САК БОЛУҢУЗ! МЭРИЯНЫН КЫЗМАТКЕРИМИН ДЕГЕН ШЫЛУУН ПАЙДА БОЛДУ

Жакында эле өзүн мэрия кызматкери катары тааныштырып, ырчыларды, тамадаларды телефон аркылуу «Мэриянын жаңы жылдык кечесине» чакырып алдаган шылуун пайда болду. «Мэрия кызматкеринин» мындай телефон чалууларынан бир гана маданият өкүлдөрү эмес, карапайым адамдар да жапа чеккенин билдик.

ШЫЛУУНДАРДЫН ШЫЛТООСУ «БИШКЕК МЭРИЯСЫНЫН ЖАҢЫ ЖЫЛДЫК КЕЧЕСИ» БОЛГОН
Эмесе, сөз башынан болсун. Ушул жуманын башында өзүн Бишкек шаардык мэриясынын кызматкери катары тааныштырган жигит бир нече ырчыларга жана тамадаларга чалган. Ал маданият өкүлдөрүнө 27-декабрь күнү «Ала-Арча» мамлекеттик резиденциясында өтчү Бишкек шаардык мэриясынын жаңы жылдык кечеси тууралуу айтып, айрымдарын алдап, акча алууга жетишкен. Биз алардын айрымдарына байланышып, окуя тууралуу сурадык.

Анарбек Абазбеков, тамада:
– 23-декабрь күнү мага "мэрия кызматкеримин" деген бир жигит телефон чалып, 27-декабрь күнү «Ала-Арча» мамлекеттик резиденциясында өтчү Бишкек шаардык мэриясынын жаңы жылдык кечесин алып барып берүүмдү суранды. Экөөбүз телефон аркылуу макулдаштык. Белгилүү ырчыларды да таап берүүмдү суранганынан ырчылардын макулдугу менен номерлерин берип койгом. 27-декабрь күнү телефон чалсам ал албай, кийинчерээк номери өчүп калды. Ал жигит тууралуу сураштырсам, менден башка да көп тамадаларды, ырчыларды алдап кетиптир. Башка тамадаларга деле ушул сунушту айткан экен. Кээ бир ырчыларга «Мэриядан сыйлык тапшырабыз, "Эмгек сиңирген артист" наамын алып беребиз» деп акча алыптыр.

Сонунбү Кадырова, ырчы, теле алып баруучу:
– 26-декабрь күнү Улан деген бир жигит чалып «Мен Бишкек шаардык мэрияда иштейм, сизди «Эмгек сиңирген артист» деген наамга сунуштап, алып берели деп жатабыз. Сыйлык 27-декабрда мэриянын жаңы жылдык корпоративинде тапшырылат» деди. Өкмөт эмгегибизди баалап, өздөрү издеп таап, сыйлык берип жатышкан тура деп кубандым. Атүгүл «сыйлык алат экем» деп досторума да сүйүнчүлөп жибергем (күлүп). Эртеси дагы чалып «Эже, буга чейинки алган сыйлыктарыңызды чогултуп коюңуз, документ иштерине керек болот. Сизден башка адамдар да сыйлык алышат, алардын бири композитор Райхан Бейшеналиева. Менин кол алдымдагы жигиттер алардын документин чогултуп жүрүшөт. Сиз сыйлыктарыңызды бир баштыкка салып, 2-3 миң сом акча кошуп берип жиберсеңиз жакшы болот эле. 5 миң сом болсо андан да жакшы болмок. Жетекчилериме билдирбей эле коюңуз, тиги чуркаган балдарды бир аз ыраазы кылып коёюн» дегенинен ишенип, Райханга чалдым. Тиги жигит ага да чалып сыйлык берерин айтыптыр. Ошондо чын эле окшойт деп ойлодум. Наам алып жатканда майдаланбайынчы деп жаман оюм жок 5 миң сомду жана 10 чакты сыйлыгымды ал жигит жиберген таксиден берип жибергем. Эртеси телефонуна чалсам «мындай номер жок» деп калды. Көрсө, тигилер сыйлыктарымды Райхандын үйүнө таштап, андан да 500 сом алып кетишиптир. Дагы бир тамаданын 2 аккордеонун «колум бошобой жатат, Райхан эженикине таштап коюңуз» деп ал жакка таштаттырып, анан өздөрү алып кетишиптир. Ал тамада укук коргоо кызматкерлерине кайрылды.

Нурмат Садыров, ырчы:
– Мага 26-декабрь күнү 1 жигит телефон чалып, 27-декабрда «Ала-Арча» мамлекеттик резиденциясында Бишкек шаардык мэриясынын жаңы жылдык кечеси болорун, ал жакта ырдап берүүмдү айтты. Өзүн мэрия кызматчысы катары тааныштырып, «сизге «Эмгек сиңирген артист» наамын алып бергени жатабыз» деди. Башында ишенип, макул болгом. 2-3 сааттан кийин кайра чалып 2 аккордеон керек болуп жатканын айтып, «аккордеончу тааныштарыңыз менен сүйлөшүп бериңиз» деп калды. Кечки саат 9да да чалганынан ишенбей, «өзүңүз таап алыңыз» дедим.
Андан соң Бишкек ШИИББинин басма сөз кызматкери Адыл Оморовго байланышып, «Мэрия кызматкери» тууралуу төмөнкүдөй маалымат алдык:
– Бул окуя боюнча тактоо иштери жүргүзүлөт. Мурда өзүн «Бишкек мэриясынын кызматкери» деп тааныштырган адам ооруканада жаткан баланын ата-энесине чалып «Уулуңузду мэрия тарабынан Германияга, Казакстанга дарыланганга жиберебиз. Алып кете турган кишиге бир аз акча керек, акчаны салып жибериңиз» деп алдаганы тууралуу 1 факт катталган.
Шылуундар ар кайсы окуяны айтып, өз курмандыктарынын «алсыз» жактарын пайдалангысы келет эмеспи. Айтарыбыз, ар бир окурман өзүнө сак болуп, «Мэрия кызматкери» телефон чалса сөзсүз тактап алуу туура.


Асхат Субанбеков
star@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (5)
Asalim-99
2018-01-02 13:11:48
Uwunday adamdar da bar ekenda, Allahtyn kaarynan korkpogon kanday adam...
+5
Eli.91
2018-01-02 15:50:01
Мындай нерселерди жасоо бир гана турмодо отуруп чыккандардын колунан келет.
+6
mmiram
2018-01-02 21:10:10
Башкасы го мейли Нурмат кантип ишенди эл артисттин аларына кулкум келди
+12
Kg.arts.
2018-01-03 08:51:07
Наам десе эле артисттер эт бетинен кетип ишенип алышты да.
+4
Targarien
2018-01-03 23:31:40
Итине да битине да наам берсе бурголор да ишенет да :)
+6
№ 791, 28-декабрь-5-январь 2018-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан