386 МИЛЛИОН ДОЛЛАРГА ЖАҢЫЛАНГАН ЖЭБ

Бишкектеги Жылуулук электр борбору (ЖЭБ) 2014-2017-жылдары Кытайдан кредитке алынган 386 миллион долларга жаңыланган. Максат – ЖЭБдин кубаттуулугун күчөтүү, аны жергиликтүү көмүр менен иштетүүгө ылайыкташтыруу эле. 2017-жылы августта жаңыланып бүткөн ЖЭБ биринчи кышта эле суукка туруштук бере албай, Бишкек шаары жылуулуксуз калды. 386 миллион доллар ЖЭБдин 30 пайызын гана жаңылоого жумшалган деп, авария борбордун жаңыланбаган, эски бөлүгүндө орун алганы айтылды. Карызга алынган 386 миллион доллар эмнелерге жумшалган, ЖЭБдеги авария, кыш чилдеде элди суукка тоңдурганы үчүн ким жоопко тартылат? Кеп ушул маселелер жөнүндө.

ЖЭБди ЖАҢЫЛОО ТАРЫХЫ
Бишкектеги Жылуулук электр борбору (ЖЭБ) 1961-жылы курулуп, буга чейин майда оңдоп-түзөө иштери жүрүп турган. Аны модернизациялоо керек деген маселе 2012-жылы Өмүрбек Бабанов премьер болуп турганда көтөрүлгөн. Модернизациялоо боюнча иш аткаруучу Кытайдын ТВЕА компаниясы тендерсиз тандалып, долбоор 386 миллион долларга бааланган. Ал эми ЖЭБди модернизациялоо боюнча тажрыйбасы бар кытайлык СМЕС компаниясы долбоорду ТВЕА`дан 30 миллион долларга арзан,
356 миллион долларга баалап, бирок Кыргыз тарап андан баш тартып койгон.
386 миллион доллар каражатты Кытай өлкөсү Кыргыз тарапка «Эксимбанк» аркылуу насыяга берген. ТВЕА менен келишим түзүүгө бир топ депутаттар, саясатчылар каршы чыгышкан, бирок Осмонбек Артыкбаев башында турган Энергетика жана өнөр жай министрлиги «Кытай бизге жеңилдиктер аркылуу насыя берүүдө аткаруучу катары ТВЕА`ны сунуштап жатат, баш тартсак насыя берилбей калат» деп ТВЕА`нын кызыкчылыгын жактап туруп алган. Аталган ири долбоор 2014-2017-жылдары ишке ашкан.

МОДЕРНИЗАЦИЯДАН КИЙИН ЭМНЕЛЕР ӨЗГӨРДҮ?
Бишкек ЖЭБи шаардагы 120 миң 947 үйдү жылуулук менен камсыздайт. Модернизациялоо долбоору башталып жатканда Энергетика жана өнөр жай министрлиги ЖЭБге 150 мегаваттык 2 турбоагрегат, жергиликтүү көмүрдү жагууга ылайыкташкан жогорку басымдагы 2 от казан ишке киргизилерин айтышкан. «Жылуулук борбору жылына 1 миллиард киловатт-саат электр энергиясын өндүрсө, модернизациядан кийин кубаттуулугу 1,8 миллиард киловатт-саатка жетет»,- деп билдиришкен өкмөттөн.
386 миллион доллар ЖЭБдеги техникалык блоктун 30 эле пайызына жумшалганы талкуу жаратууда. ЖЭБ жергиликтүү көмүргө өткөрүлөт деген убада жарым-жартылай аткарылган. Бүгүнкү күндө сезонго керектелүүчү 1 миллион тонна көмүрдүн 450 миң тоннасы Казакстандан ташылууда. Коңшулардан алынган көмүрдүн 1 тоннасы жергиликтүү көмүрдөн 500-600 сомго кымбат.

ЖЭБдеги КЕЗЕКТЕШКЕН АВАРИЯЛАР
Өлкөдө 26-29-январда абанын температурасы 30 градуска чейин төмөндөй турганын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги 23-январдан бери эскертип келе жаткан. Ага карабай Бишкектин ЖЭБинде 26-январда маселе жаралып, жылуулук берүү үзгүлтүккө учурап, Бишкектин чыгыш бөлүгү жылуулуксуз калды. Алгач көйгөй бир нече саатта чечилип, жылуулук калыбына келтирилери маалымдалган. Бирок ЖЭБдеги алгачкы авария улам артынан көйгөйлөрдү жаратып жатты. Улуттук энергохолдингдин башчысынын биринчи орун басары Нурлан Садыковдун айтымында, ЖЭБдин модернизацияланбаган бөлүгүндөгү от казанды иштетүүдө көйгөй жаралган. «Биринчи көйгөй 9-агрегаттан башталды. Аны жөнгө салуу үчүн биз насостогу сууну ишке салдык. Ичинде суу толо деп иштеттик эле, көрсө, суу жарым экен. Ушул кадамдан улам жабдыктар иштен чыга баштады»,- деди Садыков. ЖЭБдеги авариянын себептерин атайын өкмөттүк комиссия иликтөөдө. Андан сырткары УКМК жана Каржы полициясы териштирүүдө.
ЖЭБдеги авариядан жылытуу системиндеги суунун температурасы 82 градустан 50 градуска чейин ылдыйлаган. Мындан улам Бишкектин Тунгуч, Аламүдүн, Көк-Жар, Чыгыш-5, Асанбай, Улан, Түштүк-2 жана 5-4-3-6-7-8-10-12-11-кичи райондору, андан сырткары №3-балдар ооруканасы, №1-балдар кургак учук ооруканасы, №4-төрөт үйү жана башка социалдык мекемелер жылуулуксуз калышты. Улуттук госпиталды электр жылыткычтары менен жылытууга мажбур болушту. ЖЭБдеги авария жарандардын электр жылыткычтарды көп колдонуусуна себеп болуп, натыйжада электр энергиясын көп колдонуудан түрдүү авариялар келип чыгып, шаардын айрым бөлүктөрүнө электр энергиясы берилбей, эл суукта жарыксыз калды.

БИШКЕКТИН ЖЫЛУУЛУГУ КЫТАЙЛАРДЫН КОЛУНДА
ЖЭБдин жаңыланган бөлүгүн азыркы тапта Кытай жарандары иштетүүдө. Стратегиялык маанидеги объектти кытайлар башкарып жатканына эл өкүлдөрү нааразы. ЖЭБди модернизациялоону башкаруу тобунун аткаруучу директору Темирлан Бримкуловдун айтымында, кытайлар 1 жылдан кийин ЖЭБден чыгып кетишет.
– «Электр станциялары» ААКсы 2014-жылы Кытайдын «Эксимбанкынан» ЖЭБди модернизациялоого 386 миллион долларлык насыя алган. Ал 20 жылга берилген. Учурда 386 миллион доллар толук сарпталган. Келишим боюнча, насыянын өзүн 11 жылдан кийин төлөй баштайбыз. Азыр насыянын 2 пайыздык үстөгүн төгүп жатабыз. ЖЭБдеги жаңыланган бөлүктү кытайлык адистер өздөрү иштетүүдө, 1 жылдан кийин бизге тапшырып кетишет.
ЖЭБдеги авариядан 5 күн өтүп, жылуулук калыбына келе баштады. Улуттук энергохолдинг 30-январда модернизацияланган бөлүктөгү 2-блок ишке киргизилгенин билдирди. Мындан кийин 150 мегаваттык 2-блоктун жардамы менен суунун температурасы 60 градустан 70 градуска чейин көтөрүлдү.

ЭМНЕ ҮЧҮН 2-БЛОК 4 КҮНДӨН КИЙИН ИШКЕ КИРГИЗИЛДИ?
ЖЭБдеги авария учурунда модернизациядан өткөрүлгөн бөлүктүн 1 эле блогу иштеп жаткан. Мекеменин башкы инженери авариядан кийин жылуулукту калыбына келтирүү үчүн 2-блок эмнеге ишке киргизилбегендигин түшүндүрүп бере алган жок. Ал болгону аны иштетүүгө 10 саат убакыт кетерин, ал эми эски блокко болсо 3 саат гана талап кылынарын себеп катары көрсөттү. Премьер-министр Сапар Исаков бул суроо аны да ойлонтуп жатканын айтты. Улуттук энергохолдингден билдиришинче, 2-блок буга чейин сыноодон өткөрүлгөн. Ашыкча чыгым кылбоо максатында иштетилбей турган. Авариядан кийин анын ишке киргизилбегенине суунун жетишсиздиги себеп болду дешти. Ошентип авариядан 4 күндөн кийин гана 2-блок иштетилди.

КИМ ЖООПКО ТАРТЫЛАТ?
Чилдеде суукта калган шаардыктар күнөөлүүлөрдүн жазаланышын талап кылышууда. ЖЭБдеги кырдаалды президент Сооронбай Жээнбеков премьер-министр Сапар Исаков менен талкуулап, «күнөөлүүлөр жоопкерчиликке тартылсын» деди. Сапар Исаков «Электр станциялары» ишканасынын башчысынын орун басары Бердибек Боркоевди жана Бишкек ЖЭБинин башчысы Нурлан Өмүркул уулун кызматтан алууну чечти. Башкы прокуратура ЖЭБдеги авария боюнча «шалаакылык» беренеси менен кылмыш ишин козгоду. Алдын ала корутундуга ылайык, Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу боюнча мамлекеттик комитети, Улуттук энергохолдинг компаниясы, "Электр станциялары" жана башка тийиштүү мекемелердин кызмат адамдары кышка даярдануу боюнча берилген тапшырмаларды так аткарбаган деп табылды. Иликтөөнүн натыйжасында жумушунда шалаакылык кетирген кызматкер жоопко тартылат деп өкмөт убада берди. ЖЭБди жаңылоо ишинде кетирилген кемчиликтер, жолго салынбаган иштер үчүн учурда Сапар Исаковдон мурдагы өкмөт башчыларынын жоопкерчилиги жөнүндө да сөз болууда. 386 миллион доллар максаттуу жумшалдыбы-жокпу деген суроону да андан мурдагы премьерлерге, энергетика тармагынын башында турган чиновниктерге берүү керек болот. Себеби ТВЕА 2 жыл мурун Тажикстанда 349 миллион долларга электр энергиясын өндүрүүчү жаңы ЖЭБ курган. Биз болсо 386 миллион долларды ЖЭБдин 30 пайызына эле чаптадык.
Жогорку Кеңештин 31-январдагы жыйынында Исаков ЖЭБдеги авария боюнча парламентте маалымат берип, атайын комиссия түзүлөрүн, комиссиянын ишинин жыйынтыгы менен тийиштүү чечимдер кабыл алынарын билдирди. 386 миллион доллар кандай жумшалганын да иликтөө керектигин айтты. Исаков ЖЭБдеги көйгөйдөн улам Улуттук энергохолдингдин башчысы Айбек Калиев отставкага кетүүгө арыз жазганын, бирок ага кол койбогонун кошумчалады.
Башынан эле ЖЭБдин жаңыланган бөлүгүндөгү 2 блокту тең иштетсе болбойт беле, эмнеге запаста суу толо болгон эмес, насостордун кышкы сезонго даяр болбогонуна ким жооп берет? 386 миллион доллар эмнелерге жумшалган? ЖЭБдеги авария боюнча атайын комиссия түзүлдү. Алар жогорудагы суроолорго жооп табат деген үмүттөбүз...

386 миллион долларга ЖЭБдин 30 пайызы гана жаңыланган.
ЖЭБдин эски бөлүгүндө сынып, талкаланган айнектер оңдолбогонунан ичиндеги жабдыктар тоңуп калган.


Бектур Токтоноев
koom@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (2)
Nanei
2018-02-06 09:56:52
380млн.долларга бир шаарды модернизациялап койсо болотко.
0
dina1223
2018-02-08 02:23:26
Биз адам болбой калат окшойбуз,!жаман кекиртегибиздин айынан,омур бою талаалап....
0
№ 796, 2-8-февраль 2018-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан