Жабырлануучунун апасы: “УУЛУМ БАССЕЙНГЕ ТҮШҮП ЖАТЫП ОМУРТКАСЫ СЫНЫП КЕТТИ”

25 жаштагы Фархад мындан 2 жыл мурун Бишкек шаарындагы “Ала-Тоо” эс алуу жайынын аквапаркына барып жаракат алган. Аквапарктын горкасына түшүп жатып омурткасы сынган Фархаддын учурда көкүрөгүнөн өйдөсү гана кыймылдайт.


“СУУ ИЧИНЕН ЭЛЕ ДЕНЕМ КЫЙМЫЛДАБАЙ КАЛДЫ”
Кантип омурткасы сынып калганы тууралуу Фархад Сталбек уулу төмөнкүчө айтып берди:
– 2016-жылдын 24-июлу болчу. Жекшемби, дем алыш күн болгондуктан эс алуу үчүн туугандарым менен “Ала-Тоо” аквапаркына барганбыз. Кетерге жакын экинчи кабаттагы горкадан башымды ылдый каратып түшкөм. Сууга кирген соң башым жерге тийип, эч нерсе сезбей калдым. “Тез жардам” аркылуу 4-шаардык ооруканага келдик. Моюнумдун 5-омурткасы сынып кеткен экен, эртеси операция жасалды. Дарыгерлер “жакшы болуп кетет, күткүлө” дешкен. Бирок 2 айдан кийин томографияга тартканда жүлүн дагы деле омурткага кысылып туруптур. Экинчи жолу операция жасалып, моюнума темир коюлду. Бир жыл күттүк, дагы деле жылыш болгон жок. Акыректен ылдый эч нерсени сезбейм. Колумдун өйдө тарабы эч нерсе сезбейт, манжаларым гана бир аз кыймылга келет. Дагы текшерилсем, жаракаттан улам жүлүнүмдө киста пайда болуптур, 3 ай мурун кистаны алдырдык. Эми ошонун натыйжасын күтүп жатабыз. Кырсык болгонго чейин ишкерлик менен алектенип, жогорку окуу жайлардын биринде экономист кесиби боюнча 4-курста сырттан окучумун. Эми анын баары токтоп калды.

“ЧЕТ ӨЛКӨГӨ АЛЫП БАРЫП ДАРЫЛАТСАМ УУЛУМ БУТУНА ТУРУП КЕТЕБИ ДЕП ҮМҮТ КЫЛАМ”
Фархаддын энеси Алтын уулун дарылатууга “Ала-Тоо” аквапаркынын жетекчилиги да жардам берсе дейт:
– Фархад экинчи балам. Буга чейин бир да ооруп көргөн эмес. Түрк лицейин бүтүрүп, жогорку окуу жайда сырттан окуп, өзү ачкан бизнеси менен алек болуп жүрчү. Ошол каргашалуу күнү уулум горкадан түшүп жатып омурткасынан жаракат алган. Уулума белгилүү дарыгер Сабырбек Жумабеков операция жасады. Операция оор болду, уулум 10 күн жандандыруу бөлүмүндө жатты. Ал убакта мен “Ала-Тоо” аквапаркынын администрациясына телефон чалып окуя тууралуу айткам, бирок эч кимиси абалыбызды сурап да койгон жок. Экинчи ирет операция жасалганда гана аквапарктын жетекчилиги 1 жарым миң доллар берди. Аларга “баламдын келечеги бүдөмүк, айыгып кеткиче ден соолугуна каралашып турасыңар” дегем. Бирок андан кийин алардан жооп болгон жок. Уулум өзү заара кыла албайт, заарасын аппараттын жардамы менен чыгарабыз. Бармагына кашыкты ороп берип коём, өзү тамак ичет. 2 күндө бир клизма жасайбыз. Баламдын бул абалын көрүп отуруп жаным кейийт (ыйлап)...
Ооруканадан тышкары санаторийлерге алып барып дарылатып турабыз. Кыймылдай албаган соң иммунитети да түшүп кеткен, дайыма дары-дармек, витамин алып берип турабыз. Уулума 3 жолу оор операция жасалды. Балам басып кетсе болду эле, башкасынын баарына көз жумат элем. Дарыгерлер “күткүлө” дейт, күтүп эле жатабыз, жыйынтык жок. Мындай ооруну Кытайда, Кореяда айыктыруу мүмкүнчүлүгү бар экен. Кореяга жиберген катыбызга жакында жооп келди. Уулумду текшерүү 10 күнгө созулат экен, текшерген соң гана айыктыруу тууралуу сүйлөшөрүн айтышыптыр. Барып текшерилгенге эле Фархадга 10 миң доллар керек экен. Өзү жалгыз бара алмак беле, уулум менен кошо барышым керек. Ошого бир аз жеңилдиктер болобу деп Саламаттыкты сактоо министрлигине да кайрылдык. Министрдин өзүнө кире албай жатабыз. Квота берилип калса жакшы болмок.
Угушубузга караганда, дал ушундай оору менен ооруган бир жигит Түркияга барып операция жасатып келиптир, азыр бутун бир-эки шилтеп калыптыр. Түркияга алып барып дарылатууга макул болдук, бирок быйылкы жылкыга квота бүтүп калыптыр. “Кийинки жылга барып дарылатуу үчүн кезекке туруп койгула” дешти. Ал деле качан берилерин билбейбиз.
“Ала-Тоо” аквапаркынын кожоюндарына, администрациясына койгон талабым – уулум айыгып кеткиче дарыланышына жардам беришсин. Жашоого, өмүргө тоё элек кезинде уулум минтип жатып калды. Ошол убакта аквапаркта инструктор да жок болгон экен, уулумдун жанындагы тууганыбыз суудан алып чыгып медпунктка жеткирип, анан “Тез жардам” алып кеткен. Бассейн тайыз болгон экен, “суу курсагыбыздан келчү” дешти балдар. Ошол учурда Фархад менен чуркап жүрүп эч бирибиз сүрөткө деле тартып калбаптырбыз. Кийин аквапарк өрттөнүп кетип, кайра курулду деп уктук. Демек, ал жердеги техникалык талаптарга жооп бербеген жерлерди оңдоп коюштубу деген ойлор келет. Мен доомат кылып жамандагым деле келбейт, бирок ал мекеме деле уулумдун айыгып кеткенине жардам берсе дейм.

“ЭРЕЖЕ САКТАБАЙ ГОРКАДАН БАШЫ МЕНЕН ТҮШҮП КЕТКЕН”
Аталган аквапаркка барып, ошол убакта администратор болуп иштеген Асылбек Осмоналиевге жолугуп, төмөнкүдөй жооп алдык:
– Мен ошол күнү нөөмөттө болчумун. Фархад ошол күнү туугандары менен саат 11лер чамасында аквапаркка келген. Кырсык 18:15тер чамасында болгон. Өзүңүздөр көргөндөй, аквапарктын кассасынан баштап ичине чейин эмнелерге тыюу салынган, сууга кантип туура түшүү керек деген эскертмелер илинген. Аттракциондор бар, ал жигит ошол горканын экинчи кабатынан башы менен сууга түшкөн. Баш менен түшүүгө болбойт деген белгилер горканын жанында илинип турган, эрежеге баш ийбей башы менен түшкөн. Жабырлануучунун энеси ал жерде эч ким болбогонун айтууда. Ал жигитти суудан биздин куткаруучу Фархаддын тууганы менен биргеликте алып чыккан. Ошол күнкү видео сакталуу турат, ошол жерден деле көрсөңөр болот.
Биздин аквапарк дүйнөлүк стандартка туураланып көп текшерилүүдөн өтүп туруп курулган. Тереңдиги 1 метр 20 сантиметр. Бул дүйнөлүк норма. Андан терең болсо кичине балдар чөгүп кетиши мүмкүн, ал эми чоң кишилер буту менен түшсө эч кандай коркунуч жок. Коопсуздук эске алынган. Окуя болгондо эле бул тууралуу жетекчиликке айтылган. Алар да оорукананын жетекчилери менен сүйлөшүп жардам берип жатышты. Администрация тарабынан материалдык жардам берилди. Бул коркуп же башка үчүн эмес, жаш жигиттин кырсыктап калгандан улам адамгерчилик кылып чогултуп бергенбиз.
Өрттөлүп кеткенден кийин деле мурунку менен кийинки курулгандын эч кандай айырмасы жок. Дал ошондой бойдон калды. Горка, бассейндин узун-туурасы, көлөмү, бийиктиги, баары мурункудай. Болгону жаңысын орноттук.



Нуржамал Жийдебаева
koom@super.kg

 Кыстарылган видео 
"Оюндан от чыкты". Аквапарктан кырсыктап майып болгон жигиттин тагдыры
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (8)
madina.87
2018-01-30 10:43:13
Кырсык экен.Аман эсен айыгып кетсин.Аллах куч бер ушул балага!
Бирок аквапаркты деле куноолой берген болбойтда.Акыл эстуу жигит озу секирсе,аларда эмне куноо?!
+15
Aikan1966
2018-01-30 12:48:43
Аквапаркты да куноосу бар ,баары эле эреже боюнча тушууго жана окуп карабай жаш балдар тушушот,ал жерде созсуз бир адам козомолдо туруу керек жана чогуп кеткендерге бироо туруп куткаруу керек.Акчасын ошончо ашыгы менен толоп жатпайбызбы аларга ишенип балдардын оздорун жонотуп коюп,дагы кичине соопчулук учун жардам берип коюшса жакшы болмок
-4
raikakyz
2018-01-30 12:53:11
Аллах шыпаасын берсин,жигит жакшы болуп кетсин ылайым.Аквапарктын администрациясы 1.500 доллар берди деп жатат го эже,жакшы беришиптир эми кайра кайра бере беришпесе керек менимче. Оорудан айыктыруучу жалгыз Аллах!
+10
ayluu_tun
2018-01-30 13:50:32
Буюрса айыгып кетээр, бирок ушундай шайтандын азгырыгындай болгон парк сарктары жок эле тынч эле журолучу, бассейн деген да баляя болду
+1
Baku88
2018-01-30 20:58:16
Аквапарктын эч кандай күнөөсү жок баардык эрежелер илиниптир күнөө өзүбүздо эрежелерди туура сактабаган түшөт десе ой келди тушобуз бала жаштык кылып өз ден соолугуна зыян келтириптир айыгып кетсин апасына сабыр берсин
+4
Tyty1990
2018-01-30 22:08:06
Аквапарктын куноосу жок деп ойлойм. Бир жолу мен да кой десе болбой Ошто бассейнге секиргем. Бетим чым деп эле сезбей калгам. Башымдан оозума чейин чымырап дуулдап 15мин отургам. Инструктор нары караганда чыга калгам. Албетте мен озум куноолумун. Ал эми жогорудагы окуя бул кырсык дейт элем. Айыгып кетсин
+5
aman0296
2018-01-31 13:47:04
Дагы жакшы 1 жарым мин доллар бериптир. Ошого да шугур кылыш керек. Бербей койсо кантмек эленер? Озу башы менен тушкон турбайбы
+3
Shahrizaada
2018-02-02 12:18:30
Аквапаркта куноо жок менимче
0
№ 795, 26-январь -1-февраль, 2018-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан