ЭЛЕКТР ЭНЕРГИЯСЫ КЫМБАТТАЙБЫ?

Быйыл өлкөдө электр энергиясына жаңы тариф киргизилиши мүмкүн. Улуттук энергетикалык холдингдин төрагасы Айбек Калиев "энергетикадагы кризисти тарифти көтөрүү менен гана чечүүгө мүмкүн" дейт. Электр энергиясынын баасын көтөрүү өлкөнү бир ирет революцияга жеткирген. Ошол Апрель революциясында бийликке келген Убактылуу Өкмөт тарифти жогорулатуу натуура экендигин, биринчи кезекте бул тармактагы коррупциялык схемаларды жоюу зарылдыгын, уурдоолорду токтотуу керектигин айтып келген. Бул иштер аткарылдыбы? Аталган демилгенин күнгөй-тескейин иликтеп көрдүк.


ТАРИФ ТАРЖЫМАЛЫ...
Жакында «Электр станциялары» жана «Кыргызстан улуттук электр тармактары» ишканалары акча тартыштыгынан улам эл аралык каржы уюмдарынан алынган карыздарды төлөө мөөнөтүн узартып берүүнү сунуштап, Жогорку Кеңеш колдоду. Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасы Уланбек Рыскуловдун айтымында, ГЭСтердеги оңдоп-түзөө иштерине байланыштуу насыяларды төлөөнү кечиктирип туруу зарыл.
Улуттук энергетикалык холдингдин төрагасы Айбек Калиев электр энергиясын өндүрүү, ташуу жана таратуу чыгымдары көп болуп жатканын айтууда. Калиев да буга чейинки бийликтер айтып келген кепти айтып, энергетикалык кризистен чыгуунун бирден-бир жолу тарифти көтөрүү дейт. Жогорку Кеңештин айрым депутаттары энергетика тармагына деп алынган насыялар натыйжасыз сарпталып жатат деп сындашты. Эксперттердин айтымында, бул тармакта миллиарддаган сомду чапчыган коррупциялык бекем систем түзүлгөн. Анын кесепети тариф саясатына тийип жатат.
Учурда электр энергиясынын 1 киловатт-сааты(кВт/саат) элге 77 тыйындан сатылат. Ал эми 700 кВт/сааттан ашык колдонгондор үчүн 2 сом 16 тыйындан эсептелинет. Өндүрүш ишканаларына 2 сом 24 тыйындык тариф иштейт.
Электр энергиясынын тариф саясаты кантип жүргүзүлөт, өздүк баасы канча, коңшу өлкөлөргө канчадан сатылат, тармактагы кризисти кантип жойсо болот, карыздан кутулуунун кандай жолдору бар? Ушул сыяктуу суроолорго тийиштүү тараптардан жооп алдык.

«ЭКСПОРТ БААСЫ СҮЙЛӨШҮҮНҮН НЕГИЗИНДЕ ТАКТАЛАТ»
Кыргыз өкмөтүнүн Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин пландоо жана прогноздоо бөлүмүнүн башчысы Мирбек Эсенгулов ГЭСтердеги суунун көлөмү жана электр энергиясынын экспорттогу баасы тууралуу айтып берди:
– Өлкөнү электр-энергиясы менен 94 пайыз ГЭС, 6 пайыз ЖЭБ камсыздайт. Эң кубаттуу ГЭСтерибиз Токтогул, Күрп-Сай, Таш-Көмүр, Шамалды-Сай болуп эсептелинет. Аталган ГЭСтерге барчу суу Токтогул суу сактагычында сакталат. Ал 19 миллиард метр кубдан ашык сууга ылайыкташтырылган. 2018-жылдын 8-январына карата Токтогул суу сактагычында 17 миллиард 404 миллион метр куб суу бар. Бул өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 1 миллиард метр кубга көп. Бул 2018-жылга пландалган электр энергиясын өндүрүүгө жетет. Быйыл кар аз жаап жатат. Мунун зыяны 2019-жылга билиниши мүмкүн. Кыргыз тарап Өзбекстанга 2017-жылдын декабрынан 2018-жылдын март айына чейин 550 миллион кВт/саат электр энергиясын экспорттоону пландады. Өзбекстанга электр энергиясынын 1 кВт/сааты келишимге ылайык 2,4 центтен (учурда 1 сом 65 тыйын) сатылууда. Экспорттун баасы сүйлөшүүнүн негизинде такталат. Буга чейин Казакстанга да экспорттогон учурлар болгон. Эгер CASA-1000 долбоору ишке ашса Ооганстан менен Пакистанга электр энергиясын экспорттоо пландалууда.

«ЭЛЕКТР ЭНЕРГИЯСЫ ГЭСТЕРДЕН ОРТОЧО 11,68 ТЫЙЫНДАН ЧЫГАТ»
Өкмөткө караштуу отун-энергетикалык комплексин жөнгө салуу боюнча мамлекеттик агенттиктин директору Таалайбек Нурбашевдин айтымында, 2017-жылы 1 кВт/саат электр энергиясы 1 сом 69 тыйынды түзгөн.
– Кыргыз өлкөсүнөн иштелип чыккан бардык электр энергиясынын 65,1%ын калк керектейт, алардын 80,3%ы 77,0 тыйын тарифи боюнча төлөшөт. 169,10 тыйын менен 77,0 тыйындын айырмасы 92,1 тыйынды түзөт. Аталган айырма тарифтер арасындагы кайчылаш субсидиялоо аркылуу 216 жана 224 тыйын тарифтери менен жабылат. Акыркы керектөөчүлөрдүн 29,8%ы гана аталган тарифтер менен төлөгөндүктөн, киреше тартыштыкты жаппайт. 2017-жылдын жыйынтыгы боюнча 1787,2 млн. сом тартыштык күтүлүүдө.
2016-жылдын жыйынтыгы боюнча 1 кВт/саат электр энергиясын иштеп чыгаруунун наркы «Электр станциялары» ААКсында орточо 51,51 тыйынды түздү. ГЭСтен орточо 11,68 тыйын жана ЖЭБден 2 сом 59 тыйындан чыгууда. Бардык бөлүштүрүүчү компаниялар электр энергиясын «Электр станциялары» ААКсынан (иштеп чыгаруучу компаниядан) сатып алышат, өздөрүнө жеткирилгенге чейин «Кыргызстан Улуттук электр тармагы» ААКсына (жеткирүүчү компания) электр энергиясынын транзити үчүн төлөшөт. 2016-жылы «Түндүк электр» ААКсы боюнча акыркы керектөөчүлөргө электр энергиясынан сатуудан орточо коюлган тариф 1 кВт/саат үчүн 1 сом 47 тыйынды түзсө, алардын 59,04 тыйыны «Электр станциялары» ААКсына электр энергиясын сатып алууга, 16 тыйыны «Кыргызстан Улуттук электр тармагы» ААКсына электр энергиясын ташууга берилип, 71,96 тыйыны «Түндүк электр» ААКсында калат. Учурда 2018-2023 жылдарга электр энергиясына жаңы тариф саясаты иштеп чыгарылууда.

«КАРЫЗДЫ ТӨЛӨӨ ҮЧҮН ТАРИФТИ КӨТӨРҮҮ ГАНА ТУУРА ЭМЕС»
Мурунку энергетика жана өнөр жай министринин орун басары, өлкөнүн өнөр жайына эмгек сиңирген ишмер Райымбек Мамыровдун айтымында, 2014-2017-жылга карата кабыл алынган тариф саясаты өлкөдөгү шайлоолордон улам ишке ашпай калган. Эми ал баанын көтөрүлүшүнө түз таасирин тийгизүүдө:
– Борбор Азия боюнча электр энергиясынын баасы бизде арзан дегенибиз менен бизде айлык акы, пенсия, жөлөк пулдар дагы аз. Бул багытта түшкөн каражат энергетика тармагын өнүктүрүүгө толук жетпей башка мамлекеттерден миллиарддап карыз алып жатабыз. Электр тармагын тейлеген ишканалардын башка мекемелерден айырмасы бар. Алар алган карызды мамлекеттин эсебинен эмес, өздөрүнүн кирешесинин эсебинен төлөп кутулушат. 2017-жылдын аягында энергетика тармагындагы карызды төлөө мөөнөтүн жылдырууну суранышты. Буга тариф саясатынын иштебей калганы себеп болду. 2014-жылы кабыл алынган тариф саясатына ылайык, жыл сайын электр баасын 10 пайыздан көтөрүп туруу каралган болчу. Бирок шайлоо, референдум алдында элди нааразы кылбоо үчүн бийлик тариф маселесин козгобой койду. Электр тармагы үчүн Кытайдан алынган 1 миллиард долларга жакын карызды кайтаруу убактысы келди. Бирок карызды тарифти көтөрүү менен гана төлөш керек деген да туура эмес. Электр тармагындагы ашыкча чыгымдарды азайтып, элдеги карыздарды жыйноо зарыл.

«ЭЛГЕ ЭМЕС, БАЙ КОМПАНИЯЛАРГА ЭКИ ЭСЕ КЫМБАТ САТУУ КЕРЕК»
Электр энергиясы боюнча эксперт Расул Умбеталиевдин билдиришинче, тарифти көтөрүүдөн мурун аталган тармактагы коррупцияны жоюу керек:
– Электр энергиясынын баасы калкка, жеке мекемелерге канчадан болуп жатканы өтө маанилүү. Себеби 2010-жылдагы элдик ыңкылаптын келип чыгышына электр энергиясынын тарифинин көтөрүлүшү да роль ойногон. Азыр да кризисти тарифти көтөрүү менен чечебиз деп жатышат. Бул кайрадан эле коррупцияга жол ачат. Жыл сайын бул тармакта миллиарддар уурдалууда. Коррупция кирешени келемиштей кемирип жатат. Электр тармагын аксатып жаткан бир нече себептер бар. Мисалы, тендерлердин ачык-айкын өтпөй жатышы, дебитордук карыздардын көптүгү жана кадр саясаты. Аталган тармакка бир нече жолдор менен киреше алып келсе болот. Мисалы, Өзбекстанга электр энергиясынын 1 кВт/саатын 1 жарым сомдон эмес, 2 жарым сомдон сатуу жана Бишкектеги жылуулук электр борборуна (ТЭЦ) Казакстандын көмүрүнүн тоннасын 3600 сомдон сатып албастан, өзүбүздүн 3000 сомдук көмүрдү пайдалануу.
Электр жарыгын ташууну 94 пайыз мамлекет моюнуна алган. Мамлекетибиздеги кен казган ишканаларга тарифти эки эсе көтөрсө болот. Себеби алар «бизге электр-энергиясын үзгүлтүксүз берип тургула» деп суранып жатышат. Өкмөт алдыда тарифти жарандар үчүн 10 пайызга, ишканалар үчүн 20 пайызга көтөрүшү мүмкүн.


Бектур Токтоноев
koom@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (1)
kamchatka
2018-01-23 16:36:24
Атанарбаевдин балдары ортодо ортомчу болуп алган бизден арзан алып элге кымбат сатат биз ал жонундо соз кылсак жумуштан алдырып коет деп айткан эркек жокбу аранарда урматтуу электриктер!
+1
№ 794, 19 - 25-январь, 2018-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан