмүрлүк жарымдын да, 7 жашар кызымдын да буттары кыйшык. Уулум 4 жашта. Анын буту түз болгону менен, тили чыга элек. Мунусуна да шүгүр деп, сүйлөп каларына үмүт кылып күтүп жатабыз. Үмүт кылгандан башка аргабыз деле жок. Врачка барып көрүнгөнгө эмес, азык-түлүк алганга акчабыз тартыш. Баарыбыз баскандан кыйналабыз, көп бассак, оор көтөрсөк, өйдө чыгып, ылдый түшкөндө бутубуз ооруйт, чуркай албайбыз. Мен 8 жыл мурда Бишкекке барып ортопед Сабырбек Жумабековго операция жасатып, бутумду түздөткөм. Темирдин акчасын гана төлөгөнбүз, операцияны ал киши бекер жасап берген. Кийин профессор мага 2 жолу телефон чалып, темирди алдырып кетүүмдү айткан. Бишкекке барганга каражат жок ошол темир салынган бойдон жүрөм. Бутум суукта какшап ооруйт. Темирдин үстүнө эт бүтүп калса керек. Жубайым да кичине кезинде баса албачу экен. Бутуна операция жасаткандан кийин басып калыптыр. Бирок баары бир буту ооруйт, 3-топтогу майып.
Кызымды бул жактагы эле ооруканага алып барып, бутуна массаж жасаткам. Операция жасатуу тууралуу ойлонууга да алыбыз жете элек. Бирок операция жасатуу зарыл. Кызымдын өмүр бою оорукчан болуп өтүшүн каалабайм. Ал да башка кыздарга окшоп кенен ойноп, кенен басып, өзүнүн келечегин курууга мүмкүнчүлүгү болушун тиленем. Каражат болгондо Сабырбек агага кызыбызды алып барып, бутуна операция жасатмакпыз.
«КҮНҮНӨ 300-400 СОМ ТАПСАК, АНЫН 200Ү ЖОЛ КИРЕГЕ КЕТЕТ»
– Апам биринчи топтогу майып. Кыймылдай албагандыгына байланыштуу памперс керектелет. Алган 3400 сом жөлөк пулу памперсине да жетпей калат. Мен 2800, жубайым 2300, кызым 3400 сом жөлөк пул алабыз. Мындан тышкары, келинчегим экөөбүз Гүлчө шаарына барып-келип иштейбиз. Келинчегим кафеде идиш жууп, күнүнө 200 сом табат. Мен болсо ошол кафенин ээсине жардам берип, ар кандай майда-чүйдө жумуштарын жасап берип күнүнө 100-300 сомдой алам. Бирок тапканыбыздын 200 сому барып келген жол киребизге эле кетет. Калган акча нан, бир аз азык-түлүк алганда эле түгөнөт. Албетте, мен деле көбүрөөк айлык алып иштегим келет. Дүкөндө соода кылып иштөө мага ыңгайлуу болмок деп ойлойм. Мүмкүнчүлүгүм чектелгендиктен элге окшоп бардык жумушка иштей албайм. Буту-колубуз соо болгондо дыйканчылык кылып же мал багып иштемекпиз. 36 сотых жерибиз бар, анын бир бурчуна эле картошка айдайбыз. Калганын иштеткенге каражатыбыз да, күчүбүз да жетпейт. Биздин да ден соолугубуз чың болуп, эл катары жашап, иштегибиз келет. Жардам берем деген кимдир бирөө табылып, бизге операция жасатууга көмөк көрсөтсө жакшы болмок.
Үй салып, өзүнчө бөлүнүп жашоого да шартыбыз жол бербей келет. Айыл өкмөткө үй салуу үчүн жер тилкесин берүүсүн суранып кайрылганыбызда, «жер жок» деп жооп беришкен. Азыр келечекте кандай жашоо күткөнү биз үчүн бүдөмүк. Келе жаткан Жаңы жыл майрамында балдарыбызга элдин балдарындай жогорку деңгээлдеги маанай тартуулай албасак да, колубуздан келишинче жакшы тамактарды жасап өткөрөлү деп аракет кылып жатабыз.
«АПАМДЫ КҮНДҮЗ МЕН, ТҮНДӨ ЖОЛДОШУМ КАРАЙТ»
26 жаштагы Айпери Манас кызы Токтокан апанын экинчи баласынын аялы. Ал бул үйгө 6 жыл мурда келин болуп келген. 5 баланы, төшөктөгү кайненесин кароо Айперинин жумушу:
– Үйдө 11 адам жашайбыз. Жөлөк пулдар менен жан багып келебиз. Апамды карап жолдошум экөөбүз үйдөн чыга албайбыз. Экөөлөп карабасак, жалгыз мен жетишпей калам. Апамды күндүз мен карасам, түндө жолдошум карайт. Памперсин алмаштырып, отургузуп, ары-бери оодарып турабыз. Өзүмдүн 3 балам, кайнагамдын 2 баласын карап, кирин жууп, тамагын берип, сабакка жөнөтөм, колум бошобойт. Албетте, оор болот. Үйдөн чыга албайм. Мүмкүнчүлүк болгондо мен да иштеп акча тапмакмын. Алдыда баары жакшы болот деген үмүт менен эле колубуздан келген аракетти кылып жашап жатабыз.
Перизат Музуратбекова
koom@super.kg