Оорукчан апа: «ЧЫДАБАЙ КАЛГАНДА УУЛУМ «АПА, КАЙЫР СУРАЙЛЫЧЫ» ДЕДИ. МАКУЛ БОЛСОМ ТИРҮҮ КАЛМАК БЕЛЕ...»

Жакын адамын жоготуу бүт дүйнөнү жоготуу менен барабар. Дарысына акча таба албай 17 жаштагы уулунан айрылган Зуура айымдын ушуга чейин ыйы азая элек. Каарманыбыздын экинчи уулунун да жүрөгү оорукчан. Өзү да дарысыз жашай албай калган Зуура айым аянычтуу тагдыры менен бөлүштү.

«3 БАЛА МЕНЕН ЖЕСИР КАЛГАМ»
– Жолдошум Шайырбек Ооган согушунун катышуучусу болчу, ал 2008-жылы жарык дүйнө менен коштошкон. Айылга кеткен болчу, жаткан бойдон турбай калыптыр. Жүрөгү ооруп жүрчү. Ошентип 3 бала менен жесир калдым. Башында базарда соода-сатык менен алек болчумун, кийин астма оорусуна кабылып, дары менен эле жашап калдым. Кызым турмушка чыккан, улуу балам Айбек эмне жумуш табылып калса, ошону иштейт. Кичүү балам Нурбек (ыйлап)...
Кичүү уулум Нурбек каза болгондон бери жашап же жашабай жүргөнүмдү деле билбейм. Күн деле кантип өтүп жатат, билбейм. Улуу балам мен өлүп калсам таптакыр жалгыз калабы деп коркуп эле жанымды бекем тиштеп жашап жүрөм. Күйөөм каза болгондон кийин жашоого каражат такыр жеткире албадым. Ал убакта балдарым кичине болчу, мектеп жашында эле, тапканым арзан батирлерге төлөгөнгө жетчү. 2-3 миң сом төлөп жашаган батирлер кандай болмок эле, асты сыз, кышкысын суук. От жаксаң деле жылыбайт. Анан да ээлери ак сарайын берип жатышкансып кекетип-мокотуп, батирде жашагандарды адам катары көрбөгөндөрдү көрдүм.

«ООРУСУН КҮЧӨТҮП АЛДЫК»
– Ошентип күн өткөрүп жүрүп Нурбек 10 жашында 2 өпкөсүнө тең суук тийгизип алды. Дарыланып жакшы эле айыгып чыккан. Кийин деле ошондой шарты жок батирлерде жашап жүрүп оорусун күчөтүп алдык. Уулум 15 жашында кайра ооруп калды. Жаткан жеринде деле, турган жеринде деле окшуп эле кан кусуп жиберчү. Жанына дайыма баштык алып жүрчү. Дарыгерлер оорусун өпкөнүн өнөкөт поликистозу дешти. 3 жолу кан куюлду. Бул дарт өпкө менен кошо бүтүндөй организмди жабыркатат экен. Ашказан, боор, бөйрөктү кошо талкалайт турбайбы. Кийин бөйрөгү да ооруп, текшертсек дарыгерлер гломерулонефрит деген диагноз коюшту. 2 дарт тооруп балам өтө эле алсыз болуп кетти. Жүгүрүп иштеп жүрүп тапканым тамак-ашка, батир акысына, анан уулумдун канын алмаштырганга араң жетип жатты. Комплекстүү дарылатканга эч эле алым жетпеди. Эмне кыларымды билбей мечитке да барып жардам сурасам, 800 сом беришти. Саламаттыкты сактоо министрлигине кайрылсам, таптакыр эле көңүл бурбай коюшту. Көп жерлерге жардам сурап барып жаман сөздөрдү да угуп жүрдүм.

«УУЛУҢУЗДУ АЗЫР ЭЧ БИР ДАРЫГЕР КАБЫЛ АЛБАЙТ ДЕП КОЮШТУ»
– Туугандардан карыз сурадым. Бербесе бербей тургандарын айтып коюшса, үмүт кылып отурбай башка арга издемекмин да. «Мына берем», «эртең берем» деп жалдыратып туруп бербей коюшту. Алардын кечеңдетип жатканын байкаган балам «Апа, алардан үмүтүңдү үз. Мен өзүм эле кайыр сурайм. Жыгылып кетпейин, болгону сен мени алыстан карап тур» деп айтты. Мен такыр болбой койдум. Ким эле оорукчан уулу кайырчылык кылып жатканын жүрөгү чыдап карап турмак. Өзүм деле кайырчылык кылайын деп такыр чыга албай койдум.
Уулум 2017-жылы 10-сентябрда каза болду. Акчам жок баары бир дары сайбагандыктан, ооруканада көзүн жалдыратып жата бергиче деп андан бир күн мурун үйгө чыгарып келгем. Түнү менен аябай кыйналып чыкты, эртең менен «Тез жардам» чакырсам 2 дарыгер жигит келди. Алар «Эже, уулуңуздун абалы өтө эле оор. Алып барганыбызда деле бир да дарыгер албайт. Кыйнабай эле коёлу» дешти. Ошол сөздү угуп нес болуп калыптырмын. Ошондон көп өтпөй эле уулум кете берди. Балким, кайыр сурап каражат тапсак, уулум тирүү калат беле (ыйлап).
Учурда тирүүнүн өлүгүмүн. Үйдөн деле чыкпайм, тоокканадай болгон батирде жашайбыз. Улуу баламдын да жүрөгү ооруп, буттары шишип кетет. Аны деле толук дарылатканга каражат жок. Ооруса 2 күн укол алып эле «апа, иштебесем болбойт» деп жумушуна чыгат. Акча жоктун айынан кичүүсүн жоготтум, эми улуусун жоготуп албайын деп коркуп кетем.

Нуржамал Жийдебаева
koom@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (23)
salimbek87.kg
2018-02-06 09:39:56
Эх дүйнөдө эч бир апа сыздабаса экен окуп көзүмө жаш тегеренди колумда акчам болгондо муктаждарга жардам берет элем .Кайрымдуу адамдар көп болсо экен Муктаж адам аз болсо экен.Сабыр кылыңыз Апа Аллах сизге жана балдарыңызга ден соолук узун өмүр берсин.
+37
Jumanazar.97
2018-02-06 14:09:00
salimbek87.kg, мындай сөз барго: " мен сага 10 сом бердим, ал 20 сом берди. Сен ойлодуң аны мага караганда берешен экен деп. Бирок менде болгону 10 сом бар болчу, а анда 200 сом " деген. Мен бай болгонумд, акчам көп болгондо дегенге караганда колунан келишинче берген жана бергенге аракет кылган жакшыраак
+24
batyrovaferdaus
2018-02-13 09:48:32
Jumanazar.97,туура айтасыз
0
ararat...
2018-02-06 10:22:12
Кайрымдуулук фондторго кайрылып корсо болмок эже. Кичинеден болсо да жардам болоор.
+5
brunette
2018-02-06 11:29:45
Эххх Аллахым озу шыпаа берсин сиздерге
+8
taalay25
2018-02-06 12:02:24
Мен Москвага жонор алдында жума намазга бардым Энесайдагы мечитке. Намаз башталар алдында имам айтты
-Бир жаш оспурум кызын жетелеп бир келин турат. Кызына операциясына акча керек экен. Конулуздон чыккан каражатты таштап отунуздор-деди. Намаз буткондон кийин имам менен суйлошуп акырында чыктым. Жана айткан келинге акча таштап кетейин деп барсам кудайдын кулагы суйунсон кармаган коробкасында 500,200, 100 сомдук купюрларга толуп калыптыр. Кудайдан жардам сураныз эже.
+23
aiza16
2018-02-06 17:50:00
taalay25,туура айтасыз. Жардам сурагандан тартынбоо керек. Биздей узакта жашагандарга элсом же счет ачтырып койсо колдон келишинче жардам бермекпиз. Мен озум да 2топтогу майыпмын. Ооруган, акчанын тартыштыгы кандай болорун жакшы билем
+7
Guli.89
2018-02-06 14:41:16
Аллахым баланызга шыпаасын берсин..супер инфо эженин номерин болсо бериниздер...азыраак болсо да жардам бергим келет
+8
admin_media
2018-02-06 15:29:27
Guli.89,
Саламатсызбы! Байланыш номери: 0777 59 22 18 (Зуура апа)
+5
Guli.89
2018-02-06 19:10:16
admin_media,рахмеет
+1
Nuura
2018-02-09 03:12:03
admin_media,
Саламатсызбы толук аты жонун жазып коё аласызбы?
0
admin_media
2018-02-09 10:24:51
Nuura,
Саламатсызбы! Көрсөтүлгөн номерге чалыңыз.
+1
Paprikafm
2018-02-06 18:48:41
Ушундайларды окусам журогум ооруйт, кудайым жардам берсин,
+10
Lion.
2018-02-07 03:25:48
Биз жакта да бир үй-бүлө 7 жаштагы баласынан айрылып калган жокчулуктун айынан
0
Azaika.t.b
2018-02-07 09:07:44
Жанагы жоо жургондон уялган депутаттарга наалат ушундайларга бир карап койбогон
+18
Paol
2018-02-07 22:26:04
Azaika.t.b,алар шапкесин баса кийип отуп кетет озу айткандай иий ии кайсы арына ошентип айтты десен
+14
taalay25
2018-02-09 13:27:22
Azaika.t.b,ал депутат убагында Беш сарынын тегерегинде коробкага кийим салып которуп саткан боюнда бар келинди ичке тепкен эргул! Ошо кантип жардам берсин
+4
stal.ks
2018-02-07 16:32:36
0777 59 22 18 эл сому бар экен
колдон келишинче жардам кылалы
+4
sher.
2018-02-08 11:17:22
Жанагы саат алабыз белекке дегендер саат албай эле ушундай муктаж уй булоолорго жардам берсе болмок.
+8
Baiana
2018-02-09 13:53:52
Азиза Абдурасулова эжекебиз кайда жүрдү болдукен, ушуга окшогон жардамга муктаж энелерге карабай?
+4
aliya-leyla
2018-02-11 15:38:37
Baiana,ошону айтсан. Укук бузулуп атат бул жерде да.
0
tolgonayka95
2018-02-11 14:47:08
Ушуга окшош жардамга муктаж адамдарга неге жардам бербейт чондор каякты эле карап олтурушат билбейсин
0
umar.kgz
2018-02-13 01:19:36
окунучтуу.апага кайрат берсин
0
№ 796, 2-8-февраль 2018-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан